Cоциалдык Жоопкерчилик

Cоциалдык Жоопкерчилик

– «Кумтөр» аймакты өнүктүрүүгө салым кошобу?

– «Кумтөр Голд Компанинин» башкы приоритеттеринин бири – ишмердүүлүгүн жүргүзгөн аймакты толук өнүктүрүүгө салым кошуу. Компания көп жылдан бери жергиликтүү коомчулуктарга ишенимдүү өнөктөш болууга бар күчүн жумшап келет. Биздин конструктивдик кызматташтык – Компаниянын ийгиликтүү ишмердигинин өбөлгөсү. Аймакта өз программаларын жүзөгө ашырууда Компания төмөнкү төрт багыттагы Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүү стратегиясын бекем карманат:

  • Айыл чарбасын өнүктүрүү;
  • Кичи жана орто бизнестин түрдүүлүгүнө жана өнүгүшүнө көмөктөшүү;
  • Облус жаштары менен өз ара аракеттешүү жана билим берүү демилгелерин колдоо;
  • Экология.

– “Кумтөрдөн” жардам сурап кайрылууга болобу?

– Туруктуу өнүктүрүү боюнча программалардан тышкары, биз адатта жабдуулар жана кызматтар түрүндө бир жолку дотацияларды беребиз. Жардам көрсөтүү өтүнүчтөрү өлкөнүн бардык аймактарынан келет. Биздин демөөрчүлүк боюнча комитет ай сайын өтүнүчтөр менен сунуштарды карап, төмөнкү шарттарга жооп бергендери канааттандырылышы мүмкүн:

  • Жергиликтүү жамааттардын уюмдары же топтору болушу абзел (жеке адам же ишкана эмес);
  • Транспорттук жана медициналык тейлөө чыгымдарын каржылоо өтүнүчү болбошу абзел;
  • Жеке бизнести каржылоо өтүнүчү болбошу абзел;
  • Диний жана саясий максаттарды каржылоо өтүнүчү болбошу абзел;
  • Өкмөт менен байланышкан чыгымдарды каржылоо өтүнүчү болбошу шарт.

– Компания Ысык-Көл облусун Өнүктүрүү Фондуна которгон акчалар кандайча жумшалат?

– Биргелешкен ишмердүүлүк жөнүндө макулдашуунун жоболоруна ылайык, «Кумтөр» дүң кирешеден бир пайызды Ысык-Көл облусун өнүктүрүү Фондуна которот. Бул Фонд жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн байкоочу кеңеш тарабынан «Кумтөр» компаниясынан көз карандысыз башкарылат. Фонд жергиликтүү жана регионалдык жетекчиликтин приоритеттерине ылайык, Ысык-Көл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн түзүлгөн. «Кумтөр» иштеген жалпы мөөнөт ичиндеги Ысык-Көл облусун өнүктүрүү Фондуна которулган каражаттын көлөмү тууралуу маалыматты бул жерден тапса болот.

СУРОО-ЖООПТОРГО КАЙТУУ