Айылдыктарды маркетингдин негиздерине жана жер семирткичтерди туура тандап алууга үйрөтүшөт

Айылдыктарды маркетингдин негиздерине жана жер семирткичтерди туура тандап алууга үйрөтүшөт

Жарыяланган: 26 March 2012

2012-жылдын 29-мартында «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» Барскоон айылындагы Регионалдык маалымат борборунда Жети-Өгүз жана Тоў райондорунун жашоочулары үчүн кезектеги тренинг болот.2012-жылдын 29-мартында «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» Барскоон айылындагы Регионалдык маалымат борборунда Жети-Өгүз жана Тоў райондорунун жашоочулары үчүн кезектеги тренинг болот. Семинар убагында төмөнкү эки теманы кароо пландаштырылууда: «Топурактын агрохимиялык анализи» жана «Продуктынын кошумча наркынын тизмеги».

Баа саясатынын негиздери жана топурактын агрохимиялык анализи боюнча тренингди «Ысык-Көл Маркетинг Кызматтары Борбору» Коомдук Бирикмесинин директору Сулайманов Аскарбек Макаданович өткөрмөкчү.

Семинардын катышуучулары анализ үчүн топуракты кантип алуу жана алынган корутундулардын негизинде кантип жер семирткичти туура тандоо менен тааныша алышмакчы.

Семинардын экинчи бөлүгү айыл чарбасындагы маркетингге арналмакчы. Мисалы тренингдин катышуучулары кошумча нарктын тизмеги эмне экендиги жана сатылуучу продуктынын наркын кантип туура көбөйтүү жөнүндө билишмекчи. Көрсөтмөлүүлүк үчүн Ысык-Көл областынын өз иштеринде кошумча нарктын тизмегин пайдаланышкан ишканаларынын мисалдары келтирилмекчи.

Бул тренинг Ишкер консультацияларды колдоо программасынын (BAS) жакынкы жарым жылга пландаштырылган иш чараларынын бири болуп саналат. Программанын алкактарында адистер жергиликтүү жашоочуларды айыл чарбасындагы жөндөмдүүлүктөргө жана жаўылыктарга окутушмакчы. Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын тренингдери “Кумтөр Оперейтинг Компани” менен бирдикте өткөрүлүп жатат жана региондун экономикалык потенциалын жакшыртууга жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун түзүүгө багытталган.

Алдыдагы семинарлар жөнүндө, ошондой эле аларга катталуу процедурасы жөнүндө кеўири маалыматты “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” Регионалдык маалымат борборунун кызматкерлеринен билүүгө болот. ЕРӨБ тарабынан уюштурулган тренингдерге катышуу, ошондой эле Борбордун бардык кызматтары калкка акысыз берилет.