«Кумтөр» компаниясы Ысык-Көл облусунда туруктуу кийим тигүүчү чакан цехтерди ачуу аркылуу жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүүдө

«Кумтөр» компаниясы Ысык-Көл облусунда туруктуу кийим тигүүчү чакан цехтерди ачуу аркылуу жумуш орундарын түзүүгө көмөктөшүүдө

Жарыяланган: 06 August 2020

«Кумтор Голд Компани» ЖАК «Аймактагы туруктуу кийим тигүүчү чакан цехтерди уюштуруу жана өнүктүрүү аркылуу жумушчу орундарды түзүү» долбоорун ишке ашырууну колдоого алды. Долбоорду ишке ашыруучу – «Инсан мууну» коомдук фонду. Долбоордун бюджети 118,000 АКШ долларын түзөт.

Долбоордун максаты – Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда дүңүнөн кийим тигүүнүн сапаттуу кызматтарын көрсөтө ала турган 3төн 5ке чейинки адистешкен тигүүчү чакан өндүрүштөрдү түзүү аркылуу аймактагы аялдарды жана жаштарды 50дөн 100гө чейинки жаңы жумуш орду менен камсыздоо.

Максаттуу топ болуп Жети-Өгүз районунда жашаган 18 жаштан 50 жашка чейинки курактагы аялдар (чакан цехтердин жетекчилери) жана 35 жашка чейинки жаштар (тигүүчүлөр) эсептелет. Бенефициарлар туруктуу жумушка жана айына 15 000ден 25 000 сомго чейинки кирешеге ээ болот. Ошентип, аталган тигүү цехтерин ачуу жергиликтүү жамааттардын, чакан бизнестин жана жумуш орундарын түзүүдө чоң салым болуп эсептелет.

Ушундай туруктуу демилгелерге колдоо көрсөтүү – компания өзүнүн  операциялык ишмердигин жүргүзгөн аймактагы социалдык инвестициялардын негизги багыттарынын бири.