«Кумтөр» командасы Эл аралык ишкерлер кеңешинин сүйлөшүүчүлөрдүн турнирине катышты

«Кумтөр» командасы Эл аралык ишкерлер кеңешинин сүйлөшүүчүлөрдүн турнирине катышты

Жарыяланган: 26 November 2019

21-ноябрда Эл аралык ишкерлер кеңеши ассоциация мүчөлөрү арасында Сүйлөшүүчүлөрдүн биринчи турнирин өткөрдү.

Үч башка залда өткөрүлгөн турнирде ар бир залда үчтөн команда болуп, жалпысынан тогуз команда катышты. Оюн бир нече раунддан туруп, анда ар кандай темадагы кейстер ойнотулду. Бардык сүйлөшүүлөр үч тараптуу болду. Ар бир команда өзүнүн сүйлөшүүчүсүн сөз жарышка даярдап, сүйлөшүүлөрдүн планын, аргументтерди, жүрүм-турумдун негизги жана кошумча стратегияларын иштеп чыгышы керек эле. «Кумтөр» командасы атаандаштарынан чоң артыкчылык менен алдыга озуп чыгып, оюндун финалында экинчи орунду жеңди.

«Кумтөр» командасын Нурбек Толобаев, Гульмира Турдубаева, Назгуль Оскоева алып чыгышты.

Сүйлөшүүчүлөрдүн турнири — бул өлкөбүз үчүн сүйлөшүүлөрдү даярдоодо жана өткөрүүдө командалык өз ара аракеттенүүнү иштеп чыгууга багытталган мелдеш форматында өткөн уникалдуу иш чара. Иш чаранын уникалдуулугу – компаниянын иштеги натыйжалуулугун камсыздаган көндүмдөрдү сүйлөшүүчүлөрдүн өздөштүрүүсүндө.

Кесиптештерибизди Сүйлөшүүчүлөрдүн турниринде байгелүү орун алышы менен куттуктайбыз жана жаңы бийиктиктерди багынтып, ийгилик коштоп жүрүшүңүздөрдү каалайбыз!