“ЧОҢ МААЛЫМАТТАР” ТОБУНУН МААЛЫМАТТАР БОЮНЧА УЛУК ИНЖЕНЕРИ

“ЧОҢ МААЛЫМАТТАР” ТОБУНУН МААЛЫМАТТАР БОЮНЧА УЛУК ИНЖЕНЕРИ

Жарыяланган: 05 August 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

“Чоң маалыматтар” тобунун маалыматтар боюнча улук инженери, Изилдөөлөр жана инновациялык иштеп чыгуулар башкармалыгы, Маалыматтык технологиялар дирекциясы (Бишкек кеңсеси)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-089

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Маалымат агымдарын/маалымат объектилерин, булак системаларын, керектөөчү системаларын талдоо;
  • Маалыматтарды NoSQL маалымат кампаларында чогултуу, жүктөө, сактоо үчүн API, сервистерди/микросервистерди долборлоо, иштеп чыгуу;
  • Маалыматтардын сапатын башкаруу, маалыматтарды башкаруу жана контролдоо максатында бизнес-процесстерде, технологиялык процесстерде, маалыматтык системалардын архитектурасында, технологияларында көйгөйлөрдү жана муктаждыктарды талдоо;
  • Өтө маанилүү маалыматтык системалардын, технологиялардын салыштырма анализи жана тандоо;
  • Маалымат системаларын, технологияларды тандоо боюнча пилотторду өткөрүү (маалымат системасын айкын тандоосу белгисиз болгон учурда);
  • Архитектуралык чечимдерди контролдоо жана өнүктүрүү багыты боюнча МТ-долбоорлорунун жетекчилери, иштеп чыгуучулар, тапшырык ээлери менен өз ара аракеттешүү;
  • Компаниянын бөлүмдөрү менен аракеттешүүнү уюштуруу.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Билими: Маалымат технологиялар/программалык камсыздоону долбоорлоо жана иштеп чыгуу/колдонмо математика жана информатика жаатында жогорку техникалык билим;
  • Иш тажрыйбасы:

– колдонмо программалык камсыздоону иштеп чыгуу, маалыматтарды чогултуу жана жүктөө боюнча сервистер, маалымат моделдерин түзүү тармагында 2 жылдан кем эмес тажрыйба (артыкчылык: тоо-кен компанияларындагы тажрыйба);

– маалымат технологиялар чөйрөсүндө жетекчилик кызмат орундарында 2 жылдан кем эмес тажрыйба;

– маалымат технологияларын долборлоо боюнча 2 жылдан кем эмес тажрыйба (программдык камсыздоо, маалыматтар) ;

– МТ долбоорлорун/тапшырмаларын топтун жетекчиси катары башкаруу/МТ долбоорлорунун башчысы/ Чечимдер архитектору / Башкы иштеп чыгуучу катары 2 жылдан кем эмес тажрыйба;

– 2ден кем эмес бизнес – домендерде/ capabilities (финансы, МТ, логистика, тоо-кен тармагында артыкчылыктуу, металлургия) тажрыйба;

– булут технологиялары менен (IAAS, PaaS, SaaS) иш тажрыйба.

  • Атайын көндүмдөрү жана билими:

– маалыматтык технологиялар боюнча мыкты практикалар (COBIT, ITIL, AGILE);

– маалымат системаларынын стандарттары жана долбоорлоо ыкмалары тууралуу жалпы түшүнүгү болуу (объектиге ылайык – Unified Process, Extreme Programming, Agile Modeling; структуралык – SADT, DFD, BPMN, ERD, flowcharts, EPC);

– жогорку деңгээлде программалоо тилдеринин биринде иштеп чыгуулар (Java EE, Python, PHP, C#, JavaScript, C, C++, Objective C, R);

– маалымат базаларын жана реляциондук байланыштарды башкаруу системаларынын түзүлүшү тууралуу жалпы принциптери;

– ANSI SQL, PL/ SQL программалоо тилдери;

– жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.

– бизнес-системаларынын архитектуралык аудитин уюштуруу көндүмдөрү болуу;

– МТ архитектурасы боюнча типтүү документтерди иштеп чыгуу көндүмдөрү болуу.

  • Тилдерди билүү:

– орус тилин – эркин билүү;

– кыргыз тилин билүү – кубатталат;

– англис тилин орто (Upper Intermediate) же жогорку (Advanced) деңгээлде билүү.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 19-август саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-089.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.