Ысык-Көл областында ар жылдык «Өрүк Фест – 2018» фестивалы болуп өттү

Ысык-Көл областында ар жылдык «Өрүк Фест – 2018» фестивалы болуп өттү

Жарыяланган: 02 August 2018

2018-жылдын 28-июлунда Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районундагы Ак-Терек айылында ар жылдык «Өрүк Фест – 2018» фестивалы үчүнчү өрүк болуп өттү. Иш чара «Кумтөр Голд Компани» ЖАКынын каржылоосу менен «FSDS» (Туруктуу өнүктүрүү үчүн чечимдер) коомдук фонду жүзөгө ашырган «Ысык-Көл областынын элет жаштарына экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» долбоору алкагында уюштурулду.

Фестивалдын максаты Жети-Өгүз райондук айылдардын Көлдүн өрүгүн кеңири таанытуу аракеттерин бириктирүү; мөмө-жемиш өндүрүшүн өнүктүрүүгө инвестиция тартууга көмөктөшүү; ошондой эле экологиялык баалуулуктарды пропагандалоо жана региондо туризмди өнүктүрүү.

Фестиваль бир аянтчада жергиликтүү багбандарды, кулинарларды, ишкерлерди жана сырьену кайра иштетүүчүлөрдү бириктирүү аркылуу Ысык-Көл областы үчүн жайдын көрүнүктүү окуясы болду. Фестивалдын алкагында таанып-билүүчүлүк семинарлар жана мастер-класстар, өрүктүү айылдардын жетишкендик көргөзмөсү, өрүктөн эң мыкты продукцияга жана буюмдарга сынактар жүрдү. Фестивалдын коноктору кыргыз эстрада жылдыздарынын жана жергиликтүү артисттердин өнөрлөрүн көрүү, жергиликтүү өндүрүштөгү продукцияларды сатып алуу, акцияларга жана флеш-мобдорго катышуу мүмкүнчүлүгүн алышты.
«Мындай масштабдуу иш чаралар жергиликтүү мөмө-жемиш өндүрүшүн өркүндөтүүгө жана Ысык-Көлдүн тескейиндеги туризмди өнүктүрүүгө өбөлгө. Биз элет ишкердигин өнүктүрүү, жакырчылык менен күрөшүүнүн жана аймакта социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү колдоонун натыйжалуу ыкмасы болоруна ишенебиз», – деди «FSDS» КФнын аткаруучу директору Муратбек Исмаилов.

«Кумтөр» компаниясы областтын жаштарынын ишкердик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган бизнес демилгелерди колдоого даяр. Биз фестивалдын аянтчасы фермерлерге жана багбандарга өз чарбаларын өнүктүрүүгө жана сатып өткөрүү рыногун диверсификациялоого кошумча мүмкүндүк берет деп үмүттөнөбүз», – деди КГКнын туруктуу өнүктүрүү боюнча директору Актилек Тунгатаров.

Маалымат үчүн:
«Кумтөр Голд Компани» менен FSDS КФ «Ысык-Көл областынын айыл жаштарына экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» биргелешкен долбоору экономикалык ишмердикти колдоо аркылуу Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун айыл жаштары жана жаш үй-бүлөлөрдүн жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган. Долбоор Ысык-Көл областынын Тоң районунун Күн-Чыгыш жана Тоң айылдарын, ошондой эле Жети-Өгүз районунун Барскоон, Тосор жана Дархан айылдарын камтыйт. Долбоор башталган 2016-жылдан бери 59 жаш жаран окутуудан өтүп, бизнес-долбоорлорду жазуу боюнча көндүмдөрдү алышты. Эл аралык финансы уюмдарынын, долбоордун донорлорунун жана бизнес ассоциациялардын өкүлдөрүнөн турган көз карандысыз эксперттик комиссия билдирмелерди тандап чыгып, КГК менен «FSDS» КФнын биргелешкен долбооруна катышууга он бизнес демилгени аныктады. Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун элет жаштарынын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдоого жана кеңейтүүгө багытталган долбоордо алардын бизнесин модернизациялоо же зарыл жабдуу сатып алуу, инфраструктураны жакшыртуу, ошондой эле консультациялык жардам жана бир катар тренингдерге катышуу түрүндө колдоо каралган.