20.09.2020: 11.76 USD карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 910 244 768 USD

«Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери регионго жардам берүүнү улантууда

Жарыяланган: 25 July 2020

«Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери Кыргыз Республикасында коронавирустук инфекция менен күрөшүүгө ыктыярдуу жардамдарды чогултууну улантууда. Бул жолу чогулган каражаттардын бөлүгү Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы райондук оорукана үчүн эки муздаткыч жана жеке коргонуу каражаттарынын топтомун сатып алууга багытталды. Жалпысынан 2 муздаткыч, 90 даана коргоочу комбинезон жана 50 даана коргоочу экран-калкан өткөрүлүп берилди.

Мындан мурда Кыргыз Республикасында коронавирустук инфекция менен күрөшүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу үчүн «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлеринин ыктыярдуу жардамдарынын эки траншы КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын эсебине COVID19 менен күрөшүү боюнча КР Саламаттык сактоо министрлиги үчүн которулганын белгилей кетмекчибиз.

Андан тышкары, Балыкчы өткөөл базасындагы «МАК» автомашиналардын айдоочулары жана диспетчерлери Балыкчы аймактык шаардык ооруканасына 350 000 сом каражат топтоп, ага дарыларды, антисептиктерди, жеке коргонуу каражаттарын (ЖКК), ошондой эле эки кычкылтек концентраторун сатып берүү менен жардам көрсөтүштү.

Каражат чогултуу уланууда.

Предыдущая публикация«Кумтор Голд Компани» ЖАК Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелерине 90 кислороддук концентратор берет Следующая публикация«Кумтөр» компаниясы IT-технологияларды өнүктүрүү жана Ысык-Көл облусунун жаштарынын арасында санариптик сабаттуулукту жогорулатуу боюнча долбоорду колдоду
20.09.2020: 11.76 карата Centerra Gold Inc.акцияларынын Торонто биржасындагы баасы USD Centerra Gold Inc. акцияларында КР үлүшүнүн наркы: 910 244 768 USD
© 2011-2020 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.