2020-жылдын биринчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

2020-жылдын биринчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

Жарыяланган: 13 May 2020

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (“Кумтөр”) 2020-жылдын биринчи чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктарын чыгарышты. 2020-жылы үч ай ичинде “Кумтөрдɵ” 152 307 унция1 же 4 737,28 кг алтын өндүрүлүп, компаниянын салыктары жана милдеттүү төлөмдөрдү 2,82  миллиард сомдон ашкан.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2020-жылдын биринчи чейрегинде Кумтөрдүн кен кампасындагы алтын өндүрүүнүн көлөмү 152 307 унция (2019-жылдын ошол эле чейрегинде ал 150 308 унцияны) түзгөн. Биринчи чейректе белгиленген өсүш, ириде рудадан алтынды ылгап алуунун жогорку көлөмү, ошондой эле курамында алтын бар көмүртек бөлүктөрүн кайра иштетүүнүн натыйжасында алтын өндүрүүнүн жогорулашына байланышкан, бул бир жагынан кендеги алтын курамынын төмөндөшү менен теңделген. 2020-жылдын биринчи чейрегинде өнөр жайлык кайра иштетүүгө 83,7% ылгоо көлөмүндөгү 3,5 г/т орточо курамы менен руда берилген, мурунку жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,7 г/т жана 82,0% түзгөн.

2020-ж. биринчи  чейрегинде 160 090 унция, же 4 979,36 кг алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2020-ж. биринчи чейрегинде 248,9 млн долларды2 түздү.

“Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууга ылайык “Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз кана “Кыргызалтын” ААКы ээ.

Акыркы учурдагы окуялар

Башка маселелер менен катар эле Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүнүн курчтугун эске алып, “Кумтор Голд Компани” компаниясы Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүү боюнча мурда түзүлгөн Социалдык өнөктөштүк фондуна кошумча каражаттарды которууну максатка ылайыктуу деп тапкан. Ошентип, 2020-жылдын мартында аталган Фондго кошумча 9 млн доллар которулган. Андан тышкары, компания Фондго дагы ар бир чейректе өзүнүн өндүрүштүк ишмердигинен 2,2 млн доллар бөлүп турууга ниеттенүүдө, бул төлөмдөрдүн жалпы суммасы 22 млн долларга жетмейинче уланмакчы.

2020-жылдын 15-февралында «Кумтөр» кенинде адам өлүмүнө алып келген кырсык болуп өттү. Тактап айтканда, кендин түштүк-чыгышына беш километрде жайгашкан Петров көлүнүн жанындагы көлмөгө экскаватор кулап кеткен. Кырсык фактысы боюнча ички иликтөө жүргүзүлгөн. Муну менен компаниянын жетекчилиги Кыргыз Республикасынын контролдоочу жана башка мамлекеттик органдарына кырсыктын себебин аныктоо ишине ар тараптуу көмөк көрсөтүлдү.

2019-жылдын 1-декабрында Лысый суусунун жанындагы бош тек үймөгүндө болгон жер көчкүнүн кесепети Компаниянын эки кызматкеринин өлүмүнө алып келди. Компания кооптуу зонадан кендин бардык кызматкерлерин тезинен көчүрүп, бардык тоо-кен иштерин тезинен токтотууну жарыялаган. Кеңири издөө иштеринен кийин  2020-жылдын январь айында туугандарынын макулдугу менен издөө иштерин токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган. 2020-жылдын январь айынын аягында өндүрүштүн колдонуудагы эрежелерин, коопсуздук техникасынын эрежелерин терең изилдегенден кийин, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашып, алардын жактыруусу менен компания тарабынан тоо-кен иштерин кайра улантуу тууралуу чечим кабыл алынган. Өзгөрүлгөн план боюнча 2020-жылы тоо иштерин улантуу үчүн алынган уруксаттын негизинде компания борбордук өрөөнүнө бош тек үймөгүн жайгаштырууда. 2020-жылдагы тоо иштеринин алгачкы планында каралгандай, азыркы учурда “Кумтөр” Лысый суусунун өрөөнүнө жакын жерде бош тек үймөгүн жайгаштыра албайт.

Белгилүү болгондой, 2020-жылдын экинчи жарымында “Кумтөр”кени боюнча Техникалык отчет даярдалат.

COVID-19

2020-жылдын биринчи чейрегинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн колдоосу менен Кумтөрдө COVID-19 вирусунун жайылышын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн. Ошентип вахта иштеринин мөөнөтү узартылып, алтын ылгоочу фабрикаларда негизги өндүрүштөрүндө иштеген жана тоо-кен иштеринин өндүрүшүнө тартылган кызматкерлердин ортосундагы контакттарды азайтуу, эмгек гигиенасынын эрежелерин катуу сактоо, келишим менен иштеген кызматкерлер үчүн дагы эмгектин коопсуз шарттарын камсыздоо максатында, ошондой эле жергиликтүү калктын жана башка кызыкдар адамдардын кызыкчылыгында социалдык аралыкты сактоо боюнча чаралар кабыл алынды. Андан тышкары, бул чаралар кен үзгүлтүксүз иштей тургандай бардык байланыштын тынымсыз иштешин камсыздоо максатын көздөйт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан өлкө ичиндеги адамдардын жана жүктөрдүн кыймылынын эркиндигине киргизилген чектөөлөрдүн катаалдыгына карабастан, Өкмөт тарабынан «Кумтөр» кениндеги өндүрүштүн үзгүлтүксүздүгүн камыздоо ишине колдоо көрсөтүлдү.

1 – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
2 – Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.
3 – Тегерекөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн
4 – «Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрүнө кирбейт жана Центерранын 2020-жылдын 1-майындагы пресс-релизинде “Non-GAAP Measures” бөлүмүндө баяндалат
5 – Финансылык көрсөткүчтөр «Центерранын» 2020-жылдын 1-майындагы пресс-релизине негизделген.

 

2020-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыктары 2019-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыктарына салыштыруу менен

2020-жылдын 31-мартына карата иштеген үч айдын жыйынтыгында  Кумтөр өндүрүштүк кирешелердин жана пайдалардын өсүшү 28%ды, ал эми өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 37%ды түздү. Көрсөтүлгөн өсүш алтынды сатуунун орточо баасынын 20%га жогорулашына, ошондой эле 2020-жылдын биринчи чейрегинде 2019-жылдын биринчи чейрегине салыштырмалуу продукцияларды сатуу көлөмүнүн 7%га өсүшү менен байланыштуу.

2020-жылдын биринчи чейрегиндеги өндүрүштүк акчалай агым 134,3 млн долларды түздү, тактап айтканда, өткөн жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 14,3 млн долларга көбүрөөк, бул дебитордук карыздын олутуу көбөйүү жана салыктар боюнча төлөөнүн көбөйүшүнөн улам жүгүрмө капиталдын акча каражаттарынын көлөмүнүн төмөндөшүнүн натыйжасында өзүнчө теңделген өндүрүштүк кирешелердин өсүүсү менен байланышкан. 2020-жылдын биринчи чейрегиндегы эркин акчалай каражаттардын агымы 2019-жылдын биринчи чейрегиндеги 91,6 млн долларга салыштырмалуу 95,6 млн долларды  түздү. Көрсөтүлгөн өсүш операциялык акчалай агымдын жогорулашына байланышкан, бирок анын бөлүгү кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга чыгымдардын көлөмүнүн өсүшү менен теңделген.

2020-жылдын биринчи чейрегинде Лысый өрөөнүндөгү бош тек массасынын жылып кетишинен улам токтотулган тоо-кен иштери жаңыртылгандан кийин, Кумтөр тарабынан батыш зонада жана SB Zone жайгашкан №19 участоктогу иштер аяктады жана №20 участокто кыртыш ачуу жана музду башка жакка жайгаштыруу иштери улантылды.

Тоо-кен иштеринин жалпы көлөмү 20 млн тоннаны түздү, бул мурунку жылдын ошол эле мезгилиндеги 49,2 млн тоннага салыштырмалуу 59%га азыраак, бул эң ириде 2019-жылдын декабрь айынан баштап, 2020-жылдын январь айына чейин иштин токтоп калганына, ошондой эле ташуулардын каттамы узарганына, анын натыйжасында компания үчүн Лысый суу өрөөнүндөгү бош текти пайдалануунун мүмкүн эместигине  байланыштуу. 2020-жылдын биринчи чейрегинде ылгап алынган 20 млн тоннанын ичинен 18 млн тонна №20 иш зонанын келечеги үчүн ишке ашуучу бош тек кыртышын ачуу түрүндө капиталдыштырылган. Азыркы учурда 2020-жылга тоо-кен иштеринин өзгөртүлгөн жана бекитилген планында каралгандай, Кумтөр тарабынан борбордук өрөөндө жайгашкан бош тек пайдаланылууда.

Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, тоо-кен иштерине жумшоолор 2020-ж. биринчи чейрегинде 35,4 млн долларды түздү, 2019-жылдын ушул эле чейрегинде 51,3 млн долларды түзгөн. Тоо-кен иштеринин өндүрүшүнө чыгымдардын төмөндөшү 2020-жылдын биринчи чейрегинде 2020-жылдын январындагы тоо-кен иштеринин токтоп калганына байланыштуу.

2020-жылдын биринчи чейрегинде Кумтөрдүн кен кампасындагы алтын өндүрүүнүн көлөмү 152 307 унция (2019-жылдын ошол эле чейрегинде ал 150 308 унцияны) түзгөн. Биринчи чейректе белгиленген жогорулоо, ириде рудадан алтынды ылгап алуунун жогорку көлөмү, ошондой эле курамында алтын бар көмүртек бөлүктөрүн кайра иштетүүнүн натыйжасында алтын өндүрүүнүн жогорулашы менен байланышкан, бул бир жагынан кендеги алтын курамынын төмөндөшү менен теңделген сыяктуу. 2020-жылдын биринчи чейрегинде өнөр жайды кайра иштетүүгө 83,7% ылгоо көлөмүндөгү 3,5 г/т орточо курамы менен руда алынган, мурунку жылдын ушул эле чейрегинде бул көрсөткүчтөр 3,7 г/т жана ага ылайык 82,0%ды түзгөн.

Фабрикалык жумшоолорго чыгымдар 2020-ж. биринчи чейрегинде 17,4 млн долларды түздү, ошол эле көрсөткүч 2019-ж. биринчи чейрегинде 17.2 млн долларды түзгөн, бул негизинен көмүрдүн майдасын кайра иштетүүгө кошумча жумшоолордун көбөйүшүнө байланыштуу. Бирок бул кычкылдыгы аз реагенттерди сатып алууга чыгымдардын кыскарышы менен компенсацияланган.

Кен ишкананы багууга жумшоолор 2020-ж. биринчи чейрегинде жалпысынан 10,0 млн долларды түздү, 2019-ж. ал 11,8 млн долларды түзгөн. Бул кыскаруу жергиликтүү валютанын алмашуу курсунун жагымдуу динамикасынын натыйжасында, келишим менен иштеген кызматкерлердин эмгек акысына жумшоолор азайып, лагерди материалдык-техникалык камсыздоого жумшоолор кошо кыскарышы менен байланышкан.

2020-жылдын биринчи чейрегиндеги Кумтөрдөгү сатылган продукциянын унциясына кайра эсептегенде өндүрүштүк чыгымдар 322 долларды түздү, 2019-жылдын ушул эле чейрегинде 360 долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн кыскартуу алтын сатуунун көлөмүнүн жогорулашы жана күмүш сатуунун өсүшүнүн натыйжасында өндүрүштүк чыгымдардын азайышы жана кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруунун көбөйүшүнүн натыйжасы.

Кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4  сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде, дүң киреше салыкты кошпогондо, 2020-жылдын биринчи чейрегинде 644 долларды түздү, 2019-жылдын биринчи чейрегинде болсо 553 долларды түзгөн. Белгиленген көбөйүү негизинен кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын облустук фондуна 9 млн долларды төлөө менен байланышкан, бул алтын сатуунун көлөмүнүн өсүүсү менен жарым-жартылай компенсацияланган.

2020-жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч дүң киреше салыгын кошкондо бир унцияга 864 доллар болду, өткөн жылдын ушул эле чейрегинде 735 долларды түзгөн.

Геологиялык чалгындоо иштеринин жүрүшү                                                                     

2020-жылдагы бургулоо иштеринин программасы 55 миң метр чалгындоо жана 15 миң метр тыгыздоо бургулоо иштерин жүргүзүү тапшырмасын кароодо, алар приоритеттүү жана перспективалуу жерлерге топтоштурулган. Иш зоналар биринчи кезекте 2018-2019-жылдарда алынган геологиялык моделдөө жана бургулоонун оң натыйжаларын пайдалануу менен курулган  жакында эле “Кумтөрдүн” жаңыланган ресурстук блок-модели бар, өзүнө борбордук, түштүк-батыш жана Сары-Төр карьерлеринде жайгашкан аймактарды камтыйт. Бул өлчөнүп эсептелген жана алдын ала бааланган ресурстардын көлөмүндө олуттуу өсүүнү көрсөткөн.

Андан тышкары, “Кумтөр” алтын минералдаштыруу – түндүк-чыгыш аймакта, Боордуу, Акбел, ошондой эле концептуалдуу жерлердеги (“Үмүт” иш зонасы ж.б.) чалгындалып бүтө элек сегменттердеги чалгындоо бургулоону жаңылоо күтүлүүдө.

2020-жылдын биринчи чейрегиндегы чалгындоо бургулоо иштери программасын аткаруунун алкагында  жалпы узундугу 13 816 метрди түзгɵн, кайра артка жууп тазалоосун 2 037 метр болгон 18 бургулоо скважинасы алмаз менен бургулоо ыкмасы аркылуу ишке ашты. Бургулоо иштеринин башкы милдети ал жердеги кошумча карьердик ресурстардын болушуна үстүнкү катмар зоналарын сульфиддик-оксиддик минералдаштыруу текшерүү. Көрсөтүлгөн зоналар борбордук жана түштүк-батыш карьердин ортосундагы коридордо, (“Хоккей клюшкасы” жана “Кошулуу”), Сары-Төр карьеринин перифериясында, түндүк-чыгыш аймактарда, Муздуу-Суу чөлкөмүндө, ошондой эле борбордук карьердин түндүк-чыгыш учтарында жайгашкан.

Бургулоо скважиналарыны жөнүндө маалыматтар жана тиешелүү графика төмөнкү шилтемелерде жайгаштырылган:

https://pr.globenewswire.com/FileDownloader/DownloadFile?source=ml&fileGuid=628538a8-5aa1-42a4-9bbf-ee8625f76863

Квалификациялуу адам жана сапат кепилдиги/сапатты көзөмөлдөө — Геологиялык чалгындоо иштери

Геологиялык чалгындоо иштеринин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат, ошондой эле “Кумтөр” кенине карата ушул документте келтирилген илимий-техникалык маселелерге байланыштуу маалыматтар NI 43-101 стандарттарына ылайык даярдалган.  Аларды текшерүү, тактоо жана компиляция “Америкалык кесипкөй геологдордун институту” (AIPG) ассоциациясынын мүчөсү, “Центерра” компаниясынын башкы геологу, дүйнөнүн ар кайсы жерлериндеги геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү маселелерине жооп берген Борис Котляр тарабынан ишке ашырылды, анын квалификациясы NI 43-101 стандартын толук канааттандырат. Үлгүлөрдү даярдоо, талдоо методу, тартылган лабораториялар, ошондой эле чалгындоо бургулоо программаларынын алкагында аткарылган сапаттуу иштерди контролдоону ишке ашыруунун тартиби, Кумтөрдүн 2014-жылдын 31-декабрындагы Техникалык отчетунда жазылгандарга туура келет. Кумтөр кенинин мүнөздөмөсү Кумтөрдүн жыл сайынкы маалыматтык формулярында жана 2019-жылдын Техникалык отчетунда келтирилет. Бул эки документ тең   www.sedar.com. шилтемеси менен жеткиликтүү болгон SEDAR издөө системасынын архивинде жеткиликтүү.

КР мамлекеттик бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү төгүмдөр

2020-жылдын алгачкы үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 2,82 миллиард сомдон ашты.

Комментарий                                                                                                                 

Центерранын Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Перри: “Биз COVID-19 вирусуна каршы күрөшүүнүн алкагында анын жайылышын алдын алуу, кызматкерлерибиздин, келишим менен иштеген адамдардын, ошондой эле жергиликтүү калктын ден соолугун жана коопсуздугун камсыздоо боюнча профилактикалык чараларды көрүүдөбүз. Андан тышкары, 2020-жылдын 19-апрелинде “Өксүт» кенинде бир жылдык ишибизди үзгүлтүккө учуратуучу кырсыктарсыз жыйынтыктаган маанилүү окуяны белгиледик. Мындай жетишкендиктердин артында өзүбүздүн  «Work Safe-Home Safe» программабызды кынтыксыз аткаруубуз турат” – деп белгиледи.

«Кумтөр» менен «Маунт Миллигандын» 2019-жылдын төртүнчү чейрегиндегы натыйжалуу ишмердиги 2020-жылдын биринчи чейрегинде дагы ийгиликтүү уланды. Бул эки ишкана тең 185 988 унция көлөмүндөгү жалпы алтын өндүрүүгө жетишишти, муну менен алардын сатылган продукцияны унцияга кайра эсептегенде кошумча өндүрүмдүн негизиндеги алардын өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолору4 2020-жылдын биринчи чейрегинде 712 долларды түздү. Бул чейрек Кумтөр үчүн дагы ийгиликтүү болду: 152 307 унция алтын өндүрүлүп, муну менен кошумча өндүрүмдүн негизиндеги өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4 644 долларды түздү.

«Кумтөр» чейрек бою штаттык режимде иштөөнү улантты. Фабрикада күн сайын  18 миң тоннага жакын кампадагы руда иштетилди. COVID-19 вирусу менен күрөшүүнүн алкагында ишканада төрт жумага чейин эки жумалык режим менен иштөөнүн вахталык ишинин графигин узартуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Жаңы нөөмөт өз убагында ордуна жеткирилет жана карантиндик шарттарда жашайт. Андан тышкары, кендин аймагына келген учурда, жетекчилик тарабынан ар кайсы нөөмөт кызматкерлеринин ортосундагы контакттарга жол берилбейт”.

 «Кумтөр» ишканасы

Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан “Кумтөр” кени, Борбор Азиядагы эң ири алтын кенин казуучу ишканалардын бири болуп эсептелет. Ал 1997-жылдан бери иштейт жана 2020-жылдын 31-мартына карата, өткөн мезгил үчүн алар тарабынан 12,8 млн унциядан ашуун алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

«Центерра» Түндүк Америка, Азия жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кен өндүрүү, өнүктүрүү, чалгындоо жана сатып алуу менен алектенген канадалык компания жана Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчүлөрдүн бири. «Центерранын» эки негизги активи –  Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар, жана үчүнчү болуп Түркияда 100% ээлик кылган Өксүт кени өндүрүшүн баштады. «Центерра Голд» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААК аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн – 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2020-жыл, 13-майга карата Кыргызстандын акциялар үлүшүнүн наркы 694 млн доллардан ашты.

«Центерра Голд» жөнүндө кошумча маалымат жана толук 2020-жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-релиз www.sedar.com  SEDAR системасында, www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда жеткиликтүү.

 Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 KGC.mediа@centerragold.com

– Соңу –