иштетилген майдын жана антифриздин аралашмасын кайра иштетүү

иштетилген майдын жана антифриздин аралашмасын кайра иштетүү

Жарыяланган: 14 April 2017

КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫК

Кумтөр Голд Компани ЖАКу Кумтөр кен-жайында 2017 жыл бою пайда болгон, иштетилген майдын жана антифриздин 50:50 пропорциясындагы аралашмасын кайра иштетүү боюнча коммерциялык сунуштарын кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.

Аралашманы толтуруп берүү жана коё берүү иштери КГКнын эсебинен, текшерилген жана калибрленген авто тараза аркылуу өткөрүлүп, бул аралашманы кайра иштетип кандайдыр бир продукция чыгаруучу ишканаларга же жеке ишкерлерге гана берилет. Кен жайында пайда болгон аралашманын орточо көлөмү айына 150 тоннаны түзөт.

Бул жарыяга кызыккан бардык тараптардын коммерциялык сунуштары эӊ аз дегенде төмөндө белгиленген маалыматтарды камтуусу зарыл:
1. Каттоо документтеринин көчүрмөлөрү:
2. Жабдуулар тууралуу жана аралашманы кайра иштетүү технологиясы жөнүндө кенен маалымат (менчиктик, ижара жана өнөктөштүк укуктарын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн кошо тиркеп, кайра иштетүүчү жабдуулар орнотулган жайдын дарегин белгилеӊиз);
3. Ыйгарым укуктуу органдарынын иштетилген майлар менен антифриздин аралашмасын утилизациялоо/кайра иштетүү ишмердүүлүгү тууралуу берген корутундуларынын көчүрмөсү;
4. Кайра иштетүүнүн жыйынтыгында өндүрүлгөн продукттун сапат тастыктамасынын көчүрмөсү;
5. Сунуштоо берген тараптын акыркы 2 жыл ичинде катышкан чоӊ тендерлер же болбосо иш-аракеттер жөнүндө кыскача маалымат;
6. Иштетилген майды Кумтөр кен-жайынан кайра иштетүүчү жайга чейин өз күчү менен ташуу үчүн колдонулган атайын транспорт тууралуу маалымат.
7. Бир тонна иштетилген майды “бардыгы камтылган” шарты менен (төлөнүүгө жаткан салыктар, жыйымдар жана башка милдеттүү чегерүүлөр жана төлөмдөр) кайра иштетүү үчүн, 2017 жылдын аягына чейин бекитилген баалар тизмесин камтыган коммерциялык сунуш.

Кызыккан тараптар, бул иштин сапатын жана үзүрдүүлүгүн арттыруу үчүн керек болгон ар-кандай кошумча шарттар болсо, аларды билдире алышат.
Конкурска катышуу билдирмелери оозу чапталган, үстүндө «Конкурс: Иштетилген майды кайра иштетүү» деп жазылган конверттин ичинде 2017 жылдын 28 апрели, 17:00 чейин Бишкек шаары, Ибраимов көч. 24, Учкун ААКнын 10 каб. тапшырылышы керек.

Кошумча маалымат алыш үчүн электрондук каттарыӊыздарды kumtor_localbuyer@kumtor.com электрондук дарегине, сунуштоолорду кабыл алуу мөөнөтүнүн аягына чейин жибериӊиздер.

КГК ишканасы, ар-кайсы сунуштоонун бүтүнүн же белгилүү бир бѳлүгүн кабыл алуу же албоо укугун сактайт. Ошондой эле, кызыккан тараптардын тендерге катышуу үчүн жасаган чыгымдарынын ордун толтуруу милдеттенмесинен баш тарткандыгын КГК ачык жана айкын билдирет. КГК, тандоо комиссиясы тарабынан келишим түзүү үчүн тандалган талапкер менен же конкурстун кийинки этабына өткөн талапкерлер менен гана байланышка чыгуу укугун сактайт. Бул конкурсту өткөрүү жөнүндөгү жарыя айкын оферта катары кабыл алынбашы керек, жана КГК конкурстун жыйынтыктары жөнүндө эч кандай түшүндүрмөлөрдү берүүгө жана талапкерлер тарабынан жиберилген документтерди өздөрүнө кайра кайтарууга милдеттүү эместигин билдирет.