«Кумтөрдүн» кызматкерлери Кара-Балтадагы карылар пансионунда жемиш бак тигишти

«Кумтөрдүн» кызматкерлери Кара-Балтадагы карылар пансионунда жемиш бак тигишти

Жарыяланган: 03 May 2018

2018-жылдын 28-апрелинде «Кумтөр» кени жана компаниянын Бишкектеги кеңсе кызматкерлери Чүй облусу Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы «Саламат» карылар пансионуна кезектеги жардамын көрсөттү. Кумтөрчүлөр курулуш материалдарын сатып алып, карылар үйүнүн эң чоң бөлмөсүн өз күчтөрү менен оңдоп, жаңыртып беришти.

Андан соң, «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери Кыргызстандагы Кызыл Жарымай Коомунун ыктыярчылары менен биргелешип пансиондун короосуна «кандын шабдаалысы» менен алма көчөттөрүн тигишти. Пансион жетекчисинин орун басары Ирина Лихачёва жемиш багы карылар үчүн эң сонун эс алуу жай гана болбостон, жакшы жардам да болорун белгиледи. «Биз жашылча-жемиштерди базардан сатып алабыз, өзүбүздүн түшүмүбүз болсо, бизге зор жардам болот. Как кургатып, кышка даярдык кылмакпыз. кактарды жасайбыз. Келечекте бактын жанына сөөрү коюп, жолчо пландаштырып жатабыз»,- деп бөлүштү.
Катышуучулар акцияны Кыргызстанда жыл сайын белгиленүүчү 1-май Эмгек күнүнө арнашты. «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери пансиондун баардык тургундарына азык-түлүк топтомдору тапшырды.

«Кумтөр Голд Компанинин» башкы энергетиги Азирет Абдыкеримовдун айтымында бул демилге буга чейинки ыктыярчылардын карылар үйүнүн коридорлорунда оңдоп-түзөө иштерин жасаган акциянын уландысы. «Пенсиялык курак – жашоодогу татаал мезгилдердин бири». Карыялар көптөгөн физикалык жана психологиялык кыйынчылыктарга дуушар болот. Өзүнө өзү кам көрүү оор болгондуктан, ар тараптуу колдоо жана кам көрүүгө абзел. Ошондуктан, биз ушундай акцияларды байма-бай өткөрүп турабыз», – деп белгиледи.
Кара-Балтадагы карыялар үчүн пансион 1992-жылдан бери бар, жана ал 65 кишиге чакталган. Учурда бул социалдык мекемеде 33 тургун жашайт.
Ошол эле күнү «Кумтөр Голд Компани» кызматкерлери Кара-Балтадагы балдар башпаанек үйүнө да барышты. Ал жерде 6 жаштан 18 жашка чейинкурактагы балдар тарбияланат жана жашайт. «Биздин тарбиялануучулардын алтоосжетимдер, калгандары – начар үй-бүлөдөн. Биз алардын социалдык коргоо маселелерин чечип, педагогикалык колдоо көрсөтөбүз. Алардын мектепке баруусун көзөмөлдөйбүз», – деп башпаанектин башчысы Ирина Радченко билдирди.

«Кумтөрдүн» ыктыярчылары балдарга белек камдап барышкан: китептер, оюнчуктар, сүрөт үчүн альбомдор жана кеңсе буюмдарын. «Кумтөр Голд Компанинин» генералдык менеджери Болот Идирисов балдар борборуна жардамды улантуу маселесинкомпания кызматкерлери башпаанек администрациясы менен кеңешип чечерин билдирди.
«Кумтөрдүн Элчилери» аталган, корпоративдик ыктырчылыкты жайылтуу программасына компаниянын бардык бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жигердүү катышат жана туруктуу негизде республикадагы көптөгөн социалдык мекемелерге колдоо көрсөтүп келишет.