Борбор Азиядагы Америка университетинде «Кумтɵр Голд Компанинин» колдоосу менен илимий лаборатория ачылды

Борбор Азиядагы Америка университетинде «Кумтɵр Голд Компанинин» колдоосу менен илимий лаборатория ачылды

Жарыяланган: 07 June 2016

2016-жылдын 3-июнунда Борбор Азиядагы Америка университетинде (БААУ) «Экологиялык менеджмент жана туруктуу ɵнүктүрүү» жана «Колдонмо геология» факултеттеринин студенттери үчүн лабораториянын ачылыш салтанаты болуп, кийинки семестрден баштап студенттер үчүн ачык болмокчу. «Кумтɵр» жаңы кампус куруп, илимий лабораторияны жабдууга үч жүз миӊдей АКШ доллар салым кошту.

aucaБолочок геологдор менен туруктуу ɵнүктүрүүнү башкаруу чөйрөсүндөгү адистер эко- жана геохимия боюнча лабораториялык иштерди, илимий эмгектер үчүн зарыл болгон тажрыйбаларды жүргүзɵ алышат. Лаборатория заманбап үлгүдө жабдылып, жаӊы факультеттин студенттери окуу жайдан чыкпай туруп, алган билимдерин иш жүзүндө колдоно алгандай геофизикалык аспаптар орнотулган.

auca2«Жаштар менен билим берүүгɵ салым – бул бардык ɵлкɵлɵрдө социалдык экономикалык ɵнүгүүдөгү эң мыкты инвестициялардын бири. Белгилеп кетсем, «Кумтɵр» үчүн туруктуу ɵнүктүрүү боюнча программаларды жүзɵгɵ ашырууда бул багыт приоритеттердин бири. Геологдор үчүн жаӊы факультет Кыргызстанда чоӊ суроо-талапка ээ болот деп үмүттɵнɵм, себеби, биздин экономика тоо-кен ɵнɵр жайынан кɵз каранды жана рынокто бул тармактагы кесипкɵйлɵр жетишсиз экени сезилет», – деп белгиледи «Кумтɵр Голд Компанинин» туруктуу ɵнүктүрүү боюнча директору Актилек Тунгатаров.

«Экологиялык менеджмент жана туруктуу ɵнүктүрүү» факултетинин башчысы, гидрогеолог Жээнбек Куленбеков БААУда окутуу англис тилинде жүргүзүлɵрүн, бул бүтүрүүчүлɵргɵ атаандаштыкта артыкчылык берерин баса белгиледи. «Биздин ɵлкɵдɵ жер казынасын иштетип жаткан чет ɵлкɵлүк компаниялардын кɵпчүлүгү чет элдик адистерди тартышканы сыр деле эмес. Эми бизде тоо-кен өндүрүш тармагы үчүн орус жана кыргыз тилдерин гана эмес, эл аралык катары таанылган англис тилин да билген адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгү жаралды», – деп билдирди Ж. Куленбеков.

auca1