ЭМГЕКТИ КОРГОО ЖАНА КООПСУЗДУК ТЕХНИКАСЫ БОЮНЧА КООРДИНАТОР

ЭМГЕКТИ КОРГОО ЖАНА КООПСУЗДУК ТЕХНИКАСЫ БОЮНЧА КООРДИНАТОР

Жарыяланган: 12 July 2022

Жабык

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК

төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча координатор (Балыкчы ш.)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-202 

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Эмгекти коргоо боюнча мыйзамдык жана башка ченемдик укуктук актылардын сакталышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
  • Жумуш орундарындагы эмгек шарттарын изилдөө, кооптуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлордун таасиринен кыйла жеткилең коргоо каражаттарын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо жана киргизүү;
  • Жогорку тобокелдиктеги объектилерге текшерүү жүргүзүү;
  • Кызматкерлердин өнөр жай коопсуздугу боюнча билимдерин мезгил-мезгили менен текшерип туруу;
  • Жумуш орундарын пландуу текшерүүлөрдү жана коопсуздук боюнча чогулуштарды өткөрүү;
  • Өнөр жай коопсуздугу жана гигиена боюнча объекттерге мониторинг жүргүзүү;
  • Куткаруу тобунун жумалык машыгуусун өткөрүү;
  • Эмгекти коргоо боюнча отчетторду даярдоо;
  • Имараттардын, курулмалардын, жабдуулардын, машиналар менен механизмдердин техникалык абалын, вентиляциялык системалардын эффективдүүлүгүн, санитардык түзүлүштөрдүн, санитардык-гигиеналык жайлардын абалын, кызматкерлердин жамааттык жана жеке коргонуусун текшерүүгө, изилдөөгө катышуу;
  • kЖабдуулардын, машиналардын жана механизмдердин абалына керектүү сыноолордун жана техникалык экспертизалардын өз убагында жүргүзүлүшүнө, коооптуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлордун параметрлерин өлчөө графиктеринин сакталышына, колдонуудагы эмгекти коргоо жаатындагы ченемдердин, эрежелердин жана эмгекти коргоо нускамаларынын, өндүрүш процессиндеги эмгек коопсуздугу стандарттарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү.

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР: 

  • Жогорку билим (инженердик-техникалык / тоо-кен);
  • «Эмгекти коргоо» программасы боюнча квалификасын жогорулатуу тууралуу сертификаты болуу.
  • Эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу боюнча 3 жылдан кем эмес иш тажрыйба.
  • Microsoft Office программаларын колдоно билүү;
  • Жумушту аталган мөөнөттө аткарууга жөндөмдүү, максаттуу, ыкыластуу, стресске туруктуу, ийкемдүү жана баарлашуу жөндөмү болуу.

Анкета жана резюмени 2022-жыл 22-июль саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-22-202.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.