«Кумтөр» компаниясынын персоналды өнүктүрүү жана административдик суроолор боюнча бөлүмү туруктуу өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматташтыгында Бишкек шаарында компаниянын кызматкерлеринин балдары үчүн кезектеги «Коопсуздук жана Жолдо Жүрүүнүн эрежелери» тренингин өткөрүштү

«Кумтөр» компаниясынын персоналды өнүктүрүү жана административдик суроолор боюнча бөлүмү туруктуу өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматташтыгында Бишкек шаарында компаниянын кызматкерлеринин балдары үчүн кезектеги «Коопсуздук жана Жолдо Жүрүүнүн эрежелери» тренингин өткөрүштү

Жарыяланган: 18 December 2017

2017-жылдын 9-декабрында Бишкек шаарында «Кумтөрдүн» Конок үйүндө «Work Safe – Home Safe» программасы алкагында персоналды өнүктүрүү жана административдик суроолор боюнча бөлүмү, туруктуу өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматташтыгында компаниянын кызматкерлеринин балдары үчүн «Коопсуздук жана жолдо жүрүүнүн эрежелери» деген аталыштагы кезектеги тренингди өткөрүштү.

Иш-чаранын максаты балдарга жол коопсуздугу менен жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоодого үйрөтүп, түшүнүгүн арттыруу.
Иш-чаранын башында «Кумтөр Голд Компанинин» окутуу жана персоналды өнүктүрүү бөлүмүнүн кеңешчиси Норман Бобосел балдарга кыска учурашуу сөзү менен кайрылды. Балдардын маалыматты эске тутуу жана кабыл алуусу жеңил болушу үчүн, жолдо жүрүүнүн эрежелеринин негиздерин жана күнүмдүк жашоодо «Стоп-баарлашууну» балдар колдонууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн перзентация түстүү оюн түрүндө көрсөтүлдү. Андан тышкары,тематикалык конкурстар өтүп, окутуучу мультфильмдер көрсөтүлдү, аягында болсо кичинекей катышуучуларды таттуу фуршет күтүп турду.

«Кумтөр» компаниясынын туруктуу өнүктүрүү бөлүмү балдарга белектерди тапшырды. Ар бир тренингдин катышуучусу жарык чагылдыруучу тетиктери бар рюкзактарды жана сырт кийимге чапталчу үчүн жарык чагылтуучу тетиктер топтомун алды. Иш-чара үчүн «Байланышта» бюллетенинин атайын чыгарылышы даярдалып, анда жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактоо темасы күлкүлүү сүрөт түрүндө берилген.
«Балдардын коопсуздугун ар дайым ойлоо жана аларга түшүндүрүү абдан маанилүү. Бул маданиятты бүт өлкөгө да киргизүүгө болот! Коопсуздук үчүн кам көрүү зарыл, анткени көйгөйлөр менен жаракаттардын алдын алууда эң башкысы» – деп белгиледи «Кумтөр Голд Компанинин» персоналды өнүктүрүү жана окутуу бөлүмүнүн кеңешчиси Норман Бобосел.

Персоналды өнүктүрүү жана административдик суроолор боюнча бөлүм менен туруктуу өнүктүрүү бөлүмдүн тыгыз кызматташтыктагы кийинки пландарында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун мектепке чейинки балдарына ушул сыяктуу тренингдерди өткөрүү.

Эч ким карабай турганда да, туура (коопсуз) аткар!