«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» 2011-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары

«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» 2011-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары

Жарыяланган: 15 March 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» 2011-жылдагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары 2011-жылы «Кумтөр» кен ишканасында 583 156 унция* же 18,1 тонна алтын өндүрүлгөн. Сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 599 494 унцияны же 18,6 тоннаны түздү.

2010-жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу тоо-кен иштеринин көлөмү 29%га көбөйгөн, а казылып алынган руданын көлөмү 4%га өскөн. 12 айда алтын ылгоочу фабрикага берилген рудадагы алтындын орточо курамы тоннасына 3,79 граммды түздү, а алтынды бөлүп алуу 80,8%га жеткен.

Жылдын жыйынтыктары боюнча жалпы капиталдык чыгымдар 180,7 млн. долларды**, а геологиялык чалгындоого чыгымдар – 12,7 млн. долларды түздү.  Салыктык жана башка милдеттүү төлөмдөр 173,7 млн. доллардан ашып кетти, ал 8 миллиард сомдон ашуун сумманы түзөт.

Башка өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр №№ 2 жана 3 таблицаларда келтирилген.

«Кумтөр» кен ишканасындагы өндүрүштүн акыркы продуктысы болуп Доре*** уютмасы саналат, ал «Кумтөр Оперейтинг Компани», «Кыргызалтын» ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта шаарындагы аффинаж ишканасында андан ары кайра иштетилүү үчүн «Кыргызалтын» Ачык акционердик коому тарабынан сатылып алынат.  Тазаланган алтынды жана күмүштү Кыргыз Республикасында жана анын чектеринен тышкары сатып өткөрүү укугуна «Кыргызалтын» ААКсы гана ээ.


Запастар жана ресурстар

2011-жылы геологиялык чалгындоо иштери борбордук карьерде, ошондой эле концессиялык аянттын чектеринде улантылды.

Активдүү геологиялык чалгындоо, анын ичинде борбордук карьердеги геологиялык чалгындоо программасынан улам, 2011-жылы 709 миң унция иштетилгенин эске алганда да, запастар 6,3 млн. унциядайды түзөт.   Борбордук карьердеги SB зонасынын түштүк-батыш бөлүгүндөгү изилдөөлөр ачык ыкма менен иштетүүгө жарактуу запастардын көбөйүүсүн берди.

Бургулоо иштеринин натыйжаларынын толук тизмеси жана «Кумтөр» кен ишканасынын көмөкчү карталары Маалыматты электрондук издөө жана анализ системасында (SEDAR) жайгаштырылган жана компаниянын сайтында: www.centerragold.com. жеткиликтүү.

Таблица  1

Кумтөр кенинин запастары жана  ресурстары****

2011-ж. 31-декабрына карата абалдагысы

Миң тонна руда

Алтындын курамы г/т менен

Алтыны бар

Иштетүү методу

Миң унция

Тонна

Алтындын запастары:
– тастыкталгандары 3 023 1,6 153 4,76 АЫ*****
– прогноздолгондору 56 671 3,4 6 125 190,51 АЫ
Запастар жалпысынан 59 694 3,3 6 278 195,27 АЫ
Ресурстар:
– эсептелгендери 43 262 2,3 3 141 97,70 АЫ
– болжолдонулгандары 22 687 2,3 1 658 51,57 АЫ
Эсептелген жана болжолдонулган ресурстар жалпысынан 65 949 2,3 4 799 149,27 АЫ
Алдын ала бааланган ресурстар
– борбордук карьер**** 9 195 2,4 694 21,59 АЫ
– жер астындагы штокверк зонасы 1 633 12,0 629 19,56 ЖИ*****
– жер астындагы SB зонасы 4 040 13,6 1 760 54,74 ЖИ
Алдын ала бааланган ресурстар жалпысынан 14 868 6,5 3 083 95,89

**** – Запастар жана ресурстар өзүнө борбордук карьерди, ошондой эле түштүк-батыш, түндүк-батыш жана Сары-Төр участокторун камтыйт.
***** – АЫ – ачык ыкма менен иштетүү; ЖИ – жер астындагы ыкма менен иштетүү.

●   ●   ●

Таблица  2

Негизги өндүрүштүк жана финансылык көрсөткүчтөр

IV квартал, 31-декабрга карата

12 ай, 31-декабрга карата

2011

2010

Өзгөрүүлөр

2011

2010

Өзгөрүүлөр

Өндүрүлгөн алтын (унция менен) 138 696 228 433 (39%) 583 156 567 802 3%
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 4 313,9 7 105,1 (39%) 18 138,2 17 660,6 3%
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен) 141 897 209 929 (32%) 599 494 568 390 5%
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг менен) 4 413,5 6 529,5 (32%) 18 646,4 17 678,9 5%
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы
(унциясына АКШ доллары менен)
1 689 1 376 23% 1 570 1 239 27%
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн. АКШ доллары менен) 239,7 288,9 (17%) 941,1 704,3 34%
Жалпы өндүрүштүк чыгымдар (амортизацияны жана эскирүүнү эске алуу менен)(млн. АКШ доллары менен) 112,1 79,7 41% 392,1 291,1 35%
Дүң кирешеге салык + Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос (млн. АКШ менен) 36,7 13,8 166% 142,1 102,5 39%
Капиталдык чыгымдар (млн. АКШ менен) 28,5 53,3 (47%) 180,7 186,5 (3%)
Геологиялык чалгындоолорго чыгымдар (млн. АКШ менен) 2,7 3,7 (27%) 12,7 11,5 10%
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 37 124 29 561 26% 150 605 116 466 29%
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 1 095 2 812 (61%) 6 020 5 765 4%
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң тонна) 1 450 1 303 11% 5 815 5 594 4%
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 3,80 7,06 (46%) 3,79 4,02 (6%)
Алтынды бөлүп алуу пайызы (пайыз менен) 77,6 84,1 (8%) 80,8 79,5 2%

 

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2011-жылдын 12 айында компания тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, КРнын Социалдык фондуна которуулар түрүндө төлөмдөр, ошондой эле башка милдеттүү төлөмдөр 173,76 млн. доллардан ашып кетти, ал КРнын Улуттук банкынын 2011-жылдын 31-декабрына карата курсу боюнча 8 млрд. 77 млн. сомдойду түздү.

Таблица  3

“Кумтөр” долбоору боюнча 2011-жылдын 12 айындагы салык жана милдеттүү которуулар

2011-жылдын 31-декабрына карата

Миң АКШ доллары менен

Дүң кирешеге салык 131 271,0
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 10 790,1
Экологиялык төлөм 310,0
Киреше салыгы 5 022,2
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 24 268,8
Бажы төлөмдөрү 1 080,7
Резидент эместердин кирешелерине салыктар 950,3
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 69,5
Жалпысынан 173 762,7
Маалымат үчүн: 31. 12. 2011-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна
карата расмий курсу
46,4847
Төлөнгөн төлөмдөрдүн эквиваленти млн. сом менен 8 077,308

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги «Кумтөр» долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң кирешеге салыкты жана Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусуна взносторду эсептөө үчүн база катары көрсөтүлгөн мезгилге продукцияны сатуудан иш жүзүндөгү акчалай түшүүлөр саналат.


Жылдык дивиденддер

Мурда билдирилгендей, 2011-жылдын майында «Центерра Голд Инк.» («Центерра») компаниянын Торонтодогу биржада катталган бардык акционерлерине дивиденддерди төлөп берди.

«Кыргызалтын» ААКсы, «Центерранын» акцияларынын эң ири – 33%га жакынынын кармоочусу болуу менен өзүнүн баалуу кагаздары боюнча 30 млн. 167 тыс. доллар суммадагы таза киреше алды.


Башка төлөмдөр

2011-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн суранычы боюнча, «Кумтор» Кыргызстандын мектептеринин курулушуна жана реконструкциялоого 10 миллионов доллар бөлдү.


Кыргыз Республикасынын территориясындагы төлөмдөр

2011-жылы Кыргыз Республикасынын территориясындагы төлөмдөр (салыктарды, аффинаж үчүн акыны, товарларды жана кызматтарды бергени үчүн жергиликтүү берүүчүлөргө төлөөлөрдү, инфраструктура, кайрымдуулук ж.б. төлөмдөрдү кошо алганда)  383 млн. доллардан ашып кетти.

Жалпысынан компания иштеген 1994-жылдан 2011-жылга чейинки мезгилде «Кумтөралтын» долбоору боюнча Кыргызстандын территориясындагы төлөмдөр 1 миллиард 852 миллион долларга жеткен.

Республиканын территориясындагы жалпы төлөмдөрдүн структурасы №4 таблицада келтирилген.


Компаниянын өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн Кыргыз Республикасынын макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө таасири

КРнын Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматтары боюнча:
●   «Кумтөрдүн» өлкөнүн ИДПсындагы үлүшү 2011-ж. 11,7%ды түздү;
●   «Кумтөрдүн» өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндөгү үлүшү  26,1%ды түздү;
●   Экспорттун жалпы көлөмүндөгү алтындын үлүшү 2011-ж. 51,1%ды түздү.

Таблица 4

«Кумтөр» долбоорунун Кыргыз Республикасынын территориясындагы төлөмдөрүнүн структурасы

Млн. доллар менен

2011-ж.

1994 – 2011-жж.

Салык, бажы ж.б. милдеттүү төлөмдөр 138,394 524,259
Кыргыз Республикасынын Соцфондуна төлөмдөр 24,269 72,476
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 10,790 23,036
Лицензиялар жана уруксат берүүлөр үчүн акы төлөөлөр 0,280 2,019
Экологиялык төлөмдөр жана курчап турган чөйрөнү коргоо агенттигинин пайдасына которуулар 0,310 3,439
«Кыргызалтын» ААКсынын пайдасына төлөмдөр 0,607 11,421
Аффинаж үчүн акы төлөө 2,947 34,197
«Центерранын» акцияларын сатып өткөрүүдөн түшкөн каражат 86,000
Дивиденддер 30,167 44,413
Кыргыз Республикасындагы сатып алуулар:
– берүүлөр жана кызматтар
79,953 482,836
– азык-түлүк продуктылары 4,949 41,193
КРнын инфраструктурасына тиешелүү төлөмдөр:
– электр энергиясы
12,429 108,399
кен ишканасынан тышкары жолдорду жакшыртуу жана тейлөө 1,559 33,802
«Тамга-Кумтөр» ЭБЛ 41,612
КОКтун кызматкерлеринин таза эмгек акысы 64,793 312,076
Санатордук дарылануу 0,120 0,608
Билим берүүнү колдоо, стипендиялар жана окутуулар 0,109 3,765
Демөөрчүлүк жана кайрымдуулук жардамдары 1,211 9,866
Мектептерди курууга жана реконструкциялоого жардам 10,000 10,000
Регионду туруктуу өнүктүрүү программасы 0,286 2,205
Жергиликтүү жамааттарга төлөмдөр боюнча макулдашуу 4,400
Жалпысынан 383,172 1 852,023


2012-Жылга перспективалар

  • Компания “Кумтөр” кен ишканасында өндүрүштүн көлөмү 2012-жылы  575тен 625 миң унцияга (17,8 – 19,4 тонна) чейинди түзөт деп пландаштырууда.
  • Өндүрүштүн планы 2012-жылы өткөн жылдагы продукция чыгаруунун бирдей өлчөмдөгү графигинен олуттуу айырмаланмакчы. I кварталда жылдык пландан 12%, II кварталда – 20%, III кварталда – 25% чыгарылат жана  жалпы өндүрүлө турган алтындын көлөмүнөн 43% үстүбүздөгү жылдын IV кварталына туура келмекчи.
  • 2012-жылы өндүрүштүк планды аткаруу байыраак рудасы бар участокко жетүүнү камсыз кылуу үчүн жаңы тоо-кен жабдуусун өз убагында жеткирүүгө жана ачуу иштеринин графигин сактоого байланыштуу болмокчу.
  • 2012-жылы “Кумтөрдө” жалпы капиталдык чыгымдар 373 млн. доллар өлчөмүндө пландаштырылууда, анын ичинен 328 миллиону өндүрүштү өнүктүрүүгө, а 45 миллион доллар негизги фонддорду модернизациялоого багытталмакчы.
  • Негизги фонддорду модернизациялоого бөлүнгөн каражаттарды эң көп бөлүгү оор техниканын капиталдык ремонтуна (21 млн. доллар), карьерден сууну качыруу боюнча иштерге (8 млн. доллар), калдыктар чарбасынын дамбасын бекемдөө боюнча иштерге (4 млн. доллар), өнөр жай агындыларын тазалоо станциясын көчүрүүгө (5 млн. доллар), техниканы алмаштырууга жана башка муктаждыктарга (7 млн. доллар) жумшалмакчы.
  • Өнүктүрүүгө каражаттар негизинен карьерди кеңейтүү боюнча иштерге (128 млн. доллар), 25 САТ 789 жүк ташуучу автомашиналарын, 4 бургулоочу жабдууну жана 4  Hitachi 3600  экскаваторун (126 млн. доллар) жана башка техниканы (11 млн. доллар) сатып алууга жумшалмакчы. Андан тышкары, 63 млн. доллар жабдууларды сатып алууга жана жер астындагы участокторду ыңгайлаштырууга багытталмакчы.
  • Жантайыңкы кирүүчү жерлерди жасоо боюнча иштер болжол менен 2012-жылдын үчүнчү кварталында биригүү стадиясына жетет. №1 түшүүчү жердеги биригүү чекитине 125 метр өтүү жана №2 түшүүчү жерде 660 метрдей өтүү керек. Ошондой эле  SB зонасына жетүүгө жол ачыш үчүн кошумча 708 метр бургулоо пландаштырылууда. SB зонасынан алгачкы рудага 2013-жылдын экинчи кварталында жетүү болжолдонулууда.
  • Геологиялык чалгындоо иштерине 2012-жылы 15 млн. доллар жумшоо пландаштырылууда.

Комментарий

– Биз 2011-жылдын планын аткара жана ишканада коопсуздук техникасы боюнча жакшы көрсөткүчтөргө жетише алдык. 2012-жылы биздин алдыбызда жаңы масштабдуу милдеттер турат.  Биз тоо-кен техникасы паркын олуттуу толукташыбыз, жер астына жантайыңкы түшүүчү жерлерди бириктиришибиз жана төртүнчү кварталда карьердин түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү рудалуу жерге жеткенибизде алтынга бай руданы казып алууга көңүл топтошубуз керек. Ушуга байланыштуу, жылдын башталышында, өндүрүштүк планга ылайык, минимум продукция чыгаруу белгиленген, а жалпы өндүрүлүүчү алтындын жалпы көлөмүнүн максимуму жылдын аягына туура келет.  Быйылкы жылдын февралындагы кен ишканасынын жумушчуларынын иш таштоосуна карабастан, биз өндүрүштүк милдеттерибизди аткара алабыз деп үмүттөнөбүз, – деп белгиледи «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти Майкл Фишер.

●   ●   ●

«Кумтөр» кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан  2011-жылдын 31-декабрына чейин «Кумтөрдө» жалпысынан 8,4 млн. унция же 260,7 тоннадай алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр Оперейтинг Компани” «Кумтөр» долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

Centerra Gold Inc. («Центерра») Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, өнүгүүгө багытталган алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. «Центерра» түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана ири батыш компаниясы – Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү болуп саналат. «Центерранын» акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.

Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерранын» акцияларынын эң ири пакетинин  – 77 401 766 акциянын – 33%га жакынынын кармоочусу болуп саналат. 2012-жылдын 1-мартына карата Кыргызстандын акцияларынын пакетинин наркы 1 млрд. 546 млн. доллардан ашып кетти.

Азыркы учурда «Центерра» Кыргыз Республикасында жана Монголияда иштеп жаткан эки алтын кен ишканасына ээ. Андан тышкары, Компаниянын Монголиянын, Түркиянын, Кытайдын жана Россия Федерациясынын перспективалуу объектилеринде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө үлүштүк катышы бар.

«Центерра» жөнүндө кошумча маалымат SEDAR сайтында: www.sedar.com жана компаниянын сайтында: www.centerragold.com, жеткиликтүү, ошол эле жерден 2011-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти менен таанышууга болот. «Кумтөр Оперейтинг Компани» жөнүндө маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.

________________________________________________________________________
* – Малымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.

** – Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, анда бардык акча суммалары АКШ доллары менен келтирилген.

*** –Доре куймасы – «Кумтөр» кен ишканасындагы өндүрүштүн акыркы продуктысы, анда 85%га чейин алтын, ошондой эле күмүштүн, цинктин, жездин жана никелдин аралашмасы бар.

Кошумча маалымат үчүн ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмгө кайрылыңыздар