«Кумтɵр» компаниясынын ыктыярчылары Сокулуктагы реабилитациондук борбордун балдарын келе жаткан Жаңы Жыл майрамы менен куттукташты

«Кумтɵр» компаниясынын ыктыярчылары Сокулуктагы реабилитациондук борбордун балдарын келе жаткан Жаңы Жыл майрамы менен куттукташты

Жарыяланган: 27 December 2019

2019-жылдын 26-декабрь күнү «Кумтɵрдүн» персоналды ɵнүктүрүү жана администрация бɵлүмүнүн кызматкерлери Сокулуктагы мүмкүнчүлүктɵрү чектелген балдар үчүн реабилитациондук борборго барышты.

Ыктыярчылар борбордун тарбиялануучуларын Жаңы жыл майрамы менен куттукташып, таттуу белектерин беришти. Мындан тышкары, борбордун жетекчилигинин ɵтүнүчү боюнча, кумтɵрчүлɵр балдарга ачытылган сүт азыктарын алып беришти.

Компаниянын кызматкерлери Чуй облусунун Сокулук айылында жайгашкан мүмкүнчүлүктɵрү чектелген балдар үчүн реабилитациондук борборду 2016-жылдан баштап «шефтикке» алышкан. Буга чейин кызматкерлер тарабынан чогултулган каражатка борбордун аймагы оңдолуп түзɵлгɵн, ал эми тарбиялануучулар үзгүлтүксүз түрдɵ оюнчуктар, памперс каражаттары, кийим-кечек жана тамак-аш азыктары менен камсыздалып турушат.

«Жыл ичинде кызматкерлерибиз Сокулуктагы реабилитациондук борбордун балдарына конокко барышат, аларга майрам уюштурушат жана, албетте, белектерди тартуулашат – бул биздин бɵлүм үчүн жакшы адатка айланды» деп «Кумтɵр Голд Компанинин» персоналды ɵнүктүрүү жана администрация бɵлүмүнүн менеджери Гульмира Турдубаева белгиледи.

Сокулуктагы реабилитациондук борбор мүмкүнчүлүктɵрү чектелген балдарга тарбия жана билим берүү үчүн оптималдуу шарттарды түзүү жана балдарды ɵз алдынча активдүү жашоого даярдоо максатында 2014-жылы түзүлгɵн. Азыркы учурда бул жерде туруктуу жардамга муктаж 75 бала тарбияланат.