Ысык-Көл областынын фермерлери поляк карагатынын 17 000 көчөтүн алышмакчы

Ысык-Көл областынын фермерлери поляк карагатынын 17 000 көчөтүн алышмакчы

Жарыяланган: 29 April 2014

2014-жылдын 28-апрелинде Ысык-Көл областынын Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылында кызыкдар фермерлер поляк карагатынын, кызылгатынын, бүлдүркөнүнүн жана кулпунайынын жаӊы сортторунун көчөттөрүн алышты.
Көчөттөр “Кумтөр” компаниясынын финансылык колдоосу менен “АВЕП” коомдук фонду жүзөгө ашырып жаткан «Карагат+» долбоорунун алкактарында Кыргыз Республикасынын Питомниктер ассоциациясы тарабынан алынып келинген. Мөмө өсүмдүктөрүнүн партиясынын жалпы наркы бажы төлөмдөрүн, фитосанитардык жана транспорттук чыгымдарды кошо алганда 2 млн. 750 миӊден ашуун сомду түздү.

Маалымат үчүн:
«Кумтөр» компаниясынын жана «АВЕП» коомдук фондусунун биргелешкен 3 жылдык «Карагат +» долбоору – жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүүгө жана мөмө-жемиш рыногунун потенциалын кеӊейтүүгө багытталган. Жүзөгө ашырылуу территориясы – түштүк жээгине басым жасалуу менен Ысык-Көл областы. Бул экологиялык багыттагы долбоордун алкактарында Коомдук фонд фермерлерди карагаттын жаӊы мол түшүмдүү жана үшүккө жана илдеттерге чыдамдуу сортторун өстүрүү технологияларына жана талааларды сугаруунун иннговациялык методдоруна окутту. «АВЕП» фондусунун адистери питомниктер, теплицалар жана айыл чарба продукциясын кабыл алуу тармагын түзүүгө көмөк көрсөтөт. Өзгөчө көӊүл фермерлер продукцияны сатып өткөрүү каналдарын жолго салып жана өстүрүлгөн жемиштерден пайданы жогорулата алуусу үчүн аларды маркетингдин негиздерине окутууга бурулууда.
«АВЕП» коомдук фонду – Кыргыз Республикасынын элет региондорун туруктуу жана инновациялык өнүктүрүүгө көмөктөшүү максаттарында эл аралык уюмдардын, жеке, коомдук жана мамлекеттик сектордун кеӊири спектри менен иштөөчү Борборазиялык өкмөттүк эмес жана саясый эмес уюм.