«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК («КГК») Ысык-Көл облусунда катталган мекемелерди чоң жүк ташуучу техникасынын (экскаваторлор, бульдозерлер жана грейдерлер) асылма жабдууларын жана компоненттерин калыбына келтирүү боюнча кызматташууга чакырат

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК («КГК») Ысык-Көл облусунда катталган мекемелерди чоң жүк ташуучу техникасынын (экскаваторлор, бульдозерлер жана грейдерлер) асылма жабдууларын жана компоненттерин калыбына келтирүү боюнча кызматташууга чакырат

Жарыяланган: 06 December 2019

Кабыл алуу жабык
ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА  

 Тɵмɵнкү кызматтарды кɵрсɵтүү/жумуштарды аткаруу боюнча:

Экскаваторлордун, бульдозерлердин жана грейдерлердин асма шаймандарын оңдоп-түзɵɵ

 Тапшырык ээси: Кумтөр Голд Компани

Кызмат кɵрсɵтүү/жумуштарды аткаруу жайы:               

Ысык-Кɵл облусу (Каракол, Балыкчы шаарларындагы, Жети-Өгүз жана Тоң районундагы ишканаларга артыкчылык берилет)

 Кызматтардын/жумуштардын максаты:                                                     

КГКнын муктаждыгына жана талабына ылайык, ири кɵлɵмдүү техниканын асма шаймандарын жана компоненттерин оңдоо иштерин, тɵмɵнкү иштер менен бирге бирок ага чектелбестен аткаруу:

  • Электр жана газ менен ширетүү иштери;
  • Футеровкаларды монтаждоо.

 Жумуштун ɵзгɵчɵ шарттары:

  • Жумуштарды аткаруу үчүн шарттарды камсыздоого байланыштуу бардык чыгымдарды бɵдрɵтчү ɵз мойнуна алат (ЖКК, электр энергия, суу менен камсыз кылуу жана б.у.с.);
  • Бɵдрɵтчү жумуш жүргүзүү долбоорун (ЖЖД) ɵзү иштеп чыгып, анда коопсуздук техникасынын нормалары менен эрежелерин камтып, аны КГКнын Техникалык тейлɵɵ бɵлүмү менен макулдашат;
  • Жумуштар дефектовка актысынын жана бɵдрɵтчү тарабынан берилген баалардын негизинде аткарылат;
  • Тапшырык ээси жумуштарды аткаруу үчүн негизги ширетүүчү жабдууларды колдонууга берет;
  • КГК менен макулдашылган дефектовка актысынын негизинде тапшырык ээси сарпбɵлүктɵр менен камсыздайт (металл, электрод, техникалык газ жана ж.б.);
  • Ширетип оңдоо иштерин бүтүргɵн соң бɵдрɵтчү тапшырык ээсине сарпталган каражаттардын тизмесин толук түшүндүрмɵ жана сүрɵт баяндоосу менен чогуу берет;
  • Жумуштар аткарылган иштердин актысынын негизинде кабыл алынат;

 Аткарылуучу кызматтар/жумуштардын талаптары:

  • Жумуштарды аткаруу үчүн ɵзүнүн же арендаланган орунжайдын болуусу;
  • Газ менен ширетүү иштерин аткарууга уруксат кагаздарынын бар болуусу;
  • КР эрежелеринин жана нормаларынын талаптарына ылайык окуп жана тастыкталган персоналдын болуусу;
  • Шаймандарды, каражаттарды жана конструкциялык элементтерди жүктɵп түшүрүү үчүн орунжайларда жүк кɵтɵрүүчү шаймандардын болуусу.

 Кызмат кɵрсɵтүү/жумуш аткаруу убактылары:

Жумуштардын аткаруу сапатын эске алуу менен келишим түзүлгɵндɵн тартып, тараптар макулдашылган убакытка чейин.

Өзгɵчɵ шарттар:

  1. Кызмат көрсөтүүчү ишкана ɵзүнүн жумушчулары үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүүсү абзел. Жумуштарды аткарып жатканда бɵдрɵтчү коопсуздук эрежелерин сактоосу керек.
  2. Кызмат көрсөтүүчү ишкана бардык жумушчулары коопсуздук техника эрежелери боюнча курстарды жана бардык керектүү инструктаждарды ɵтүшү керек.
  3. Кызмат көрсөтүүчү ишкана ɵзүнүн жумушчуларын керек болгон ЖКК менен ɵзү камсыздашы керек.
  4. Кызмат көрсөтүүчү ишкана таштандыларды КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык утилизация кылышы керек.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү маалыматты тапшырыш керек:

  • Мекеме жөнүндөгү маалымат (мамлекеттик каттоо, салык каттоосуна тургузуу, устав, уруксаттар жана лицензиялар сыяктуу иш кагаздардын көчүрмөлөрү, аткарылган иштердин кыскача баяндамасы менен өнөктөштөрдүн тизмеси, рекомендациялар, мекеменин негизги жана регионалдык базалары, тажрыйбаларынын кыскача баяндамасы менен жумушчулары жана инженердик-техникалык жумушчулары жөнүндөгү маалымат);
  • Жумуштарды аткаруу үчүн керектүү адам-сааттын баасын жана чыгымдардын сметасын камтыган коммерциялык сунуш;
  • Колдонулган шаймандар жана жабдуулар жөнүндө маалымат (түрү, саны, сүрөттөрү);
  • Катышуучу тарабынан керектүү жана зарыл деп эсептелген кошумча шарттар.

Сунуштарды бекитилген жана «Асылма жабдууларды калыбына келтирүү» деп жазылган конвертте 2019-ж. 20-декабрь күнү саат 17:00 чейин, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24, «Учкун» ААК имараты, 10-кабат дарегине тапшыруу зарыл.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу кабыл алынган коммерциялык сунуштарды (толук же бѳлүктөрүн) кабыл алууга же албоого өзүнүн укугун сактайт. Ошондой эле, талапкерлердин бул конкурска катышуу үчүн кеткен чыгымдарын төлөөгө милдеттенме албагандын бир тараптуу билдирет.