Маалыматтык билдирүү
2011-жылдын 16-декабры

Маалыматтык билдирүү
2011-жылдын 16-декабры

Жарыяланган: 16 December 2011

Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» Регионалдык маалымат борборунун ачылышы болду
Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» Регионалдык маалымат борборунун ачылышы болду
2011-жылдын 14-декабрында Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун жашоочулары үчүн Регионалдык маалымат борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Борбордун заманбап жылуу жана жайлуу имараты “Балыкчы – Каракол” трассасынан 20 метрдей аралыктагы “Волна” эс алуу үйүнүн аймагында жайгашкан. Бардык курулуш иштери барскоондук подрядчы фирма тарабынан аткарылгандыгын белгилей кетели.

Регионалдык маалымат борборунун максаты «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» ишмердүүлүгү жөнүндө жергиликтүү жашоочуларга анык маалыматтарды берүү болуп саналат. Бул жерде отчеттор жана Компания жөнүндө жарыялангандар жана Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусу жөнүндө маалыматтар жеткиликтүү. Борбордон «Кумтөр Оперейтинг Компаниге» ишке орношуу процедуралары менен таанышуга, кадр саясаты жана вакансиялар жөнүндө маалымат алууга да болот. Борбордун кызматкерлери жергиликтүү жашоочулар үчүн айыл чарбасын жүргүзүүнүн жаңы ыкмаларын киргизүү боюнча тренингдерди жүргүзүүнү пландаштырышууда, ошондой эле туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча консультациялык жардамдарды да көрсөтүшмөкчү. Борбордун бардык кызматтары калкка акысыз көрсөтүлмөкчү.

Борборду ачуу салтанаттуу аземине Тоң райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын милдетин аткаруучу Бакыт Рыспаев, Жети-Өгүз районунун администрациясынын өкүлдөрү, «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» өкмөт жана коомчулук менен байланыштар боюнча вице-президенти Андрей Сазанов, Жети-Өгүз жана Тоң районунун жашоочулары катышышты.

«Бул Борбордун ачылышы жергиликтүү калк менен өз ара мамилени өнүктүрүүдөгү жана Компаниянын ишинин ачыктыгын жогорулатуудагы дагы бир маанилүү кадам болуп саналат. Эми элеттиктер ишке орноштуруу боюнча анкеталарды толтуруу үчүн Караколго же Бишкекке барып отурушпайт, бул жерден алар «Кумтөрдүн» регионду өнүктүрүүгө салымын баалап, кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат», – деп белгиледи «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» өкмөт жана коомчулук менен байланыштар боюнча вице-президенти Андрей Сазанов.

Кошумча маалымат үчүн «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмүнө кайрылыңыздар.