2013-жылдын алдын-ала натыйжалары жана 2014-жылга прогноз

2013-жылдын алдын-ала натыйжалары жана 2014-жылга прогноз

Жарыяланган: 14 January 2014

IMG_4639

Centerra Gold Inc. («Центерра») компаниясы жана «Кумтөр Голд Компани» билдиришет

«Кумтөр» кен ишканасында алтын өндүрүүнүн көлөмү төмөнкүнү түздү:
– 2013-жылдын 12 айында – 600 402 унция* же 18 674,6 кг алтын;
– 2013-жылдын IV кварталында – 348 130 унция же 10 828,1 кг жакын алтын.

2013-жылы алтын өндүрүүнүн пландык көрсөткүчү Борбордук карьердин SB зонасындагы бай руданы казып алуудан улам жетишилди.

2014-жылга перспективалар

Алын-ала эсептөөлөр боюнча «Кумтөр» кен ишканасында өндүрүштүн көлөмү 2014-жылы 550 – 600 миӊ унция же 17,1 – 18,7 т алтынды түзмөкчү. Мында, өткөн жылдагыдай сыяктуу эле, көлөмдүн 50%дан ашууну 2014-жылдын акыркы кварталында, кайрадан эле SB зонасындагы алтындын курамы жогору болгон участокко жеткенде өндүрүлмөкчү.

2014-жылы, капиталдаштырууну кошпогондо, кыртышты ачуу иштерине жалпы капиталдык жумшоолор 85 млн. доллар** көлөмүндө пландаштырылууда. Анын ичинен 42 млн. доллар негизги фондуларды модернизациялоого***: тоо-кен техникасы паркын ремонттоого, алтын ылгоочу фабриканын шар тегирменинин тиштүү дөӊгөлөгүн сатып алууга, калдыктарды сактоочу жайдын дамбасын бийиктөөгө ж.б. долбоорлорго жумшалмакчы. Өнүктүрүүгө инвестициялар*** 43 млн. доллар көлөмүндө пландаштырылган жана KS-13 планына ылайык, өзүнө карьердин контурларын кеӊейтүүгө байланыштуу кен ишканасынын инфраструктура объектилерин көчүрүүнү, сууну сордуруу боюнча иш чараларды жана жаӊы тоо-кен техникасын сатып алууну камтыйт.

Кыртышты ачуу иштерин капиталдаштыруу 2014-жылы 191 млн. доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

Бардык капиталдык жумшоолорду жана салыктарды кошо алганда, сатылган бир унцияга жалпы чыгымдар 1 008 доллардан 1 100 долларга чейинди түзмөкчү»***.

«Центерра» жөнүндө кошумча маалымат SEDAR сайтында: www.sedar.com жана корпоративдик сайтта: www.centerragold.com жеткиликтүү, ошол эле жерден англис тилинде пресс-релиздин толук тексти менен таанышууга болот. «Кумтөр» компаниясы жөнүндө маалымат төмөнкү сайтта жеткиликтүү: www.kumtor.kg
_______________________________________________________________________________________________________________________
* Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
** – Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.
*** – GAAP (бухалтердик эсептин жалпы кабыл алынган принциптери) алкактарында пайдаланылбаган көрсөткүч, кошумча маалыматты «Центерранын»2014-ж. 13-январындагы пресс-релизинен «GAAP пайдаланылбаган көрсөткүчтөр» бөлүгүнөн караӊыздар