ТӨЛӨМДӨР ЖАНА КАССАЛЫК ОПЕРАЦИЯЛАР БОЮНЧА БУХГАЛТЕР (Бишкек офиси)

ТӨЛӨМДӨР ЖАНА КАССАЛЫК ОПЕРАЦИЯЛАР БОЮНЧА БУХГАЛТЕР (Бишкек офиси)

Жарыяланган: 16 November 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК

 төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

 Төлөмдөр жана кассалык операциялар боюнча бухгалтер (Бишкек офиси)

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0254

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Накталай акчалардын, товардык-материалдык баалуулуктардын, жана негизги каражаттардын кирешелерин жана чыгашаларын эсепке алуу;
  • Өз убагында буххалтердик эсептин эсептеринде чагылдыруу;
  • Корпоративдик жана дебиттик карталары боюнча эсеп жүргүзүү
  • Товардык-материалдык баалуулуктарын киришин жана чыгышын туура жана өз убагында каттоо;
  • Аванстар боюнча отчет берүүчү адамдардан авансылык отчетторун кабыл алуу жана текшерүү;
  • Проводкаларды өткөрүү;
  • Эсептерди салыштыруу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Жогорку финансылык-экономикалык билим;
  • Ушундай адистик боюнча 2 жылдан кем эмес иш тажрыйба;
  • Төмөнкүлөрдү мыкты билүү зарыл:

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын;

– Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын;

– бюджеттик-салыктык, акчалай-кредиттик жана эсептешүү-төлөм мамилелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен тескемелерин;

– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу финансылык фтчеттуулук жана аудит стандарттары боюнча мамлекеттик комиссиянын методологиялык жоболорун;

  • CAP сертификатынын болушу;
  • ПКда иштей билүү (Excel, Power Point, Word);
  • Ишти белгиленген мөөнөттө аткарууга жөндөмдүү, максатынан тайманбас, тыкан, ыкыластуу, стресске туруктуу, ийкемдүү жана коммуникабелдүү.

Анкета жана резюмени 2021-жыл 24-ноябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0254.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.