2017-жылдын III чейректеги өндүрүштүк натыйжалары

2017-жылдын III чейректеги өндүрүштүк натыйжалары

Жарыяланган: 16 November 2017

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2017-жылдын III чейрегиндеги ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Тогуз айда “Кумтөрдө” 404 584 унция1 же 12 583,98 кг алтын өндүрүлгөн. КГК жыл башынан бери 6,8 миллиард сомдон ашуун салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Өндүрүш жана сатып өткөрүү

2017-ж. үчүнчү чейрегинде Кумтөрдө 138 561 унция алтын өндүрүлгөн, а 2016-ж. ушул эле мезгилинде өндүрүүнүн көлөмү 166 030 унцияны түзгөн.
2017-ж. үчүнчү чейрегинде 99 514 унция, же 3,1 тонна алтын сатып өткөрүлдү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 124,3  млн долларды2 түздү.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта ш. аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КРдин аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААК гана ээ.

Операциялык жумшоолор жана башка маанилүү көрсөткүчтөр:

Операциялык жумшоолор 2017-ж. үчүнчү кварталында 26,7 млн долларды түзүү менен 2016-ж. ошол эле мезгилине салыштырмалуу 18,5 млн долларга төмөндөгөн. Бул, 2017-ж. карьердин үчүнчү чейрегинде капиталдаштырылган борбордук бөлүгүндөгү №18 иш участогундагы бош текти жылдыруунун олуттуу көлөмдөрүн кошо алганда, тоо-кен иштеринин көлөмүнүн 41%га өсүшүн билдирет. Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, операциялык чыгымдар 2016-ж. үчүнчү чейрегиндеги 83,9 млн долларга салыштырмалуу 57,5 млн долларды түзгөн. Төмөндө операциялык чыгымдардын башкы курамдары (тоо-кен иштери, фабрикалык кайра иштетүү жана кен ишканасынын территориясын тейлөө) боюнча материалдык жүгүртүү каражаттарынын запастарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чейин көрсөтүлгөн чыгымдардын өсүшүнүн себептерин түшүндүрүү келтирилет.

Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, тоо-кен иштерин жүргүзүүгө чыгымдар 2017-ж. үчүнчү кварталында жалпысынан 49,2 млн долларды түзгөн, ал 2016-ж. ушул эле кварталындагыдан 4,7 млн долларга көп. Бул өсүш дизель отунун сатып алууга көбөйүп кеткен чыгымдардан (1,8 млн доллар) келип чыккан, ал негизинен сатып алуу бааларынын өсүшү; негизинен жардыруу иштеринин көлөмдөрүн кеңейтүүгө байланыштуу жардыруу иштерин жүргүзүүгө  чыгымдардын көбөйүшү (1,3 млн доллар); жаңы жамааттык келишимди түзүү жана жергиликтүү валютанын бекемделиши менен байланышкан эмгекке акы төлөөгө чыгымдардын көбөйүшү (1,2 млн доллар) байланышкан.  Андан тышкары, 785 жүк ташуучу машинаны кошумча ремонтунун зарылдыгынын натыйжасында ремонт иштерин жүргүзүүгө чыгымдар да өскөн (0,7 млн доллар).

2017-ж. үчүнчү чейрегинде 19,5 млн долларды түзүү менен фабрикалык кайра иштетүүгө чыгымдар да өскөн, алар 2016-ж. ушул мезгилинде 16,1 млн долларды түзгөн. Көрсөтүлгөн өсүш фабриканы 2017-ж. үчүнчү кварталындагы пландуу токтотуу убагында жарым-жартылай өз алдынча майдалоо тегирменинин, шартегирмендин жана жеткире майдалоо тегирмендин футеровкаларын жалпы ремонттоо зарылдыгынан улам жаралган, ошол эле учурда 2016-ж. ушул чейректе жарым-жартылай өз алдынча майдалоо тегирмендин футеровкалары гана жаңыртылган. Компания буу казандарындагы, ири торлордогу жана жаргылчактагы башка тетиктерди да алмаштыруу үчүн фабрика токтогон учурдан пайдаланды.

Кен ишкананын аймагын тейлөөгө чыгымдар 2017-ж. үчүнчү чейрегинде жалпысынан 10,5 млн долларды түзгөн, ошол эле учурда 2016-ж. ушул чейректе 10,1 млн доллар болгон. Бул чыгымдар контракттык уюмдар кен ишкананын аймагын жапырт тазалоо иштерине берилген чоңураак баалардын эсебинен бираз өскөн.

Башкы жумшоолордун динамикасы:

2017-ж. үчүнчү кварталында продукцияны сатып өткөрүү менен байланышкан жешилүүлөргө, азаюуларга жана амортизацияга которуулар 27,8 млн долларга чейин, башкача айтканда алар 51,3 млн долларды түзгөн 2016-ж. ушул мезгилине салыштырмалуу 46,%га кыскарган. Көрсөтүлгөн кыскаруу негизинен 2017-ж. үчүнчү чейрегинде продукцияны сатып өткөрүү көлөмүнүн 40%га кыскаруусу менен байланышкан.   Негизги фондуларды кармап турууга кыйыр продуктынын эсебинен жана ага дүң кирешеге салык кирбеген сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде, жалпы чыгымдар 2017-ж. үчүнчү кварталында 807 долларды түзгөн, ошол эле учурда 2016-ж. үчүнчү кварталында алар 555 долларды түзгөн, башкача айтканда продукцияны сатып өткөрүү көлөмүнүн 40%га төмөндөшүнө байланыштуу 45%га көбөйгөн. Үчүнчү кварталдын көрсөткүчтөрүнө араздашууларды биротоло жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасы менен жетишилген макулдашуунун алкагында  Жаратылышты өнүктүрүү боюнча фондунун (буга чейин топтолгон, бирок төлөнүп берилбеген 2,0 млн доллар каражаттар) пайдасына жаңы экологиялык жыйым (унциясына 20 доллар) да киргизилген.

Негизги фондуларды кармап турууга кыйыр продуктынын эсебинен жана ага дүң кирешеге салык кирген сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде, жалпы чыгымдар 2017-ж. үчүнчү кварталында 983 долларды түзгөн, ошол эле учурда 2016-ж. үчүнчү кварталында алар 742 долларды түзгөн. Бул көбөйүү негизги фондуларды кармап турууга чыгымдардын өсүшү менен байланышкан.

«Кумтөр» долбоору боюнча өндүрүштүк көрсөткүчтөр

III квартал, на 30 сентября 9 месяцев, на 30 сентября
2017 2016 Изменения, в % 2017 2016 Изменения, в %
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн USD)2 124,3 218,7 (42%) 457,1 452 1%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын4 өздүк наркы (млн  USD) 54,5 96,5 (44%) 207,1 244,4 (15%)
Сатып өткөрүлгөн продукциянын4 өздүк наркы (унциясына USD) 548 585 (6%) 561 689 (19%)
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 49 251 34 838 23% 131 108 108 856 20%
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 2 465 3 970 (38%) 2 477 8 687 (71%)
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң  тонна) 1 505 1 571 (4%) 4 578 4 722 (3%)
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 3,47 4,11 (16)% 3,51 3,01 17%
Алтынды ылгап алуу коэффициенти (% менен) 80,50% 81,40% 1% 78,6% 77,00% 2%
Өндүрүлгөн алтын (унция менен)1 138 561 166 030 (17%) 404 584 350 199 16%
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 4 309,73 5 164,11 (17%) 12 583,98 10 892,41 16%
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен)1 99 514 164 847 (40%) 369 431 354 500 4%
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг  менен) 3 095,23 5 127,32 (40%) 11 490,60 11 026,19 4%
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы4 (унциясына USD) 1 249 1 327 (6%) 1 237 1 275 (3%)
Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого)4 (млн. USD) 15,5 13 19% 44,2 49,6 (11%)
Капиталдык жумшоолор (өнүктүрүүгө)4 (млн. USD) 5,2 3,2 63% 11 13,3 (17%)
Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)4 (млн USD) 30,8 38,7 (20%) 125 78,4 59%
Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн негизинде)4 268 274 (2%) 274 350 (22%)
Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор4 (унциясына USD) 338 303 11% 321 390 (18%)
Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4 (сатып өткөрүлгөн унцияга USD) 807 555 45% 782 695 12%

1 – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
2 – Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.
3 – Тегерекөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн
4 – «Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор», «Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор», салыктарды эсепке алган жана албаган «Бардык жумшоолор», доллар менен сатып өткөрүлгөн бир унцияга, «Сатып өткөрүлгөн продукциянын орточо баасы» менен «Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы» сатылган унцияга кайра эсептөөлөрдөгү, Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого жана өнүктүрүүгө), Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн негизинде), Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрүнө кирбейт.

КР бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2017-ж. III чейрегиндеги КР бюджетине салыктар, социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 2 миллиард сомдон ашты.

“Кумтөр” долбоору боюнча 2017-ж. тогуз айындагы салыктар жана милдеттүү төлөмдөр

   АКШ* доллары менен
1-чейрек 2017 2-чейрек 2017 3-чейрек 2017
Дүң кирешеге салык  23 168 141  27 041 241  22 671 153
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым  1 389 468  2 472 792  1 743 935
Экологиялык төлөм  310 000  –  –
Кызматкерлердин кирешесине салык  1 245 567  1 173 336  987 757
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр  5 673 426  4 984 932  4 811 394
Бажы төлөмдөрү  148 828  139 379  95 362
Резидент эместердин кирешесине салык  168 592  152 640  84 533
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар  114 487  236 483  62 131
Бардыгы  32 218 509  36 200 803  30 456 265
Чейрек соңуна карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу  68,6069  69,1367  68,6585
Төлөмдөрдүн эквиваленти сом менен  2 210 412 018  2 502 804 052  2 091 081 501

*- Тегерекөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты  саналат.

Комментарий

“Центерра Голд” компаниясынын Башкы кызмат адамы Скотт Пери мындай деп белгиледи: “Үчүнчү кварталда биз компаниянын бардык бөлүмдөрүндө ар бир кызматкерди камтуу менен “Work Safe, Home Safe” аталышындагы программаны киргизүүнү аяктадык. Жылдын аягына чейин биз «Центерранын» ар бир кызматкери жылдын аягына карата тиешелүү окутуудан өтүшү үчүн бардык өндүрүштүк аянтчаларыбызда бул программаны киргизүүнү улантмакчыбыз.

Өткөн чейрек олуттуу окуя – Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен «Кумтөр» долбооруна тиешелүү бардык талаш маселелерди жалпы жөнгө салуу боюнча макулдашууга жетишүү менен коштолду. Бул макулдашуу менен «Кумтөрдүн» кызматкерлеринин жүрүү эркиндигине, ошондой эле «Кумтөрдүн» «Центеррага» каражаттарды которуу мүмкүнчүлүгүнө бардык чектөөлөрдү алып салуу каралат. Бул макулдашуу иштиктүү ишеним маанайын түзөт жана «Кумтөр» долбоорунун алкагында болочок тоо-кен иштерин ишенимдүү пландоого мүмкүндүк берет. Андан тышкары, бул макулдашуу менен «Кумтөр» долбоору боюнча макулдашуулардын алкактарында «Центерра» менен «Кумтөрдүн» бардык укуктары тастыкталат».

***

Кумтөр кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2017-жылдын 30-сентябрына чейин Кумтөрдө жалпысынан 11,389 млн унция же 354,257 тонна алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

Centerra Gold Inc. («Центерра») Түндүк Америкада, Азияда  жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген алтын өндүрүүчү канадалык компания. «Центерра» Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү. «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн  – 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2017-жыл, 16-ноябрга карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 454 млн доллардан ашты.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат жана пресс-релиз толугу менен SEDAR системасында www.sedar.com  жана www.centerragold.com  жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.