2011-жылдын 11-июнунда Тосор айылында “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” колдоосу менен уландар арасында дзюдо боюнча республикалык турнир болуп өттү.

2011-жылдын 11-июнунда Тосор айылында “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” колдоосу менен уландар арасында дзюдо боюнча республикалык турнир болуп өттү.

Жарыяланган: 13 June 2011

2011-жылдын 11-июнунда Тосор айылында “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” колдоосу менен уландар арасында дзюдо боюнча республикалык турнир болуп өттү.

2011-жылдын 11-июнунда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Тосор айылында «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» колдоосу менен Жанек баатырдын кубогуна уландар арасында дзюдо боюнча республикалык турнир болуп өттү. Бул турнир экинчи жолу өткөрүлүүдө, бирок бул жылы катышуучулардын чөйрөсү алда канча кеңейди. Республиканын бардык жагынан жана кошуна Казакстандан эки жүзгө жакын спортчулар келишти.

60 килограммга чейинки салмакта биринчи орундарды Тосор айылынан Дмитрий Пучин, Тоң айылынан Жаныбек Талайбеков, ОРБУСМнун тарбиялануучусу Бакыт Эгембердиев, Ош шаарынын жашоочулары Сагымбай уулу Байман жана Мамыт уулу Жакшылык ээлешти. А 73 килограммга чейинки салмактарда биринчи орундарды токмоктук Боробай уулу Нурсултан, тосорлук Фахритдин Аматов, Бишкек гуманитардык университетинин өкүлү Эрмек Сариев ээлешти.

Тосордун жаштары биринчи жолу пьедесталга көтөрүлгөнүн белгилей кетели. Жалпы кубанычка жараша турнирдин кубогу Тосордо калды. Кыргыз Республикасынын Дзюдо боюнча Улуттук федерациясынын вице-президенти, Улуттук олимпиада комитетинин мүчөсү Эмил Рыскулов турнирдин символун Тосор айылынын курама командасына салтанаттуу тапшырды. Ал тосорлуктарда кийинки жылга чейин сакталмакчы.

– Жети-Өгүз районунда спорт тез өнүгүүдө, – деп айтты «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» регион менен байланыштар боюнча менеджери Керим Шатманов. – Биздин компания региондо спорттун өнүгүшүнө өз салымын кошууда. Биз спорт аянтчаларын калыбына келтирүүгө, спорттук залдарды ремонттоого жардам берип жатабыз. Бул жаш муун максатсыз көчө таптабай, убакытты пайдалуу өткөрүүсү үчүн керек. Жаштар өз жашоосун жакшыртууга, аны көбүрөөк маңыздуу, пайдалуу кылганга аракеттенгени кубантат. А биз, убада кылганыбыздай, жардам беребиз. Биздин баарыбызга туруктуулук жана иштөөгө умтулуу керек, ошондо биз көп нерсеге жетише алабыз.