«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» 2012-жылдын экинчи кварталындагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары

«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» 2012-жылдын экинчи кварталындагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары

Жарыяланган: 23 August 2012

«Кумтөр Оперейтинг Компанинин» 2012-жылдын экинчи кварталындагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн негизги жыйынтыктары2012-жылдын экинчи кварталында Кумтөр кенинде 41 307 унция* же 1 285 кг жакын алтын өндүрүлгөн, ошол эле учурда 2011-жылдын ушул мезгилинде өндүрүштүн деңгээли 139 077 унцияны же  4,3 тоннадан ашуун баалуу металлды түзгөн. 2012-ж. экинчи кварталындагы өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн төмөндөөсү төмөнкүлөрдөн улам болгон:
– алтын ылгоочу фабрикада (АЫФ) руданы кайра иштетүү көлөмдөрүнүн төмөндөөсү;
– рудадагы алтындын курамынын төмөн болуусу (азыр 1,33г/т, өткөн жылдын экинчи кварталында 3,27 г/т болгон);
– бөлүп алуу пайызынын төмөндөөсү (азыр 71,2%, өткөн жылы 82,6%).

Сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 2012-ж. экинчи кварталында 40 228 унцияны же 1 251 кг түзгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн алынган жалпы каражат 2012-ж. экинчи кварталында 64 млн. долларды2 түздү. Алтынды сатып өткөрүүнүн орточо баасы – унциясына 1 592 доллар.

“Кумтөр” кен ишканасында өндүрүлгөн алтын, “Кумтөр Оперейтинг Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коому тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада аны андан ары кайра иштетүү үчүн сатып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

Тоо-кен иштеринин жалпы көлөмү 2012-ж. экинчи кварталында көбөйгөн жана 42,7 млн. тоннаны түздү, 2011-ж. экинчи кварталында 38,3 млн. тонна болгон.  Иштердин 12%га көбөйүүсү тоо-кен техникалар паркын кеңейтүүдөн улам болду. Квартал аралыгында компания тарабынан 14В участогунда тек алынган жана алардын жогорку активдүү участогунан музду жана бош текти алып салуу боюнча иш улантылган. Карьердин түштүк-батыш участогундагы тоо-кен иштеринин графигиндеги өзгөртүүлөр жана музду жана текти алып салуу боюнча оң натыйжалар 2012-ж. үчүнчү кварталынын аягында рудага чыгууну камсыз кылууга тийиш. Үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталында руданы казып алуу жүргүзүлбөгөн, мына ошондуктан фабрикага руда складдагы запастардан берилген.

Башка өндүрүштүк маалыматтар №2 таблицада келтирилген.

Өндүрүштүк жана капиталдык чыгымдар

2012-жылдын экинчи кварталында амортизацияны жана эскирүүлөрдү эске алганда жалпы өндүрүштүк чыгымдар 40,7 млн. долларды түздү.

Капиталдык чыгымдар 2012-ж. экинчи кварталында 110,0 млн. АКШ долларын түздү. Алардын ичинен 11,2 млн. доллар негизги фонддорду модернизациялоого жумшалган:
– 4,3 млн. доллар – сууну сордуруу боюнча иш чараларга;
– 3,9 млн. доллар – оор тоо-кен техникасынын ремонтуна;
– 2,9 млн. доллар – калдыктарды сактоочу жайдын дамбасын бийиктөө боюнча иш чараларга;
– 0,1 млн. доллар –  башка долбоорлорго.

Өнүктүрүүгө инвестициялар 98,8 млн. долларды түздү жана төмөнкүлөргө багытталды:
– 64,1 млн. доллар – үстүнкү бетти ачуу иштерине;
– 12,0 млн. доллар – жер астындагы кен ишканасын жөнгө салууга;
– 6,5 млн. доллар – CAT 789 жаңы жүк ташуучу автомашиналарды сатып алууга;
– 6,0 млн. доллар – Hitachi жаңы экскаваторлорун сатып алууга;
– 5,1 млн. доллар – Sandvik бургулоо жабдууларын сатып алууга;
– 1,2 млн. доллар – кен ишканасынынын жер астындагы бөлүгүнүн штокверк зонасындагы контурлоочу бургулоого;
– 1,0 млн. доллар – турак жай лагерин кеңейтүүгө;
– 1,0 млн. доллар – жер астында иштөөчү техниканы сатып алууга;
– 0,6 млн. доллар – отун складын кеңейтүүгө;
– 1,3 млн. доллар – башка майдараак долбоорлорго.

2012-ж. экинчи кварталында кен ишканасынын жер астындагы бөлүгүнө түшүүчү жерлерди жөнгө салуу боюнча иштер улантылды. Жыл башынан бери №1 жана №2 жер астына түшүүчү жайларда жалпысынан 1010 метр өтүлгөн. 2012-ж. 30-июнунда эки түшүүчү жай бириктирилген жана аларга өтмө вентиляция орнотулган. 2012-ж. 30-июнуна карата компания жантайыңкы түшүүчү жерлерди жөнгө салууга, контурлоочу бургулоого, тиешелүү жер астындагы жабдууларды сатып алууга, коюуга жана эксплуатациялоого 180 млн. жакын доллар жумшаган.

Геологиялык чалгындоо иштери

2012-жылдын экинчи кварталында геологиялык чалгындоо иштерине чыгымдар 2,9 млн. долларды түздү. Геологиялык чалгындоо иштери ачык карьердин SB зонасында, Сары-Төр участогунда, ошондой эле кен ишканасынын жер астындагы бөлүгүнүн №1 жана №2 түшүүчү жерлеринде да жүргүзүлдү.

Бургулоо иштеринин натыйжаларынын толук тизмеси жана “Кумтөр”  кен ишканасынын көмөкчү карталары Электрондук издөө жана маалыматтын анализи системасында www.sedar.com жайгаштырылган, ошондой эле компаниянын сайтында: www.centerragold.com жеткиликтүү.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана милдеттүү которуулар

Үстүбүздөгү жылдын алты айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 77 млн. 892 миң долларды түздү. КРУБдун 2012-жылдын 30-июнуна карата расмий курсу боюнча бул сумма 3 миллиард 679 миллион сомдон ашып кетти (2011-ж. I жарым жылдыгында – 3 650 миллион сом).

(Төлөмдөрдүн структурасы №1 таблицада келтирилген).

Башка окуялар

 

Аванстык салык төлөмү жөнүндө макулдашуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кайрылуусуна байланыштуу, 2012-ж. 28-майында компания дүң кирешеге салыктын 30 млн. доллар өлчөмүндөгү бөлүгүн аванстык төлөөнү жүргүздү. Бул төлөм төмөнкү салыктык түшүүлөрдүн эсепке алынуусун карайт: 2012-жылдагы 10 млн. доллардын, 2013-жылдагы 20 млн. доллардын. 

Мамлекеттик микрокредиттик программа

2012-жылдын 23-апрелинде компания Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен калктын иш менен камсыздалуусуна жана жакырчылыкты кыскартууга көмөктөшүү боюнча мамлекеттик программанын алкактарында түзүлгөн “Ала-Тоо Финанс” мамлекеттик микрокредиттик агенттик үчүн 21 млн. доллар бөлүү жөнүндө макулдашууга кол койду. 21 млн. доллар компания тарабынан көрсөтүлгөн микрокредиттик агенттикке Кыргыз Республикасынын бардык территориясында туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун финансылоо үчүн которулган.

Дивиденддендерди төлөп берүү

«Центерра Голд Инк.» 2012-ж. 1-августунда билдиргендей, компаниянын Директорлор кеңеши бир жөнөкөй акцияга 0,04 канада доллары өлчөмүндө дивиденд эсептөө (жалпысынан болжол менен 9,4 млн. АКШ доллары) чечимин чыгарды. Көрсөтүлгөн дивиденд 2012-ж. 17-августуна карата Торонтодогу биржада катталган бардык акционерлерге 2012-ж. 30-августунда төлөнүп берилмекчи. Бул дивидендге Канаданын бардык салык жоболору жайылтылат.

«Центерранын» дивиденд саясатына ылайык, дивиденддердин төлөнүү убактысы жана өлчөмү мезгил-мезгили менен Директорлор кеңеши тарабынан аныкталат жана, бардык башка нерселер сыяктуу эле компаниянын өндүрүштүк натыйжаларынан, накталай акчалардын агымдарынан жана финансылык абалдан, капиталга утурумдук жана күтүлүүчү муктаждыктардан, ошондой эле компаниядагы иштердин жалпы абалынан көз каранды.

Мамлекеттик комиссиянын иши

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 15-февралындагы №1642-V Токтому менен түзүлгөн «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКы тарабынан жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу, алтын казып алуучу кен ишканасынын ишмердүүлүгү таасир эткен райондогу калкты социалдык коргоо боюнча нормалардын жана талаптардын сакталуусун текшерүү жана иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын отчетунун парламенттеги июндагы угууларынан кийин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 27-июнундагы №2117-V Токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн 2012-ж. 3-июлундагы №465 Токтому менен «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКы тарабынан жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүш процесстеринин коопсуздугу, алтын казып алуучу кен ишканасынын ишмердүүлүгү таасир эткен райондогу калкты социалдык коргоо боюнча нормалардын жана талаптардын сакталуусун текшерүү жана иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түзгөн.

2012-жылдын 13-июлунда Мамлекеттик комиссиянын ишинин алкактарында дагы эки ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн, аларга да  «Кумтөр Оперейтинг Компани» тарабынан Кыргызстандагы аракеттеги укуктук жана экологиялык нормалардын сакталуусун текшерүү тапшырылган.

Мурда белгиленгендей, компания Убактылуу депутаттык комиссиянын отчетунда баяндалган тыянактардын негизи жок деп эсептейт. Ошентсе да, «Центерра» да, «Кумтөр Оперейтинг Компани» да Мамлекеттик комиссия жана ведомстволор аралык комиссиялар менен да кызматташууда, ошондой эле коюлган маселелерди чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын башка бардык контролдоочу органдары менен иштешүүгө даяр.

Өкмөттүн 2010-ж. 24-мартындагы №168 Токтомун алып салуу

2012-ж. 5-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №475 Токтому чыгарылган, аны менен Өкмөттүн 2010-ж. 24-мартындагы Кайра каралган концессиялык макулдашуунун аракетинин бардык мезгили аралыгында компанияга концессиялык территориянын чектеринде жерди пайдалануу укугу (аларда жайгашкан жер казынасына жайылтылбаган) берилген №168 Токтому алынып салынган.  Компаниянын бул маселени түшүндүрүп берүү жөнүндө өтүнүчүнө жооп иретинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри  5-июлдагы №475 Токтом “Кумтөрдүн” өндүрүштүк ишмердүүлүгүнө эч кандай таасир этпей тургандыгы жана аны эч кандай түрдө чектебей тургандыгы боюнча Өкмөттүн позициясын тастыктады.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун билдирүүсү

2012-ж. 17-июлунда компания Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунан билдирүү алган, аны менен Соцфонд менен «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын ортосундагы 1994-ж. 23-августундагы макулдашуу жараксыз деп табылган. Бул катта компанияга бардык чет элдик кызматкерлер үчүн 1993-ж. 15-февралынан азыркы учурга чейинки мезгил үчүн республиканын Соцфондуна взносторду төлөө талабы да болгон.

Мындан тышкары, өзүнүн билдирүүсү менен, 2011-жылдын аягында Соцфонд менен компаниянын ортосундагы бул боюнча талаш сотко чейинки тартипте жөнгө салынганына карабастан, Соцфонд «Кумтөр Оперейтинг Компанини» компаниянын кызматкерлерине 2010-жылга чейин төлөнгөн бийик тоолуу шарттарда иштегендик үчүн төлөмдөр боюнча камсыздандыруу взносторун которууга милдеттендирет. Компания Социалдык фондго 2010- жана 2011-жылдар үчүн взностор боюнча айырманы которуп берген жана мындан ары компаниянын кызматкерлерине бийик тоолуу шарттарда иштегендик үчүн төлөмдөргө камсыздандыруу взносторун эсептөөгө макул болгон.

Компания, инвестициялык макулдашуу боюнча, “Кумтөр” Кыргыз Республикасынын Соцфондуна Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган кызматкерлерге карата гана төлөмдөрдү жүргүзүүгө милдеттүү экендигине көңүл бурат.

Регионалдык геологиялык чалгындоо

2012-ж. 15-июнунда «Кумтөр» Коенду жана Карасай территорияларына геологиялык чалгындоо лицензияларын кайра жаңыртууга билдирмелер Кыргыз Республикасынын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча агенттиги тарабынан каралууга жана чектеш Сарычат – Эрташ мамлекеттик коругуна мүмкүн болуучу таасирине карата текшерилүүгө жата тургандыгы жөнүндө билдирүү алды. Көрсөтүлгөн лицензиялык территорияларда 2010-жылдан баштап геологиялык издөө иштери гана жүргүзүлгөн, аларга 1 млн. доллардан ашуун жумшалган. Бул территорияларда 2012-жылы кандайдыр-бир иштерди жүргүзүү пландаштырылып жаткан жок.

Жер астына түшүүчү жерлерди жөнгө салуу боюнча иштерди токтотуу

Компания буга чейин билдиргендей, 2012-жылдын 10-августунан баштап «Кумтөр» кен ишканасында кен ишканасынын жер астындагы бөлүгүн жөнгө салуу боюнча иштер убактылуу токтотулуп коюлган. Көрсөтүлгөн иштерди убактылуу токтото туруу жөнүндө чечим ачык карьердин чектерин кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө максаттарында жүргүзүлүүчү кендин потенциалдуу запастарын учурдагы техникалык-финансылык изилдөөнүн негизинде кабыл алынган. Бүгүнкү күнгө карата жүргүзүлгөн иш үмүттөндүрүүчү натыйжаларды алып келди жана ачык карьердин чек араларын олуттуу кеңейтүүнүн максатка ылайыктуулугун көрсөтүүдө, бул карьердин запастарын өстүрүүнү жана кен ишканасынын эксплуатациялоо мөөнөттөрүн олуттуу узартууну билдирмек. Андан тышкары, кен ишканасы жаңы чектеринде өзүнө SB зонасынын жер астындагы участогунун олуттуу бөлүгүн камтымак, ал тийиштүү капиталдык салымдарды кайра баалоону жүргүзүүнү талап кылмак, а мына ошондуктан жер астындагы участокту  жөнгө салуу боюнча андан аркы иштер көрсөтүлгөн изилдөөлөрдү биротоло аяктаганга чейин кийинкиге жылдырылууда.

Компания 2012-ж. үчүнчү кварталынын аягына карата изилдөөлөрдү аяктоону жана алынган натыйжалар жөнүндө жарыялоону болжолдоодо. Жер астындагы чалгындоочу бургулоо SB зонасын тереңдиги боюнча да, ошондой эле кеңдиги боюнча да тактоо жана кеңейтүү үчүн улантылмакчы.

2012-жылга прогноз

«Кумтөр» кен ишканасында алтын өндүрүү көлөмү 2012-жылы 390 – 410 миң унцияны же 12,1 – 12,75 тоннаны түзүүгө тийиш. Кен ишканасындагы өндүрүштүн деңгээли SB зонасындагы алтынга бай рудага жетүү үчүн карьердин түштүк участогунда бош текти жана музду алып салуу боюнча иштер канчалык ийгиликтүү аткарылганынан көз каранды.

Жыл башындагы муздун жана тектин олуттуу тездеген жылышы менен болгон кырдаал февралдагы иш таштоо менен курчутулган. Натыйжада карьердин түштүк-батышындагы иштер кийинкиге жылдырылган. Бул участокто руданы казып алуу 2013-жылдын аягында гана мүмкүн боло тургандыгы күтүлүүдө.

Компания тоо-кен техникаларын музду жана бош текти алып салуу боюнча иштерге жөнөтүү менен өз аракеттерин жогорулатылган туруксуздук зонасындагы музду алып салууга топтоону пландаштырууда.

Компания жаңы ресурстар бөлүгүнө 2012-ж. сентябрында чыгууга жетишүү үчүн карьердин түштүк-чыгыш участогунда тоо-кен иштерин тездетүү менен муздун жылышуу проблемасын жана андан келип чыккан проблемаларды жарым-жартылай чечүүгө үмүттөнөт, бул алтын ылгоочу фабриканы (АЫФ) кайра иштетүү үчүн руда менен камсыз кылууга мүмкүндүк бермекчи. 2012-жылдын 22-июлуна чейин АЫФ складдагы запастардан руданы кайра иштеткен, а запастар түгөнгөндөн кийин фабрика убактылуу токтотулган. АЫФ пландуу токтотулган мезгилде, августта, компания фабриканын жабдууларын техникалык тейлөөнү жүргүзмөкчү, бул жөнүндө “Центерранын” веб-сайтында 2012-ж. 15-майында билдирилген.

«Кумтөрдө» капиталдык чыгымдар 2012-жылы 370 млн. доллар өлчөмүндө прогноздолууда. Алардын ичинен:
– негизги фонддорду модернизациялоого (ири жүк ташуучу техниканын ремонту, сууну сордуруу, тазалоочу курулуштарды жылдыруу, калдыктарды сактоочу жайдын дамбасын бекемдөө боюнча иштер, инфраструктураны өнүктүрүү, жабдууларды алмаштыруу ж.б.) инвестициялар 32 млн. долларды түзөт;
– 338 млн. доллар өнүктүрүүгө багытталмакчы, ал өзүнө кыртышты ачуу иштерин (156 млн. доллар), жаңы тоо-кен техникасын сатып алууну (25 САТ 789 жүк ташуучу машинаны, 4 Sandvik DR 460 бургулоо жабдуусун жана 4 Hitachi 3600 экскаваторун – 126 млн. доллар), жер астындагы иштери ж.б. долбоорлорду камтымакчы.  (56 млн. долларов).

2012-жыл аралыгында геологиялык чалгындоого жумшоолор 13 млн. доллар өлчөмүндө пландаштырылууда.

Комментарий

 

«Азыркы учурда компания кыртышты ачуу иштерин улантууда жана сентябрдын ортосуна карата карьердин түштүк-батыш участогунда рудадагы алтындын жакшы курамы бар катмарларга чыгуу жана албетте, быйылкы жылдын төртүнчү кварталында өндүрүштүн нормадагы графигине кайра келүү үчүн алтын ылгоочу фабриканы кайра иштетүү үчүн руда менен камсыз кылууга бардык аракеттерди жумшамакчы. Биз быйылкы жылдын тоо-кен иштеринин күчөтүлгөн графиги муздун жана бош тектин жылуусу менен байланышкан проблемаларын чечүүгө мүмкүндүк берет деп үмүттөнөбүз», – деп билдирди «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» президенти Майкл Фишер.

* * *

Таблица 1

“Кумтөр” долбоору боюнча 2012-жылдын I жарым жылдыгындагы салыктык жана милдеттүү которуулар

 

2012-жылдын 30-июнуна карата Миң АКШ доллары менен
Дүң кирешеге салык 61 161,9
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 2 550,9
Экологиялык төлөм 310
Киреше салыгы 2 627,8
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 10 428,8
Бажы төлөмдөрү 569,4
Резидент эместердин кирешелерине салык 208,5
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 34,9
Жалпысынан 77 892,4
30.06.2012-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу 47,2445
Төлөнгөн төлөмдөрдүн эквиваленти млн. сом менен 3 679, 986

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң кирешеге салыкты жана Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусуна взносторду эсептөө үчүн база катары көрсөтүлгөн мезгилге продукцияны сатуудан иш жүзүндөгү акчалай түшүүлөр саналат.

Таблица 2

«Кумтөр» долбоору боюнча өндүрүштүк көрсөткүчтөр

 

II квартал, на 30-июнга карата I жарым жылдык, 30-июнга карата
2012 2011 Өзгөрүүлөр, % менен 2012 2011 Өзгөрүүлөр, % менен
Өндүрүлгөн алтын (унция менен) 41 307 139 077 (70%) 102 014 303 244 (66%)
Өндүрүлгөн алтын ( кг менен) 1 284,8 4 325,8 (70%) 3 172,9 9 431,9 (66%)
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен) 40 228 144 687 (72%) 102 425 310 832 (67%)
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг менен) 1 251,2 4 500,3 (72%) 3 185,7 9 667,9 (67%)
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы (унциясына АКШ доллары менен) 1 592 1 529 4% 1 677 1 451 16%
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн. АКШ доллары менен) 64,0 221,2 (71%) 171,8 451,1 (62%)
Жалпы өндүрүштүк чыгымдар (амортизацияны жана эскирүүнү эске алуу менен) (млн. АКШ доллары менен) 40,7 85,5 (52%) 113,7 156,8 (28%)
Дүң кирешеге салык + Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос (млн. АКШ  доллары менен) 41.7 24.5 70% 63,7 72,7 (12%)
Капиталдык жумшоолор (млн. АКШ доллары менен) 110,0 46,0 139% 235,0 117,9 99%
Геологиялык чалгындоолорго чыгымдар (млн. АКШ  доллары менен) 2,9 2,8 4% 5,1 6,9 (26%)
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 42 736 38 271 12% 73 482 74 779 (2%)
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 16 1 448 (99%) 79 2 036 (96%)
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң тонна) 1 376 1 545 (11%) 2 627 2 936 (11%)
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 1,33 3,27 (59%) 1,64 3,68 (55%)
Алтынды бөлүп алуу пайызы (% менен) 71,2 82,6 (14%) 72,0 82,6 (13%)

* * *

“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан  2012-жылдын 30-июнуна чейин “Кумтөрдө” жалпысынан 8,5 млн. унция же 264 тоннадай алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр Оперейтинг Компани” “Кумтөр” долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

Centerra Gold Inc. («Центерра») Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, өнүгүүгө багытталган алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана эң ири батыш компаниясы – Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү болуп саналат. “Центерранын” акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.

Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерранын» акцияларынын эң ири пакетинин  – 77 401 766 акциясынын – 33%га жакынынын кармоочусу болуп саналат. 2012-жылдын 29-июнуна карата Кыргызстандын акцияларынын пакетинин наркы 538 млн. долларды түзгөн.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана компаниянын www.centerragold.com сайтында жеткиликтүү жайгаштырылган, ошол эле жерден 2012-жылдын II кварталынын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти менен таанышууга болот. «Кумтөр Оперейтинг Компани» жөнүндө маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.

_______________________________________________
* Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм
** – Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акча суммалары АКШ долларында келтирилген.

Кошумча маалымат үчүн «Кумтор Оперейтинг Компанинин» ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмүнө кайрылыңыздар.