«Кумтөр Голд Компани» жана «Бир айыл – Бир продукт» ассоциациясы Жети-Өгүз районунда эки цех ачылганын билдирет

«Кумтөр Голд Компани» жана «Бир айыл – Бир продукт» ассоциациясы Жети-Өгүз районунда эки цех ачылганын билдирет

Жарыяланган: 04 March 2019

2019-жылдын 27-фералында Жети-Өгүз районундагы Тамга жана Тилекмат айылдарында кийиз буюм өндүрүүчү эки цех ачылды. Цехтер «Кумтөр Голд Компани» (КГК) ЖАК каржылаган жергиликтүү жамааттарды активдештирүү боюнча «Бир айыл – бир продукт» ассоциациясы (БАБП) менен биргелешкен долбоорго кирет.

Цехтерди ачуу аземине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басарлары, айыл кеңештеринин депутаттары, КГКнын кызматкерлери, Япон эл аралык кызматташуу агентигинин (JICA) өкүлдөрү жана БАБП ассоциациясынын мүчөлөрү катышышты.
КГК бөлгөн каражатка жаңы цехтер реконструкция менен толук ремонттон өтүп, жабдылды.  Жергиликтүү бийлик органдары эски бала бакча жана эски мектептин имаратынан орун бөлүү менен кол өнөрчүлөргө колдоо көрсөтүштү.

Айылдарда цехтерди ачуу жергиликтүү жамааттарды активдештирүүдөгү биринчи кадам жана кичи бизнести өнүктүрүүгө салым кошуп, иш орундарын түзөт. Цехтерде өзүнө 100дөн ашуун аялды камтыган алты жамааттын мүчөлөрү иштемекчи. Мындан тышкары, жакынкы айылдардан өндүрүүчүлөр да тренингдер жана өндүрүштү мониторингдөө убагында бул цехтен пайдаланышмакчы. Тилекмат жана Тамга айылдарындагы цехтер жүндөн кургак жана нымдуу басуу методу менен буюмдарды жасоого багытталган.

«Бүгүн биз «Кумтөр» менен кызматташуу алкагында Тамга жана Тилекмат айылдарында эки цех ачуудабыз. Буга чейин 4 цех ачылган. Мына ошентип, учурда жалпысынан 6 цех иштөөдө, аларда Ассоциациябыздын мүчөлөрү иштөөдө. Бардык ыңгайлуулуктары, фурнитурасы жана зарыл өндүрүштүк аспаптары бар таза цехтерде иштөө өндүрүштүк ишмердүүлүгүбүздү алда канча жеңилдетет жана жогорку сапаттагы буюмдарды чыгарууга жардам берет. Бул цехтердин ачылышынан улам айылдарда иш орундары пайда болду, өндүрүш көлөмү көбөйдү, продукциянын сапаты жогорулады жана бир эле убакта айылдарда аялдардын социалдашуусу жүрүүдө. Финансылык колдоосу үчүн «Кумтөр Голд Компаниге» жана «Бир айыл – бир продукт» мамилесин киргизүү боюнча, жергиликтүү жамааттарды активдештирүү боюнча техникалык колдоосу үчүн жана жергиликтүү ресурстардан жогору сапаттагы продуктыларды өндүрүүдө колдоо көрсөткөнү үчүн Япон эл аралык өнүктүрүү агенттигине чоң ыраазычылык билдиребиз», – деди БАБП ассоциациясынын төрайымы Элнура Садыбакашева.

 

«Биз үчүн жергиликтүү калкты ишке орноштуруу маанилүү, эки цех эки айылдан элүүгө жакын аялды иш менен камсыздайт. Кийиз оюнчуктар жана сувенирлер жергиликтүү рынокто да чет элде да сатып алуучулар үчүн жеткиликтүү болот», – деди КГКнын туруктуу өнүктүрүү бөлүмүнүн улук координатору Мээрим Маткулова.

 

Жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн – «Бир айыл – бир продукт» ассоциациясынын продукциясы Каракол жана Бишкек шаарларындагы «Ысык-Көл Бренд» дүкөндөрүндө, «Газпромдун» май куюучу жайларында, бүтүндөй Кыргызстан боюнча конок үйлөрүндө, отелдерде жана кофейняларда жеткиликтүү. Сатуу точкаларынын жалпы саны 40ка жакын. Андан тышкары, Ассоциация өндүргөн кийиз буюмдар Японияга, АКШга жана Европага экспорттолууда. Жергиликтүү жамааттын ар бир мүчөсү өндүрүлгөн көлөмгө жараша айына орточо 10,000-18,000 сомдон табат.

КГКнын Ассоциация менен кызматташуусу 2013-жылы башталган. КГК жана БАБПнын биргелешкен долбоорунун алкагында Тоң районунун  Шор-Булак жана Ак-Сай айылдарында цехтер ачылган. Ошондой эле, биргелешкен долбоордун алкагында жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн өндүрүштүк көндүмдөрүн жакшыртуу боюнча, маркетингдин негиздери, финансылык эсеп жана жүгүртүү капиталын башкаруунун негиздери боюнча тренингдер өткөрүлгөн. Долбоор эки райондун 20 айылынан жана 78 жергиликтүү жамаатынан 800дөй адамды камтыйт.

Маалымат үчүн: «Бир айыл – бир продукт» ассоциациясы (БАБП) 2011-жылы Ысык-Көл областынын жергиликтүү өндүрүүчүлөрү тарабынан JICAнын «Бир айыл – бир продукт» мамилеси аркылуу кичи бизнести алга жылдыруу жолу менен жергиликтүү жамааттарды активдештирүү» долбоорунун алкагында уюштурулган. Ассоциациянын бардык продуктылары «Ысык-Көл Бренд» соода маркасы астында алга жылдырылат. Ассоциация жергиликтүү ресурстардан продуктыларды өндүрүүчү чоң эмес топ деңгээлинде кичи бизнестин ийгилигинин модели болуп саналат. Ассоциация 2500дөн ашуун (300 жергиликтүү жамаат) мүчөдөн турат жана алардын көпчүлүгү аялдар.