Орус журналисттер тобунун “Кумтөр” кен ишканасындагы сапары

Орус журналисттер тобунун “Кумтөр” кен ишканасындагы сапары

Жарыяланган: 13 July 2021

2021 жылдын 8-9-июль күндөрү россиялык журналисттер тобу “Кумтөр”кенине барып келишти. Алардын айтымында, акыркы учурда ишкананын айланасында көптөгөн карама-каршы маалыматтар жана ушактар ​​тарап жатат, ошондуктан алар кырдаалдын чыныгы чоо-жайын жана кендин айланасындагы мөңгүлөрдүн абалын билүү үчүн Кумтөр Голд Компани (КГК) ЖАКнун жетекчилигине кайрылышты.

Меймандар кенди казып алуусун жана кайра иштетүүнүн негизги өндүрүштүк этаптары менен таанышып чыгышты, андан кийин ачык карьерде жана алтын ылгоочу фабрикада болушту. Мурдагы жылдары кенди жырткычтык мамиле менен иштетип, Лысый жана Давыдов мөңүлөрүнө бош тоо тектерин жыйуу натыйжасында алардын азыркы кейиштүү абалына орусиялыктар өз көздөрү менен көрүшүп күбө болушту.  Журналисттер сапардын жыйынтыгы боюнча алган таасирлери жөнүндө Россиянын жалпыга маалымдоо каражаттарында айтып берүүнү көздөшүүдө.

Россиялык ММК өкүлдөрүнө КГКда убактылуу тышкы башкаруу “Центерра Голд Инк.” компаниясынын жетекчилигинин жоопкерсиздигинен улам киргизилгендигин белгилешти. “Центерра Голд Инк.” команиянын тарабынан 2021 жылдын 15 майында кен аймагындагы мөңгүлөрдүн туруктуулугун жана жылышын көзөмөлдөөчү сенсорлор тутуму алыстан өчүрүлгөн.  Бул бош тектер жыйындыларынын жана карьердеги дубалдарынын абалдары боюнча көзөмөлдөөсү иштебей калып, кенде иштеген адамдардын өмүрү менен ден соолугуна түздөн-түз коркунучу түзүлөт. Ошондой эле иштердин жүрүшүндө мыйзам бузуулары жана  айлана-чөйрөнүн булганышы аныкталды. 1992-жылдын 6-мартындагы “Кыргыз Республикасындагы концессиялар жана концессиялык ишканалар жөнүндө” деген Кыргыз Республикасынын Мыйзамында эгерде мындай иш-аракеттер өмүргө, калктын ден-соолугуна же экологиясына реалдуу коркунуч туудурса, мамлекеттин концессионердин административдик-чарбалык ишине кийлигишүү укугу каралган (бул жерде “Кумтөр Голд Компани” ЖАК) деп белгиленет. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кырдаалды турукташтыруу жана Кумтөр кенин иштетүүнү улантуу үчүн КГКга убактылуу тышкы башкарууну киргизүүнү сунуш кылды. 2021-жылдын 17-майында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин буйругу менен КГКда убактылуу тышкы башкаруусу киргизилген.

Тилекке каршы, КГКнын кызматкерлери, Кыргызстандын бүткүл эли сыяктуу эле, “Центерра Голд Инк” компаниясынын жетекчилигинин чыныгы мамилесине күбө болушту. Компания коомчулукту адаштырып гана тим болбостон, Кумтөр кенинин ишин шал кылууга дагы жаңы аракеттерди көрүүдө. Мисалы, 2021-жылдын 31-майында “Центерра Голд Инк.” КГКнын жалгыз акционери катары КГКнын атынан АКШ сотуна банкроттук жөнүндө арыз менен кайрылуу демилгесин көтөргөн. “Центерра Голд Инк.” компаниянын мындай чечимдери КГКнын бардык иш-аракеттери баш ийген Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын жана КГКнын Уставынын талаптарын бузуу менен кабыл алынган. “Центерра Голд инк.” компаниясы бул иш-аракеттерди КГКга эч бир эскертүүсүз жасашты.  Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган юридикалык жактарга карата банкроттук жөнүндө иштерди кароо Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан жана Кыргыз Республикасынын аймагында гана мүмкүн болот. Ошол эле учурда, КГКнын айрым жеткирүүчүлөрү жана контрагенттери, “Центерра голд Инк.” компаниясынан расмий каттарды алышып, КГКга жеткирүүлөрүнүн токтотушун жарыялап, ошону менен ишке саботаж кылып КГКнын ишмердигине тоскоолдук кылууда.  Мунун баары АКШ сотунун буйругуна каршы жасалып жатат. Ал буйрук боюнча арыз берген учурда дагы күчүнө кирип турган келишимдер боюнча КГКнын укуктары корголгон. “Центерра Голд Инк.” компаниясы серверлерге жана маалыматтарга КГКнын кызматкерлерине мүмкүнчүлүк бербей, чет өлкөлүк эсептердеги каражаттарды жаап, КГКнын ишине тоскоол кылып улантууда.

“Центерра Голд Инк.” компания тарабынан бүлүндүрүүчү аракеттерге карабастан, азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Министрлеринин кабинетинин, КГКнын убактылуу тышкы башкаруучусунун жана КГКнын кызматкерлеринин тарабынан кендин ишин токтотууга жол бербөө боюнча бардык чаралар көрүлүүдө. КГК – бул өз милдеттенмелерин өз убагында аткарган, бардык социалдык милдеттенмелерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бюджетинин, өзүнүн кызматкерлеринин жана бөдрөт уюмдардын алдындагы милдеттенмелерин аткарып иштеп жаткан компания.

_____________________________________

КГК өз ишинде ачыктык жана айкындуулук философиясын сактап келет. КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.