Ысык-Көл областынын Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун ишкерлеринин продукциясы эми бишкектиктерге да жеткиликтүү болуп калды

Ысык-Көл областынын Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун ишкерлеринин продукциясы эми бишкектиктерге да жеткиликтүү болуп калды

Жарыяланган: 09 November 2012

Ысык-Көл областынын Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун ишкерлеринин продукциясы эми бишкектиктерге да жеткиликтүү болуп калды2012-жылдын 9-ноябрында Бишкекте “Бир айыл – бир продукт” Ассоциациясынын (БАБП) изилдөөчүлүк дүкөнүнүн салтанаттуу ачылышы болду. «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» (КОК) финансылык колдоосу менен Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун өндүрүшчүлөрү КОК менен БАБПнын Ысык-Көлдүн түштүк жээгинин жамааттарын активдештирүү боюнча биргелешкен долбоорунун алкактарында эми өз продукцияларын дүкөнгө коюу мүмкүнчүлүгүн алышты. Көлдүк ишкерлер тарабынан экологиялык таза продуктылардан өндүрүлгөн вареньелер, джемдер жана ширелер эми бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү.

КОК менен БАБПнын кызматташуусунун алкактарында бир нече ай аралыгында “Кумтөрдүн” Регионалдык маалыматтык борборунда Көлдүн түштүк жээгиндеги ишкерлерди маркетингдин, финансыны жана жүгүртүү капиталын башкаруунун негиздерине окутушту. Консультанттар жана тартылган эксперттер жергиликтүү жашоочуларды үй шарттарында варенье жана джем жасоонун негиздерине окутушту, ошондой эле продукция даярдоо процессинде гигиенаны сактоо стандарттары менен тааныштырышты. Практикалык сессияларга катышуучулар Каракол шаарына барышты, ал жердеги лицейлердин биринде «Кумтөр Оперейтинг Компани» бөлгөн каражатка варенье жасоочу техника жаңыртылган. Шире жана джем өндүрүү боюнча практикалык семинарлар жеринде – Тоң жана Жети-Өгүз райондорунда өткөн.

Биргелешкен долбоор 20 айылды жана 30дай жергиликтүү жамааттарды – БАБП ассоциациясынын мүчөлөрүн камтыйт жана 2013-жылдын мартына чейин улантылат. Бул долбоорду жүзөгө ашырууга «Кумтөр Оперейтинг Компани» 300 миң АКШ долларын бөлгөн. Долбоордун максаты – жергиликтүү жамааттарга жеткиликтүү товарларды өндүрүү жолу менен Ысык-Көл областынын экономикалык потенциалын өнүктүрүү үчүн жеке ишкерлердин жана жергиликтүү жамааттардын аракеттерин бириктирүү.

«Биздин компания мындай демилгелер жергиликтүү жамааттар менен жакшы кошуналык мамилелерде болуунун жана жаңы иш баштаган ишкерлерге өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүн жана ресурстарын өздөрүнүн жашоосун жакшыртууга сабаттуу пайдалануунун жана жана дайыма өнүгүүнүн реалдуу шансына ээ болуунун эң сонун мүмкүнчүлүгү болуп санала турганына ишенет», – деп белгиледи «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Дуглас Гриер.

Маалымат үчүн:

«Бир айыл – бир продукт» ассоциациясы Ысык-Көл областтык мамлекеттик администрациясы жүзөгө ашырып жаткан «Бир айыл – бир продукт» долбоорунун алкактарында областтын өндүрүшчүлөрүнүн демилгеси боюнча түзүлгөн. Ар бир кызыккан жамаат же адам Ассоциацияга кошула алат. БАБП ассоциациясынын мүчөлөрү жеткиликтүү ресурстарды пайдалануу менен уникалдуу продукция чыгарышууда. «Бир айыл – бир продукт» программасынын олуттуу принциби болуп кандай товар чыгарууну айылдардын жашоочулары өздөрү чече тургандыгы саналат.