“Кумтөр” компаниясынын 2013-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары

“Кумтөр” компаниясынын 2013-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары

Жарыяланган: 14 March 2014

Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр


2013-жылы “Кумтөр” кен ишканасында 600 402 унция1 же 18 674,6 кг алтын өндүрүлгөн. Сатып өткөрүлгөн продукциянын көлөмү 601 887 унцияны же 18 720,8 кг алтынды түзгөн. Жылдын жыйынтыктары боюнча сатып өткөрүүдөн алынган жалпы каражат 810,9 млн. долларды2 түзгөн. Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр төмөнкү таблицада келтирилген:

IV квартал, 31-декабрга карата

12 ай, 31-декабрга карата

2013

20126

Өзгөрүүлөр

2013

20126

Өзгөрүүлөр

Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат2 (млн. АКШ доллары менен) 448,9 317,8 41% 810,9 533,6 52%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы3 (млн. АКШ доллары менен) 255,1 140.0 82% 437.0 306,9 54%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы4 (унциясына АКШ доллары менен) 722 753 (4%) 786 974 (19%)
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 46 866 38 185 23% 176 693 147 610 20%
Казып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 4 194 4 463 (6%) 7 289 4 955 47%
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң  тонна) 1 460 1 547 (6%) 5 596 4 756 18%
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т)  8,88 5,13 73% 4,26 2,79 53%
Алтынды бөлүп алуу коэффициенти (% менен) 84,1 77,7 8% 79,3 75,6 5%
Өндүрүлгөн алтын (унция менен)1 348 130 189 438 84% 600 402 315 238 90%
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 7 717,7 5 892,2 84% 18 674,6 9 805,0 90%
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен)1 353 252 185 936 90% 601 887 314 987 91%
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг менен) 10 987,4 5 783,3 90% 18 720,8 9 797,2 91%
Сатып өткөрүүнү орточо  баасы4 (унциясына АКШ доллары менен) 1 271 1 709 (26%) 1 347 1 694 (20%)
Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор4 (унциясына АКШ доллары менен) 217 322 (33%) 357 727 (51%)
Өндүрүштү колдоп турууга жалпы жумшоолор4 (унциясына АКШ доллары менен) 388 618 (37%) 775 1 483 (48%)
Бардык жумшоолор4 (унциясына АКШ доллары менен)  407  783 (48%)  853  2 064  (59%)
 Бардык жумшоолор салыктарды эске алуу менен4 (унциясына АКШ доллары менен)  585  1 023 (43%)  1 042  2 301  (55%)
Капиталдык жумшоолор           (негизги фонддорду колдоп турууга) (млн. АКШ доллары менен)   9,6  10,5  (9%)  49,7  40,8  22%
 Капиталдык жумшоолор           (өнүктүрүүгө)5(млн. АКШ доллары менен)  5,8  24  (76%)  39,2  167,6  (77%)

1 – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
2 – Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.
3 – Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы административдик чыгымдарды камтыбайт.
4 – 2013-жылы компания өз отчеттуулугунда Алтын боюнча бүткүл дүйнөлүк кеңеш рекомендация берген бир катар көрсөткүчтөрдү колдоно баштады, алар Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрү болуп саналбайт. Кошумча маалыматты «Центерранын» 2014-ж. 19-февралындагы пресс-релизинде «Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган принциптери менен байланышпаган көрсөткүчтөр» бөлүгүнөн караңыздар.

Салыктарды эсепке алган жана албаган «Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор», «Өндүрүштү колдоп турууга жалпы жумшоолор», «Бардык жумшоолор», сатылган унцияга кайра эсептөөлөрдөгү «Сатып өткөрүүнүн орточо баасы» жана «Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы» сыяктуу эле Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрү болуп саналбайт.
5 – Кыртышты ачуу иштерине чыгымдарды өзүнө камтыбайт.
6 – 2012-ж. салыштырылуучу мезгилиндеги көрсөткүчтөр ФОЭС 20 кабыл алынуусуна ылайык кайра каралган.

Запастар жана ресурстар


Кумтөр кенинин 2013-ж. 31-декабрына карата запастары жана ресурстары боюнча маалымат 2014-ж. 5-февралында жарыяланган. Далилденген жана прогноздук запастардын жалпы көлөмү 2013-жылдагы 766 миң унция алтынды кайра иштетүүнү эске алуу менен 8,51 млн. унция курамдагы алтынды түзөт. “Кумтөр” кен ишканасын иштетүү планы ачык карьердин гана запастарына негизделет, мында жер астындагы ресурстарды иштетүү пландаштырылган жок.

2013-жылдын акырына карата кендин запастары жана ресурстары төмөнкү таблицада келтирилген:

2013-жылдын 31-декабрындагы абал боюнча1

Миң тонна руда

Алтындын курамы г/т менен

Алтын бар

Миң унция

Тонна

Алтындын запастары:
– тастыкталганы3 4 841 1,9 296 9,20
– прогноздук3 80 345 3,2 8 220 255,68
Жалпысынан запастар 85 186 3,1 8 516 264,88
Ресурстар:
– эсептелгендери3 21 975 2,3 1 631 50,73
– болжолдонгондору3 12 113 2,3 898 27,93
– болжолдонгондору (жер астындагы                                   штокверк зонасы) 2,4 351 10,7 121 3,76
Жалпыснан эсептелген жана болжолдонгон ресурстар 34 439 2,4 2 650 82,42
Алдын-ала бааланган ресурстар
– борбордук карьер, түштүк-батыш,              Сарытөр жана түндүк-чыгыш участоктору3 9 339 2,4 712 22,14
– жер астындагы штокверк зонасы4 2 002 11,0 705 21,93
– SB жер астындагы зонасы4 3 413 11,2 1 229 38,23
Жалпысынан алдын-ала бааланган ресурстар 14 754 5,6 2 646 82,30

1 – Запастар жана ресурстар өзүнө борбордук карьерди, ошондой эле түштүк-батыш жана Сарытөр участокторун камтыйт жана алтындын унциясына 1 300 АКШ доллары бааны эске алуу менен эсептелген.
2 – «АЫ»- ачык ыкма менен иштетүү; «ЖАИ» –жер астындагы ыкма менен иштетүү.
3 – “Кумтөр” кен ишканасында ачык карьердин запастары жана ресурстары Борбордук карьер үчүн 0,85г/т алтын жана “Түштүк-батыш”, “Сарытөр” жана “Түндүк-чыгыш” участоктору үчүн 1,0 г/т алтын минималдуу өнөр жайлык курамдын негизинде бааланган.
4 – Жер алдындагы ресурстар Борбордук карьерден төмөн турат жана 6,0 г/т алтын минималдуу өнөр жайлык курамдын негизинде бааланат.

Запастар менен ресурстардын көлөмдөрү “Центерра” тарабынан Канадалык улуттук 43-101 стандартына, башкача айтканда, көптөгөн эл аралык тоо-кен компаниялары жетекчиликке алышкан стандартка ылайык эсептелген. Запастар менен ресурстардын көлөмдөрүнүн көрсөтүлгөн эсептөөлөрү 2026-жылы кен ишканасы жабылганга чейинки тоо-кен иштерине колдонулгандай жүргүзүлгөн жана бул мөөнөт бүткөндөн кийин тоо-кен иштерин жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн эске албайт. Андан тышкары, “Центерранын” КРнын Өкмөтү менен консультацияларынын жүрүшүндө жогоруда келтирилген эсептөөлөр “Кумтөр” долбоорун реструкташтыруу жөнүндө макулдашуунун алдын-ала негизги принциптерин түзүү үчүн негиз катары кызмат кылган.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2013-жылдын алгачкы 12 айында компания тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна которуулар, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөр түрүндөгү которуулар 108 млн. даллардан ашып кеткен, бул Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2013-жылдын 31-декабрына карата курсу боюнча 5 миллиард 350 миллиондой сомду түздү.

2013-жылдын 31-мартына карата

Миң АКШ доллары менен

Дүң кирешеге салык 73 595,61
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 7 838,01
Экологиялык төлөм 310,00
Кызматкерлерден иреше салыгы 4 363,09
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 20 608,90
Бажы төлөмдөрү 1 122,21
Резидент эместердин кирешелерине салык 678,88
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 77,49
Жалпысынан
108 594,19
Маалымат үчүн: 31. 12. 2013-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу
49,2470
Төлөнгөн төлөмдөрдүн эквиваленти миң сом менен 5 347 938,07

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң кирешеге салыкты жана Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусуна взносторду эсептөө үчүн база катарында көрсөтүлгөн мезгилге продукцияны сатуудан иш жүзүндөгү акчалай түшүүлөр саналат.

Кыргыз Республикасынын территориясындагы төлөмдөр


2013-жылы Кыргыз Республикасынын территориясындагы төлөмдөр (салыктарды, аффинаж үчүн төлөмдү, товарларды жана кызматтарды бергендиги үчүн жергиликтүү берүүчүлөргө төлөөнү, инфраструктура боюнча төлөмдөрдү, кайрымдуулукту ж.б. кошо алганда) 270 млн. доллардан ашып кеткен.

Жалпысынан компания иштеген 1994 – 2013-жж. аралыгындагы КРнын территориясындагы төлөмдөр 2 миллиард 424 миллион доллардан ашкан.

Өкмөткө социалдык долбоорлорду жүзөгө ашыруудагы жардам


2013-жылдын ноябрында КРнын Өкмөтү «Айыл банк» ААКсын «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынан демөөрчүлүк жардамдарды оптималдаштыруунун алкактарында «Кумтөр-Чакан» атайын кредиттик продукт аркылуу элет жеринин калкынынын арасында жеңилдетилген микрокредиттөө долбоорун жүзөгө ашыруу боюнча агент катарында тандап алуу чечимин чыгарган. «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын демөөрчүлүк жардамдарынын эсебинен «Ала-Тоо Финанс» МКАсынан «Айыл банк» ААКсына берилүүчү ресурстардын көлөмү 808 млн. жакын сомду түзгөн. Дагы 70 млн. сомдой областтык микрокредиттик агенттиктердин
аракеттеги кредиттик портфели түрүндө берилген.

Млн. доллар менен

2013-ж.

1994 – 2013-жж.

Салык, бажы ж.б. милдеттүү төлөмдөр 79,875 707,328
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 20,609 112,971
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 7,838 35,512
Лицензиялар жана уруксат берүүлөр үчүн төлөм 0,300 2,579
Экологиялык төлөмдөр жана Курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин пайдасына которуулар 0,310 4,059
«Кыргызалтын» ААКсынын пайдасына төлөмдөр 0,254 11,675
Аффинаж үчүн төлөмдөр 4,372 40,453
«Центерранын» акцияларын сатуудан алынган каражат 86,000
Дивиденддер 11,902 65,438
Кыргыз Республикасындагы сатыпалуулар:
– берүүлөр жана кызматтар
50,801 587,815
– азык-түлүк продуктылары 5,307 51,778
КРнын инфраструктурасына тиешелүү төлөмдөр:
– электр энергиясы
11,253 130,593
– кен ишканасынан тышкары жолдорду жакшыртуу жана тейлөө 2,186 37,519
– «Тамга – Кумтөр» ЭБЛ 41,612
КОКтун кызматкерлеринин таза эмгек акысы 69,358 448,010
Санатордук дарылануу 0,744
Билим берүүнү колдоо, стипендиялар жана окутуу 0,072 3,911
Демөөрчүлүк жардам жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлору 5,935 20,927
Өкмөткө социалдык долбоорлорду жүзөгө ашырууда жардам 31,000
Жергиликтүү жамааттарга төлөмдөр боюнча макулдашуу 4,400
Жалпысынан
270,372 2 424,32

Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн КРнын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири


КРнын Улуттук статистика комитетинин алдын-ала маалыматтары боюнча:
● «Кумтөрдүн» өлкөнүн ИДПсындагы үлүшү 7,7%ды;
● «Кумтөрдүн» өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү 24,0%ды;
● алтындын КРнын экспортунун жалпы көлөмүндөгү үлүшү 36,5%ды түзгөн.

2014-жылга прогноз


Алдын-ала эсептөөлөр боюнча 2014-жылы “Кумтөр” кен ишканасында өндүрүштүн көлөмү 550 – 600 миң унция же 17,1 – 18,7 т алтынды түзмөкчү. Мында, өткөн жылдагыдай эле, бардык көлөмдүн 50%дан ашууну 2014-ж. акыркы кварталында борбордук карьердин алтындын курамы жогору SB зонасындагы участокко кайрадан жеткенде өндүрүлмөкчү.

Кыртышты ачуу иштерин кошпогондо, 2014-жылы жалпы капиталдык жумшоолор 85 млн. доллар өлчөмүндө пландаштырылууда. Анын ичинен 42 млн. доллар негизги фондуларды модернизациялоого: тоо-кен техникасынын паркынын ремонтуна, алтын ылгоочу фабриканын шар тегирменинин тиштүү барасын сатып алууга, калдыктарды сактоочу жайдын дамбасын бийиктөөгө ж.б. долбоорлорго жумшалмакчы. Өнүктүрүүгө инвестициялар 43 млн. доллар көлөмүндө пландаштырылган жана өзүнө KS-13 планына ылайык, карьердин контурларын кеңейтүүгө байланыштуу кен ишканасынын инфраструктура объектилерин орун которуштурууну, сууну сордуруу боюнча иш чараларды жана жаңы тоо-кен техникасын сатып алууну камтыйт.

2014-жылы кыртышты ачуу иштерин капиталдаштыруу 191 млн. доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

● ● ●

“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан 2013-жылдын 31-декабрына чейин “Кумтөрдө” жалпысынан 8,9 млн. унция же 279 тонна алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр Голд Компани” “Кумтөр” долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

“Центерра Голд Инк.” Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, өнүгүүгө багытталган алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана ири батыш компаниясы – Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү болуп саналат. “Центерранын” акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Канаданын Онтарио штатынын, Торонто шаарында жайгашкан.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана компаниянын www.centerragold.com сайтында жеткиликтүү жайгаштырылган, ошол эле жерден 2013-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти менен таанышууга болот.”Кумтөр” компаниясы жөнүндө маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.