Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында балдардын оюн аянты курулду

Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында балдардын оюн аянты курулду

Жарыяланган: 18 June 2020

«Кумтор Голд Компани» ЖАК жергиликтүү демилгелерди финансылык колдоонун алкагында, Оргочор айылынын жана Жети-Өгүз районунун жакын жердеги айылдарынын балдары үчүн оюн аянтын, ошондой эле жаштардын эс алуучу жайын салуу долбоорун каржылады.

Аталган долбоор жергиликтүү айыл өкмөтү менен Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун өнөктүгү менен ишке ашты. 2019-жылы КГК курулуш иштерине 982 460 сом өлчөмүндө каражат бөлгөн. Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду аянтты жасалгалоо үчүн 561 800 сомго материалдарды сатып алып, курулушчуларды камсыздады. Аталган Фонд «Кумтор Голд Компани» компаниясынын жылдык кирешесинин 1% өлчөмүндөгү чегерүүлөрүнөн түзүлөрүн белгилеп кетмекчибиз.  Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун салымы 500 000 сомду түзүп, ал даярдоо иштерине (жер кыртышын тегиздөө, брусчатка орнотуу ж.б.) жумшалды. Азыркы учурда балдар ойноочу аянт толук курулуп бүтүп, ачылуу алдында турат.

Оргочор айылынын калкынын саны 2729 адам, алардын ичинен 710у 14 жашка чейинки балдар. Оюн аянтында Оргочор айылынын балдарынан тышкары Боз-Бешик жана Светлая Поляна өңдүү жакынкы айылдардын балдары да ойной алышат. Бир эле учурда оюн аянтында 30дай бала ойносо болот. Бастырманын алдында стол теннисин ойноо мүмкүнчүлүгү бар. Оюн аянты айыл өкмөтүнүн балансына коюлуп, 1 штаттык бирдик – күзөтчү бөлүнгөн.

Социалдык долбоорлорду жана «Кумтор Голд Компани» өндүрүштүк обьектилери жайгашкан региондогу жашоо шартты жакшыртууну колдоо, компаниянын кайрымдуулук ишмердигинин негизги артыкчылыктарынан болуп эсептелет.