Кумтөрдүн ыктыярчылары азиздер жана начар көргөн балдар мектеп-интернатына жардам беришти

Кумтөрдүн ыктыярчылары азиздер жана начар көргөн балдар мектеп-интернатына жардам беришти

Жарыяланган: 09 April 2019

2019-жылдын 2-апрелинде «Кумтөрдүн элчилери» кайрымдуулук миссиясы менен Бишкек шаарындагы Азиздер жана начар көргөн балдар үчүн жалпы билим берүүчү адистештирилген мектепт-интернатында болушту.

Ага чейин Компаниянын кызматкерлеринин демилгелүү тобуна мектептин администрациясы жууй турган чаң соргуч сатып берүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал интернаттын турак-жай корпусун тазалоого өтө зарыл. Бул чакырыкка жалпысынан 23 адам – КГКнын ар кайсы бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү кошулушту. Кумтөрчүлөр кесиптик чаң соргучтан тышкары балдардын чайына таттууларды да ала барышкан.
«Мен Кумтөрдүн кызматкерлерине жардамы үчүн ыраазылык билдирем. Бизге өзүбүз каалагандай моделди сатып беришти. Биздин чаң соргучубуз бар болчу, бирок кичине жана кубатсыз эле, аны менен тазалап чыгуу кыйын болчу», – деди мектептин дмректору Калиман Урсеитова. Анын айтуусунда эми кызматкерлерге интернаттын коридорлорунда жана турак бөлмөлөрүндө тазалыкты кармап туруу жеңил болмокчу.

«Кумтөр Голд Компанинин» эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Жусупов белгилегендей, компанияда кайрымдуулук жана ыктыярчылык маданияты калыптанган. «Көптөн бери биз туруктуу негизде Токмокто жана Кара-Балтада карылар үйлөрүнө жардамдашабыз, андан тышкары Каракол шаарында балдар үйүн камкордукка алганбыз. Кесиптештерибиз катышкан мындай социалдык долбоорлор көп. Бүгүнкү акция да улана турганына ишенем. Биз мектептин тарбиялануучулары жана педагогдору эмнеге муктаж экенин карап көрдүк жана акырындык менен ал проблемаларды чечүүгө аракеттенибиз», – деп баса белгиледи ал.

Бишкектеги адистештирилген интернат мектеп – Кыргызстандагы эң эскилердин бири. Быйыл ал негизделгенине 80 жыл толот. Учурда анда 237 окуучу билим алат. Мектеп-интернатта эки категориядагы балдар: көрүүсү гана начар жана ден соолугунда башка көйгөйлөрү да бар балдар окушат.