жүргүнчүлөрдү ташуу

жүргүнчүлөрдү ташуу

Жарыяланган: 06 September 2019

Кабыл алуу жабык

Бишкек шаарында, Бишкек-Ысык-Көл–Бишкек жана Бишкек – Алматы – Бишкек ш. багытында жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча коммерциялык баа сунуштарын тапшыруу талабы менен байланышкан

Техникалык тапшырма

Негизги маалыматтар жана  талаптар Баяндама
Тапшырык ээси ЖАК «Кумтор Голд Компани»
Кызматтар сунулуучу аймак Бишкек шаары, Бишкек–Ысык-Көл облусу– Бишкек багыты,  Бишкек–Алматы–Бишкек багыты
Кызматтын аталышы Жүргүнчүлөрдү ташуу
Талап кылынган кызматтардын көлөмү Бишкек шаары – 8-сааттык иш күнү;

Бишкек – аэропорт «Манас» – Бишкек

Бишкек – Токмок – Бишкек

Бишкек – Балыкчи – Бишкек

Бишкек – Жети-Өгүз району – Бишкек

Бишкек – Каракол – Бишкек

Бишкек – Алматы – Бишкек

 

Кызмат аткаруучуга коюлган талаптар 1)      Бишкек шаары, Бишкек–Ысык-Көл облусу–Бишкек жана Бишкек–Алматы–Бишкек багыттарында жүргүнчүлөрдү коопсуз жана жайлуу абалда ташуу. Коммерциялык баа сунуштарын Бишкек шаары, регион жана Алматы шаары боюнча кызматтарды камтыган бир бүтүн сунуш катары же болбосо ар бир багытты, транспорт каражатынын түрү боюнча бөлүп сунулуусу дагы болот.

2)      Коопсуздук техникасына жана жолдо жүрүү эрежелерине толук ылайык келген жана аталган багыттарда иштөөгө жарактуу болгон транспорт каражаттарынын болушу.

3)      Транспорттун бузулушу, оӊдоо, техникалык кароо, ж.б. учурларда резервдик транспорт каражаттарынын болушу (жогорудагы талаптарга туура келиши абзел)

4)      Аталган кызматтарды аткарууга жетиштүү деӊгээлдеги квалификацияга ээ, билими жана тажрыйбасы жетишээрлик жумушчулардын болушу. Айдоочу стажы 3 (үч) жылдан кем болбошу абзел.

5)  Транспорт каражаттарында видеорегистраторлор жана GPS системасынын болушу.

6)  Айдоочулардын колунда, медициналык жолбермелерди кошо алганда бардык уруксат кагаздарынын болушу.

7)  Айдоочулардын жыл сайын  медициналык кароодон өтүшү.

8)  Айдоочулар күн сайын жумушка баштоонун алдында медициналык кароодон өтүшү абзел (предрейсовый медосмотр).

 

Кызматтарды аткаруу шарттары 1)  Тапшырык ээсинин өтүнүмүнүн негизинде.

2)  Кызматтар көлөмү белгилүү бир өлчөмдө эмес, тапшырык ээсинин муктаждыгына жараша болот.

 

Транспорт каражатына коюлган талаптар 1)  Жеӊил же/жана жүк-жүргүнчү ташуучу транспорт каражаттары

2)  Жол эрежелеринин талаптарына ылайык келген транспорт каражаттары

 

Өзгөчө шарттар 1)  Техникалык тейлөө, транспортту оӊдоо жана күйүүчү май чыгашалары кызмат сунуучунун эсебинен болот.

2)  Транспорт каражатынын жолдо бузулуп калуусу учурунда ага техникалык жардам көрсөтүү кызмат сунуучунун эсебинен болот.

3)  Кызмат сунуучунун оӊдоп-түзөө базасын текшерүүгө укугу бар.

 

Баа сунушунда төмөнкү маалыматтар чагылдырылышы абзел:

–           уюмдар үчүн катоо күбөлүктөрүнүн, берилген уруксат кагаздарынын жана лицензиялардын жана уставдын көчүрмөлөрү, салык төлөөчүнүн ишмердүүлүгүнүн мүнөздөмөсүнүн параметрлери, ишкердик өнөктөштөрүнүн тизмеси жана аткарылган иштердин кыскача баяндамасы жана рекомендациялар;

–           резервтеги жабдууларды кошо алганда, сунушталган автотранспорттун түрү, саны, каттоо документтери, сүрөттөрү;

–           уюмдун башкы кеӊсеси, негизги жана регионалдык базалары тууралуу;

–           «бардык төлөмдөр камтылган» принцибинин негизинде эсептелген баа (бардык салыктар жана милдеттүү төлөмдөр, жабдуулардын мобилизациясы жана демобилизациясы, жабдуулардын амортизациясы, айдоочунун туруктуу иши, эмгек акысы, иш сапар чыгашалары жана башка үстөктөр, бейтап баракчалары, кошумча чыгашалар, киреше ж.б.;

–           билдирүүчү зарыл жана кажет көргөн кошумча шарттар.

Эскертүү: Билдирүүчү өзүнүн коммерциялык сунуштарын Бишкек шаары боюнча, региондорго жана Алматыга сапарларды бир сунуштун ичинде же ар бир багыт жана транспорт каражатынын түрү боюнча өз алдынча сунуштарды, же болбосо бир гана багыт боюнча сунушту тапшыра алышат.

Суроолоруңуз болсо kgc.supplychain@centerragold.com дарегине 2019-ж. 15-сентябрь саат 17:00 чейин жɵнɵтсɵңүз болот.

Сунуштарды бекитилген жана «Пассажирские перевозки» деп жазылган конвертте 2019-ж. 20-сентябрь күнү саат 17:00 чейин, Бишкек шаары, Ибраимов көч., 24, «Учкун» ААК имараты, 10-кабат дарегине тапшыруу зарыл.

Бардык уюмдар сунуштарын ɵз ыктыяры менен жиберишет жана чыгымдарды ɵздɵрү кɵтɵрүшɵт, ошондой эле КГКнын баардык шарттарын кабыл алышат.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу кабыл алынган коммерциялык сунуштарды (толук же бѳлүктөрүн) кабыл алууга же албоого өзүнүн укугун сактайт. Ошондой эле, талапкерлердин бул конкурска катышуу үчүн кеткен чыгымдарын төлөөгө милдеттенме албагандын бир тараптуу билдирет.