2022-жылдын беш айында «Кумтөр» Кыргызстандын бюджетине 17 миллиард сомдон ашык каражат төлөдү

2022-жылдын беш айында «Кумтөр» Кыргызстандын бюджетине 17 миллиард сомдон ашык каражат төлөдү

Жарыяланган: 08 June 2022

2022-жылдын 31-майына карата беш ай ичинде Кумтөр кенинде тоо-кен иштеринин көлөмү 69,15 миллион тоннаны түздү. 2022-жылдын январь-май айларында 2 миллион 705 миң тонна руда казылып алынып, алтындын орточо курамы 3,33 г/т түзгөн.

Кумтөр кениндеги бардык тоо-кен иштери коопсуздук эрежелеринин сакталышы менен жүргүзүлөт. «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын (КГК) геотехникалык кызматы май айында №20 иш зонасындагы карьердин бортунда жылышууларды байкагандан кийин, адамдардын жана техниканын коопсуздугун камсыздоо максатында бул участокто тоо-кен иштери убактылуу токтотулган. Ошол эле учурда Кумтөр кенинин бардык кызматтары кадимки тартипте ишин  улантууда. Компаниянын жетекчилиги адистер менен биргеликте кырдаалды иликтеп жатышат. Бардык керектүү маалыматтар топтолуп жана иштин коопсуздугуна ишеним болгондон кийин бул участокто кен казуу иштерин кайра баштоо чечими кабыл алынат.

2022-жылдын беш айында алтын ылгоо фабрикасында (АЫФ) 2 миллион 471 миң тонна руда кайра иштетилип, анда алтындын орточо курамы 2,992 г/т болгон, өтмө чыгаруу 75,79% түздү, 178 020 унция алтын (5 537 кг) эритилди. Тышкы башкаруу мезгилинде башталган инженердик иштер, тактап айтканда эскирген флотомашиналарды “Woodgrove” компаниясынын акыркы муундагы флотомашиналарына алмаштыруу иштери, ошондой эле жасалма интеллекттин негизинде технологиялык процессти автоматтык башкаруу системасын киргизүү иштери уланууда.

КГК тарабынан бардык салыктар жана милдеттүү төлөмдөр бюджетке өз убагында жана толугу менен төлөнүүдө. 2022-жылдын январь-май айларында КГК Кыргызстандын бюджетине салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү 17,3 миллиард сом (206,2 миллион АКШ доллары) түзгөн рекорддук суммада төлөгөн, жалпысынан 74,9 миллион АКШ доллары пландалган болчу.  Анын 11,6 миллиард сому Кыргызстандын минералдык – сырьелук базасын өнүктүрүүгө багытталган. 2021-жылдан тарта «Кумтөрдүн» жаңы жетекчилиги пландалган бюджеттик салыктардан тышкары бул кошумча салыкты төлөөгө түшкөн акчадан 4% өлчөмүндө каражат бөлөт.