2012-жылдын I кварталынын жыйынтыктары

2012-жылдын I кварталынын жыйынтыктары

Жарыяланган: 30 May 2012

«Центерра Голд Инк.» компаниясы жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» 2012-жылдын  I кварталындагы ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. “Центерра Голд Инк.” компаниясы жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” 2012-жылдын I кварталындагы ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында “Кумтөрдө” 60 707 унция* же 1 888 кг алтын өндүрүлдү. Жыл башынан бери Компания 1,37 миллиард сомдон ашуун суммада  салыктарды  жана милдеттүү төлөмдөрдү которду.

Өндүрүш жана продукцияны сатып өткөрүү

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында “Кумтөр” кен ишканасында 60 707 унция алтын өндүрүлдү (салыштыруу үчүн: 2011-ж. ушул эле кварталында 164 167 унция алтын өндүрүлгөн).

Өндүрүштүн көлөмдөрүнүн олуттуу төмөндөөсү төмөнкүлөр менен түшүндүрүлөт:

-2012-жылдагы руданы казып алуу графигинин өзгөрүшү менен, ал башталгандан эле 2011-жылдагы руданы туруктуу казып алуудан олуттуу айырмаланат. Өндүрүштүн негизги үлүшү 2012-жылдын төртүнчү кварталына пландаштырылган;

-Алтын ылгоочу фабрикага (АЫФ) берилүүчү рудадагы алтындын төмөнүрөөк курамы жана бөлүп алуунун төмөнүрөөк пайызы менен, себеби фабрикалык кайра иштетүүгө складдык запастардагы жарды рудадан берилген.

2012-жылдын I кварталында АЫФга берилип жаткан рудадагы алтындын орточо курамы 1,98г/т, ал эми бөлүп алуу пайызы – 72,6%ды түздү, ошол эле учурда 2011-жылдын биринчи кварталында алтындын курамы – 4,12г/т, а бөлүп алуу пайызы – 82,6% болгон. 2012-жылдын I кварталында фабрикада 1,3 млн. тонна руда, башкача айтканда 2011-жылдын ошондой мезгилине салыштырмалуу 10%га аз руда кайра иштетилген. Бул 10 күндүк иш таштоонун жүрүшүндө ишти убактылуу токтотуунун натыйжасынан улам болгон.

2012-жылдын I кварталында сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 62 196 унцияны же 1 934,5 кг түздү. Бул мезгилдеги алтынды сатып өткөрүүнүн орточо баасы унциясына 1 732 долларды**, ал эми алтынды сатып өткөрүүдөн түшкөн каражат 117,7 млн. долларды түздү.

“Кумтөр” кен ишканасында өндүрүлгөн Доре куймалары бул “Кумтөр Оперейтинг Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коому тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада аны андан ары кайра иштетүү үчүн сатып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

Өндүрүштүк жана капиталдык чыгымдар

2012-жылдын I кварталында амортизацияны жана эскирүүлөрдү эске алганда жалпы өндүрүштүк чыгымдар 73 млн. долларды түздү.

Иш таштоонун натыйжасында ишкананын аргасыз токтоп туруусунан чыгымдар жана анын квартал аралыгындагы кесепеттери 4,6 млн. долларды түзгөн. Бир унция алтын өндүрүүгө жалпы чыгымдар 2012-жылдын биринчи кварталында өскөн жана унциясына 1202 долларды түзгөн. Бул негизинен өндүрүштүн көлөмүнүн 63%га кыскаруусунан жана тоо-кен техникасы паркын кеңейтүүдөн келип чыккан амортизациялык чыгымдардын өсүшүнөн улам болгон. Анын үстүнө 2012-жылдын биринчи кварталындагы руданы казып алуунун олуттуу көлөмдөрүндө музду жана бош тоо тегин жылдыруу боюнча иштер менен байланышкан нормативдерден олуттуу ашкан чыгымдар кошулду. Карьердин түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү муздун жана тоо тектин кыймылынын алдын ала билүүгө болбогон тездөөсү февраль иш таштоосу менен катар эле 2012-жылдын биринчи кварталынын планы менен казып алууга белгиленген рудага жетүүнүн жоготулуусуна алып келген. Бул участоктогу иштер 2012-жылы жана 2013-жылы олуттуу аракеттерди жана чыгымдарды талап кылат.

2012-жылдын I кварталында капиталдык чыгымдар жалпысынан 125 млн. долларды түздү. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталындагы модернизациялоого чыгымдар 5,5 млн. долларды түздү жана негизинен оор техниканын капиталдык ремонтуна (3,4 млн. доллар), карьерден сууну сордуруу боюнча иш чараларга (1,1 млн. доллар), майдалагычтын ремонтуна (0,4 млн. доллар) жана бүтүндөй бир катар башка долбоорлорго (0,6 млн. доллар) жумшалды. Жалпысынан өнүктүрүүгө чыгымдар 119,5 млн. долларды түздү жана ал САТ 789 тибиндеги жаңы жүк ташуучу автомашиналарын (72,0 млн. доллар) сатып алууга, кендин үстүн ачуу иштерин даярдоо боюнча иш чараларга (30,2 млн. доллар), жер астындагы зонаны жайгаштырууга (9,9 млн. доллар),  «Сандвик» тибиндеги кубаттуураак бургулоочу жабдууларды сатып алууга (5,1 млн. доллар), штокверк зонасындагы контурлоочу бургулоого (1,2 млн. доллар) жана башка бир катар долбоорлорго (1,1 млн. доллар) жумшалды.

2012-жылдын биринчи кварталында жер астындагы зонаны жайгаштыруу боюнча иштер улантылды, анда жалпысынан 474 метр өтүлдү. №1 портал (SB зонасындагы) 223 метр өтүүнү камсыз кылды, №2 порталдын участогунда биринчи кварталда SB зонасын көздөй багытта 251 метр өтүлгөн. Жер астындагы зонаны жайгаштыруу долбоору №1 портал менен №2 порталды 2012-жылдын үчүнчү кварталынын башталышында кошууга даярдоодо.

Башка өндүрүштүк маалыматтар №1 таблицада келтирилген.

Геологиялык чалгындоо иштери

2012-жылдын I кварталында бургулоо иштеринин көлөмдөрүнүн көбөйүшүнө байланыштуу геологиялык чалгындоо иштерине чыгымдар өстү жана 2,2 млн. долларды түздү.

2012-жылдын биринчи кварталында геологиялык чалгындоо иштери борбордук карьерде, түндүк-чыгыш жана түштүк-батыш участокторунда, ошондой эле концессиялык аянттын чектеринде башка участоктордо да жүргүзүлдү.

Бургулоо иштеринин натыйжаларынын толук тизмеси жана “Кумтөр”  кен ишканасынын көмөкчү карталары Электрондук издөө жана маалыматтын анализи системасында (SEDAR) жайгаштырылган жана компаниянын сайтында: www.centerragold.com жеткиликтүү.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана милдеттүү которуулар

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 1,37 миллиард сомду түздү.

(Төлөмдөрдүн структурасы №2 таблицада келтирилген).

2012-жылга перспективалар

Жаңыланган планга ылайык, 2012-жылы “Кумтөр” кен ишканасында алтын өндүрүүнүн көлөмү 390 – 410 миң унцияны же 12,13 – 12,75 тоннаны түзүүгө тийиш.
Жаңыланган планга ылайык, 2012-жылы “Кумтөр” кен ишканасында алтын өндүрүү төмөнкүдөй график боюнча жүзөгө ашырыла тургандыгы пландаштырылууда:
1-квартал – 61 миң унция (иш жүзүндөгү маалымат);
2-квартал – 36 миң унция;
3-квартал – 32 миң унция;
4-квартал – 271 миң унция.

Компания 2012-жылы жаңы ресурстардын бир бөлүгүнө чыгууга жетишүү үчүн карьердин түштүк-батыш участогунда тоо-кен иштерин тездетүүгө ниеттенүүдө (Караңыз: «Центерранын» 2012-жылдын 9-февралындагы маалыматтык билдирүүсү). 2012-жылдын сентябрында эле АЫФка бул участоктон алтынга байыраак руда бериле баштайт деп пландаштырылууда.  Жакынкы эки жылга өндүрүштүн планы карьердин түштүк-чыгыш участогундагы музду жана бош тоо текти алып салуу боюнча иштердин ийгиликтүүлүгүнөн көз каранды болмокчу. Тоо-кен иштеринин жаңы графигин бекем кармануу жакынкы үч жыл аралыгында алтын өндүрүшүн 2012-жылдагы болжол менен жылына 400 миң унциядан, 2013-жылы 650 миң унцияга жана 2014-жылы болжол менен 810 миң унцияга чейин ыраттуу жогорулатууга алып келет деп күтүлүүдө.

«Кумтөрдө» 2012-жылга капиталдык салымдар 370 млн. доллар өлчөмүндө прогноздолууда. Алардын ичинен:

– 32 млн. долларды негизги фонддорду модернизациялоого (оор жүк ташуучу техниканын ремонту, сууну сордуруу, тазалоочу жабдууларды көчүрүү, калдыктарды сактоочу жайдын дамбасын бекемдөө боюнча иштер, жабдууларды алмаштыруу ж.б.) инвестициялар түзмөкчү;

– 338 млн. доллар өнүктүрүүгө жумшалмакчы, ал өзүнө кыртышты ачуу иштерине даярдыкты (147 млн. доллар), жаңы тоо-кен техникасын сатып алууну (25 САТ 789 жүк ташуу автомашинаны, 4 бургулоо жабдуусун жана 4  «Хитачи» 3600 экскаваторун – 126 млн. доллар), жер астындагы кен ишканасын жайгаштырууну (56 млн. доллар) жана башка долбоорлорду камтымакчы.

2012-жыл аралыгында геологиялык чалгындоого чыгымдар 15 млн. доллар өлчөмүндө пландаштырылууда.

Башка окуялар

Жылдык дивиденддендерди төлөп берүү

Компаниянын Директорлор кеңеши бир жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө дивиденд эсептеди. Эсептелген дивиденд 2012-жылдын 31-майына карата абал боюнча катталышкан бардык акционерлерге 2012-жылдын 15-июнунан баштап төлөөгө жатат. Бул дивидендге Канаданын бардык салык жоболору жайылтылат.

Кыргыз Республикасында микрокредиттик программа үчүн каражаттарды бөлүү

2012-жылдын 23-апрелинде «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен мамлекеттик микрокредиттик финансылык программага 21 млн. доллар салуу жөнүндө макулдашууга кол койду. Бул финансылоо аракеттеги мамлекеттик программанын алкактарында жүзөгө ашырылууда, анын максаты Кыргыз Республикасынын территориясында иштеп жаткан анча чоң эмес туруктуу өнүктүрүү долбоорлору үчүн финансылоону камсыз кылуу болуп саналат. Аталган макулдашууга кол коюлгандан кийин 21 млн. доллар «Кумтөр Голд Компани» тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылган микрокредиттик агентикке которулган.  Көрсөтүлгөн финансылоо Компаниянын өзүнүн өндүрүштүк ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан региондордо туруктуу өнүктүрүү долбоорлоруна каражаттарды салуу ниетин аткаруу үчүн жүзөгө ашырылууда.

Компаниянын жетекчилигиндеги өзгөрүүлөр

2012-жылдын 17-майында акционерлердин ар жылдык чогулушунан кийин Стивен Ланг өзүнөн  «Центерранын» Президентинин милдеттерин алып салды жана ал кызматта Патрик Джеймсти алмаштыруу менен Директорлор кеңешинин төрагасы кызматын ээледи. Иан Аткинсон «Центерранын» жаңы Президенти жана Башкы кызмат адамы болуп калды. Эл аралык геологиялык чалгындоо иштери маселелери боюнча Вице-президент болуп Дэвид Гроувз дайындалды.

Мурда билдирилгендей, «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президентинин милдеттерин аткарууга Майкл Фишер киришкен.

Комментарий

«2012-жылы алтын өндүрүүнүн көлөмдөрүн төмөндөтүү карьердин түштүк-чыгыш участогунун жогорку бөлүгүндөгү муздун кыймылынын тездешине байланыштуу жүргүзүлгөн. Ушуга байланыштуу бул өтө туруксуз участокту жеңилдетүү боюнча чечим кабыл алынган.  Компания ал жакка көп тоо-кен техникаларын жөнөтүү менен өз аракеттерин бул зонадагы музду алып салууга топтомокчу. Бул участоктогу иштер 2012- жана 2013-жылдарда олуттуу аракеттерди жана чыгымдарды талап кылат. Бирок ал участокту тазалоо карьердин рудага бай зоналары жаткан бөлүгүнө барууга жол ачмакчы.  Мына ошентип биз баштапкы планга ылайык бул жылы алалбай калган алтындын көлөмүн 2014-жылдын акырына карата алабыз деп үмүттөнөбүз. Бул үчүн бизге 50 млн. тоннага жакын музду жана текти жылдырууга туура келсе да», – деп билдирди «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти Майкл Фишер, 2012-жылдын 1-кварталынын жыйынтыктарын чыгаруу менен.

* * *

Таблица 1

«Кумтөр» долбоору боюнча өндүрүштүк көрсөткүчтөр

I квартал, 31мартка карата
2012 2011 Өзгөрүүлөр
Өндүрүлгөн алтын (унция менен) 60 707 164 167 (63%)
Өндүрүлгөн алтын ( кг менен) 1 888,2 5 106,16 (63%)
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен) 62 196 166 145 (63%)
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг менен) 1 934,51 5 167,69 (63%)
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы (унциясына АКШ доллары менен) 1 732 1 384 25%
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн. АКШ доллары менен) 107,7 229,9 (53%)
Жалпы өндүрүштүк чыгымдар (амортизацияны жана эскирүүнү эске алуу менен)

(млн. АКШ доллары менен)

73,0 71,3 2%
Дүң кирешеге салык + Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос ( млн. АКШ менен) 22,0 48,2 (54%)
Капиталдык чыгымдар (млн. АКШ менен) 125,0 71,9 74%
Геологиялык чалгындоолорго чыгымдар (млн. АКШ менен) 2,2 4,1 (46%)
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 30 746 36 508 (16 %)
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 63 588 (89%)
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң тонна) 1 252 1 391 (10%)
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 1,98 4,12 (52%)
Алтынды бөлүп алуу пайызы (пайыз менен) 72,6 82,6 (12%)

Таблица 2

“Кумтөр” долбоору боюнча 2012-жылдын 3 айындагы салык жана милдеттүү которуулар

 

2012-жылдын 31-мартына карата Миң АКШ доллары менен
Дүң кирешеге салык 20 285,6
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 1 714,3
Экологиялык төлөм 310,0
Киреше салыгы 1 314,6
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 5 204,8
Бажы төлөмдөрү 251,0
Резидент эместердин кирешелерине салык 109,2
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 104,2
Жалпысынан 29 293,6
31. 03. 2012-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу 46.8275
Төлөнгөн төлөмдөрдүн эквиваленти млн. сом менен 1 371,748

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң кирешеге салыкты жана Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусуна взносторду эсептөө үчүн база катары көрсөтүлгөн мезгилге продукцияны сатуудан иш жүзүндөгү акчалай түшүүлөр саналат.

* * *

“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан  2012-жылдын 31-мартына чейин “Кумтөрдө” жалпысынан 8,4 млн. унция же 262,6 тоннадай алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр Оперейтинг Компани” “Кумтөр” долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

“Центерра Голд Инк.” Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, өнүгүүгө багытталган алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана ири батыш компаниясы – Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү болуп саналат. “Центерранын” акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.

Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерранын» акцияларынын эң ири пакетинин  – 77 401 766 акциясынын – 33%га жакынынын кармоочусу болуп саналат. 2011-жылдын 30-майына карата Кыргызстандын акцияларынын пакетинин наркы 815 млн. доллардан ашып кетти

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана компаниянын www.centerragold.com сайтында жеткиликтүү жайгаштырылган, ошол эле жерден 2012-жылдын I кварталынын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти менен таанышууга болот.

_________________________________

* Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм

** – Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акча суммалары АКШ долларында келтирилген.

*** –Доре куймасы – «Кумтөр» кен ишканасындагы өндүрүштүн акыркы продуктысы, анда 85%га чейин алтын, ошондой эле күмүштүн, темирдин, цинктин, жездин жана никелдин аралашмасы бар.

Кошумча маалымат үчүн «Кумтор Оперейтинг Компанинин» ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмүнө кайрылыңыздар.