«Кумтөр» кен ишканасынын кызматкерлери аркарды сактап калышты

«Кумтөр» кен ишканасынын кызматкерлери аркарды сактап калышты

Жарыяланган: 05 June 2012

«Кумтөр» кен ишканасынын кызматкерлери аркарды сактап калыштыМайдын аягында компаниянын кызматкерлери «Кумтөр» кен ишканасынын турак-жай лагеринен алыс эмес жерден аркарды таап алышкан, анын абалы оор экен. Үйүрүнөн ажыраган жаш ургаачы аркар аз жерден карышкырларга жем болуп кала таштаган. Жаракат алган ал адамдардын жардамына муктаж болгон.

Жабыркаган аркар бир нече күн компаниянын медиктеринин байкоосу астында болду. Кызматкерлер бул жароокер жана боорукер аркарды аман алып калышты.

Аркар дагы да кароого жана кесипкөй адамдардын жардамына муктаж экендигинен улам компаниянын кызматкерлери тараптан жаныбарды Каракол шаарынын зоопаркына берүү чечими кабыл алынды.

2012-жылдын 4-июнунда, Кызыл китепке кирген бул жаныбардын абалы канааттандыраарлык деп табылган соў, экологдор аны зоопаркка жеткиришти. Эми аркардын ден соолугунун абалына Жапайы жаныбарлардын коргоо борборунун адистери кам көрмөкчү. Белгилүү болгондой, аркарлар эрксиздикке жана зоопаркта багууга көнүп кетишет.