Кумтөрдөгү ийгилик сыры: Оор техникаларды тейлөө бөлүмүнүн электрослесары Руслан Калыков

Кумтөрдөгү ийгилик сыры: Оор техникаларды тейлөө бөлүмүнүн электрослесары Руслан Калыков

Жарыяланган: 10 June 2022

«Кумтөр» кенинин кызматкерлери компаниянын чыгашаларын олуттуу түрдө кыскарткан ошол эле убакта өндүрүш процесстерин жакшырткан инновациялык идеяларды ойлоп таап, өндүрүшкө киргизип жатышат. Алтын кени Кыргызстандын башкаруусуна өткөндөн бери жаңы жетекчилик сый акы саясатын киргизип, бул саясат жумушчуларга креатив үчүн түрткү берүүдө.

Кумтөрдүн мындай демилгечил жумушчуларынын катарына «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын оор жабдыктар боюнча электрослесары, оор техникаларды тейлөө бөлүмүнүн электрослесары Руслан Калыков да кирди. Ал техникалык себептерге байланыштуу көпкө токтоп калчу оор техникаларды тез арада ишке киргизүү долбоорун сунуштаган.

Калыков билдиргендей кендин оор техникаларына азот менен толтурулган өрткө каршы баллондор орнотулат. Өрт коркунучу жаралганда баллондун чеки басым алдында атылып, порошок чачырайт да өрттүн күчөп кетүүсүнө мүмкүндүк бербей, тутанган жерди өчүрөт. Алардын иштөө мөөнөтү 5 жылдан 10 жылга чейин, ичиндеги азот түгөнгөндө оор техника автоматтык түрдө токтоп, ордунан жыла албай калат.

Бир жолу алып келгенге жаңы азот баллондору жок болуп кыйынчылык жаралды. Кырдаалды изилдеген соң Компаниянын адистери колдо бар жабдыктардын жана жогорку квалификациядагы жумушчулардын жардамы менен маселени башка ыкма аркылуу чечүү мүмкүн деген тыянакка келишет. Долбоорду ишке ашырууга Руслан Калыков да катыкан.

«Бизде кошумча жабдыктар бар болчу. Жетекчиликтен колдоо тапкан соң баллондорду азот менен өзүбүз толтурсак эмне болорун байкоо үчүн эксперимент жасоону чечтик. Жыйынтыгы абдан жакшы чыкты. Болбосо азот баллондор келгиче техника эки айдан бир айга чейин туруп калмак», – деди электрослесарь.

Калыковдун айтымында басым жогору, ал эми баллондор кичине болгон үчүн башында бираз кабатырланышкан. Бирок эксперимент ойдогудай ишке ашып, техника эми токтоп калбай иштеп жатат.