ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО БӨЛҮМҮНҮН УЛУК ГЕОЛОГУ (КУМТӨР КЕНИ)

ГЕОЛОГИЯЛЫК ЧАЛГЫНДОО БӨЛҮМҮНҮН УЛУК ГЕОЛОГУ (КУМТӨР КЕНИ)

Жарыяланган: 15 February 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК 

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Геологиялык чалгындоо бөлүмүнүн улук геологу (Кумтөр кени)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-066 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Өзүнүн жетекчисинин буйруктарын жана тапшырмаларын аткарат жана ээлеген кызматына байланыштуу эмгек милдеттерин аткарат.
  • Геологиялык чалгындоо иштери боюнча долбоорлорду жана пландарды иштеп чыгат.
  • Чалгындоо участокторунда геологиялык чалгындоо иштерине түздөн-түз жетекчилик кылат жана геологиялык чалгындоо иштеринин пландуу көрсөткүчтөрүн өз мөөнөтүндө аткарууну камсыз кылат.
  • Жер казынасын геологиялык изилдөө жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү боюнча методикалык жоболордун, нускамалардын жана талаптардын сакталышын камсыз кылат жана контролдойт.
  • Тиешелүү оперативдүү жана статистикалык отчеттуулукту камсыздап, белгиленген тартипте айлык, кварталдык, жылдык отчетторду түзөт жана берет.
  • КГКнын ченемдерин жана эрежелерин сактайт

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Жогорку билим (геологиялык);
  • Жетекчи, улук, башкы геолог кызматтарында 5 жыл жана андан жогору иш тажрыйба;
  • Кыргыз Республикасынын жер казынасын геологиялык изилдөө, пайдалануу жана коргоо мыйзамдары жана башка ченемдик-укуктук актыларын билүү;
  • Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү принциптери, ыкмалары, эрежелери жана шарттары;
  • Геологиялык чалгындоо иштери боюнча отчеттуулуктун тартиби жана эрежелери;
  • Геология жана тоо-кен ишинде колдонулган Gems, Datamine, AutoCad, Leapfrog Geo сыяктуу атайын адистештирилген программалар;
  • “В” категориясындагы айдоочулук күбөлүк. 

Анкета жана резюмени 2022-жыл 25-февраль саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-066.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.