2016-жылдын III чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

2016-жылдын III чейректеги өндүрүштүк жыйынтыктары

Жарыяланган: 18 November 2016

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» («Кумтөр») 2016-жылдын III чейрегиндеги ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Быйыл тогуз ай ичинде Кумтөрдө 350 198 унция* же 10 892,38 кг алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери 5 миллиард сомдон ашуун салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2016-ж. үчүнчү чейрегинде Кумтөрдө №17-иш участогунан келип түшкөн руданы кайра иштетүү улантылган. 2016-ж. үчүнчү чейрегинде 166 030 унция көлөмүндөгү алтын өндүрүлдү. 2015-ж. ушул эле мезгилинде көлөм 10 3701 унцияны түзгөн. Өндүрүш көлөмүнүн өсүшү SВ зонадан казып алынган жана кайра иштетилген руданын бай болгондугунда. 2015-ж. ушул эле чейректе компания №16-участоктон кампага ташылып келген жана №17-участоктун аймагындагы курамында алтын кыйла төмөн рудаларды кайра иштеткен.

2016-ж. үчүнчү чейрегинде Кумтөрдө 1,6 млн тонна же өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 5%га көп руда иштетилген. Фабрикага келип түшкөн руданын курамында алтын орточо 4,11г/т, ал эми ылгап алуу пайызы 81,4%ды түздү. 2015-ж. ошол эле мезгилинде көрсөткүчтөр тиешелүү түрдө 2,83 жана 75,7% түзгөн. 2016-ж. үчүнчү чейректе фабриканын өндүрүш кубаттуулугу да артып, суткасына орточо 17 074 тонна руда иштетилди. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул эле мезгилинде суткасына орточо 16 262 тоннадан ашкан эмес. АЫФтын өндүрүүмдүүлүгү руда кампалардагы металлургиялык параметрлери түрдүү руданы АЫФка аралаштырып берүү боюнча стратегиялык пландоо, электүү шагыл футеровкаларды көбөйтүү жана жартылай-өзү майдалоочу тегирмендеги шарлардын өлчөмүн чоңойтуу аркылуу өскөн.

2016-ж. III чейрегинде сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 164 847 унция, же 5,13 тоннаны түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 220,2 млн долларды** түздү.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта ш. аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КРдин аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААК гана ээ.

Өндүрүштүк чыгымдар жана капиталдык жумшоолор

Негизги фондуларды колдоого сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде жалпы жумшоолор*** (дүң киреше салыгы кошулбайт) 2016-ж. үчүнчү чейрегинде 45%га кыскарып, 555 долларды түздү. 2015-ж. ушул эле мезгилинде 1000долларды түзгөн. Бул кыскаруу негизинен сатып өткөрүлгөн продукцияны унциясына кайра эсептегенде операциялык жумшоолорду**** азайтуу, SB зонасынын №17- участоктогу бай руданы кайра иштетүү, жыл ичинде фабриканын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу (чейректе 81,4%га) жана запастардын наркын 27,2 млн долларга кайтадан төмөндөтүү, ошондой эле негизги фондуларды модернизациялоого жумшоолорду кыскартуудан улам мүмкүн болду.

Сатып өткөрүлгөн продукциянын бир унциясына кайра эсептегенде жалпы жумшоолор*** (дүң киреше салыгы кошулбайт) 2015-ж. үчүнчү чейректе 1014 долларды түзсө, 2016-ж. ушул эле мезгилинде 574 долларды түзүп, былтыркыга салыштырмалуу жогоруда көрсөтүлгөн натыйжалардан улам 43%га төмөндөгөн.

Сатып өткөрүлгөн продукциянын бир унциясына жалпы жумшоолор*** (дүң киреше салыгы кошулбайт) 2016-ж. үчүнчү чейрегинде 54,9 млн долларды түздү. Анын ичинде 13,0 млн доллар негизги фондуларды колдоого(негизинен жабдууларды жаңыртууга жана техникалардын капиталдык ремонтуна багытталган), 3,2 млн доллар өлчөмүндө өнүктүрүүгө капиталдык салымдар*** жана 38,7 млн доллар өлчөмүндө кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруу чыгымдары (28,2 млн доллар накчалай акча түрүндө). Капиталдык чыгымдардын көлөмү 2015-жылы ушул эле мезгилде жалпысынан 80,7 млн долларды түзгөн. Анын ичинде 14,4 млн доллар негизги фондуларды колдоого, 1,4 млн доллар өлчөмүндө өнүктүрүүгө капиталдык салымдар*** жана 64,9 млн доллар өлчөмүндө кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруу чыгымдары (28,2 млн доллар накчалай акча түрүндө).

Кумтөр долбоору боюнча өндүрүштүк көрсөткүчтөр

 

III чейрек, 30-сентябрга карата Тогуз ай, 30-сентябрга карата
2016 2015 % өзгөрүү 2016 2015 % өзгөрүү
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн. USD) 220,2 113,59 4% 455,0 460,1 (1%)
Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн негизинде)**** 46,7 33,5 39% 126,9 104,3 22%
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 34 838 41 944 (17%) 108 856 124 109 (12%)
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 3 970 1 136 249% 8 687 2 642 229%
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң тонна) 1 571 1 496 5% 4 722 4 225 12%
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 4,11 2,83 45% 3,01 3,63 (17%)
Алтынды ылгап алуу коэффициенти (% менен) 81,4% 75,7% 8% 77,0% 78,4% (2%)
Өндүрүлгөн алтын (унция менен)* 166 030 103 701 60% 350 198 390 084 (10%)
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 5 164,11 3 225,5 60% 10 892,38 12 133 (10%)
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен)* 164 847 100 994 63% 354 500 388 968 (9%)
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг менен) 5 127,32 3 141,3 63% 11 026,19 12 098,3 (9%)
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы*** (унциясына USD) 1 336 1 124 19% 1 284 1 183 9%
Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого)*** (млн USD) 13,0 14,4 (10%) 49,6 38,6 28%
Капиталдык жумшоолор (өнүктүрүүгө)*** (млн USD) 3,2 1,4 129% 13,3 11,8 13%
Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)*** (млн USD) 38,7 64,9 (40%) 78,4 198,4 (60%)
Оңдоп-түздөлгөн операциялык жумшоолор*** (унциясына USD) 303 369 (18%) 390 304 28%
Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор*** (унциясына USD) 555 1 000 (45%) 695 791 (12%)
Бардык жумшоолор*** (унциясына USD 574 1 014 (43%) 732 821 (12%)
Бардык жумшоолор салыктарды эсепке алуу менен*** (унциясына USD) 761 1 171 (35%) 912 987 (8%)

* – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
** – Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.
*** – Түзөтүлгөн операциялык чыгымдар, негизги фондуларды колдоого жалпы чыгымдар, жалпы чыгымдар, ошондой эле өзүнө кирешеге салыкты камтыган жалпы чыгымдар (млн. доллар менен жана продукциянын бир унциясын сатып өткөрүүгө кайра эсептегенде), алтынды сатып өткөрүүнүн бир унциясына орточо баа жана капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого, өнүктүрүүгө да) бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган нормаларына кирбейт жана “ГААП сырткары көрсөткүчтөр” бөлүгүндө талкууланат.
**** – Операциялык жумшоолор (сатып өткөрүүнүн негизинде) өзүнө кендин иштешин камсыздоочу акчалай чыгымдарды: тоо-кен иштеринин наркын, жергиликтүү башкаруу чыгымдарын, роялтини жана жер казынасын эксплуатациялоого салыктарды (мунун кумтөргө тиешеси жок, анда дүң кирешеге салык эсептелет) камтыйт, бирок жешилүүгө, кунарсызданууга жана амортизацияга которууларды камтыбайт.

КР бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

Тогуз ай ичиндеги КР бюджетине салыктар, социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 5 миллиард сомдон ашты.

Кумтөр долбоору боюнча 2016-ж. тогуз айындагы салыктар жана милдеттүү төлөмдөр

 

                                                                                              Миң АКШ доллары менен
I чейрек 2016 II чейрек 2016 III чейрек 2016
Дүң кирешеге салык 15 076,88 13 967,338  20 954,16
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым 1 159,76 1 074,41 1 611,86
Экологиялык төлөм 310,000
Кызматкерлердин кирешесине салык 1 125,93 1 151  939,77
КРдин Социалдык фондуна төлөмдөр 5 056,86 4 594,30  4 245,85
Бажы төлөмдөрү 188,74 138,758 74,63
Резидент эместердин кирешесине салык 173,33 190,28  772,82
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 63,92 348,862  105,20
Бардыгы 23 155,42 21 464,95 28 704,28
АКШ долларынын КРдын сомуна карата расмий курсу 70,0158 67,4860 68,6538
Төлөмдөрдүн эквиваленти миң сом менен 1 621 245,46 1 448 583,41 1 970 657,85

 

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги «Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.

2016-жылга прогноз

2016-ж. Кумтөрдө жалпы капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерин кошпогондо) эсептөөлөр боюнча 85 млн долларды, башта каралгандан 12 млн долларга азыраакты түзмөкчү. Ошондой жле компания негизги фондуларды колдоого жумшоолорду*** мурда пландалган 75 млн доллардан 68 млн долларга кыскартты. Бул мурда болжолдонгондой айрым ири жүк ташуучу техникалардыр ири жана майда ремонттук жумуштарынан баш тартуу же кийинкиге калтырууга байланыштуу (7 млн доллар).

2016-ж. өндүрүштү өнүктүрүүгө мурда белгиленген жумшоолор да 22 млн доллардан 17 млн долларга кыскартылды. Бул кыскартуу 2016-ж. карьердин контурларын кеңейтүүгө, улантылып жаткан инфраструктурадагы бир катар объектилерди көчүрүүгө жумшоолордун сметасы азайганына байланыштуу (азаюу көлөмү 5 млн доллар).

Карьерди кеңейтүүгө байланышкан кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга чыгашалардын акчалай курамы №18-иш участогундагы кыртыш ачуу иштеринин көлөмү көбөйүүсүнө байланыштуу эсептөөлөргө ылайык, 122 млн долларды түзүүгө тийиш (мурда алар 108 млн. доллар көлөмүндө пландалган). 2016-ж. Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга жалпы чыгымдар (эскирүүгө, жешилүүгө жана амортизацияга которууларды кошкондо) 150 млн долр көлөмүндө (мурда алар 145 млн суммасында пландаштырылган) каралууда.

Комментарий

«Центерра» компаниясынын Башкы аткаруучу директору Скотт Перри 2016-ж. үчүнчү чейрегинин өндүрүштүк натыйжаларына комментарий берүү менен төмөнкүлөрдү белгиледи: «SB зонасынан келип түшкөн металлга бай руданы казып алуу жана фабрикалык кайра иштетүүнүн жүрүшүндө 166 030 унция алтын өндүрүү менен Кумтөр өткөн чейректе өндүрүштүк жогорку ийгиликтерге жетишти. Негизги фондуларды колдоого жалпы чыгымдар сатып өткөрүлгөн продукциянын жалпы чыгымдары 555 долларды түзүүсү, бардык тармак боюнча алганда эң мыкты көрсөткүч жана биздин баштагы эсептөөлөрүбүздөн алда канча жогору.

Үчүнчү чейректе «Кумтөр» тарабынан өндүрүлгөн эркин каражаттын суммасы 106 млн доллар. Бирок, «Кумтөр» долбоору өндүргөн бар каражатка уруксат жоктугунан компания ар чейректик дивиденддерди төлөөнү ушул жылдын декабрына чейин калтырууну чечти. Үчүнчү чейректеги кирешелер боюнча биздин маалыматка ылайык, компания Кумтөрдөгү алтын өндүрүүнүн жылдык эсептик көлөмүн 520000-560000 унцияга чейин көбөйттү. Мындан сырткары, биз негизги фондуларды колдоп турууга жалпы чыгымдардын эсептик көрсөткүчүн 6%га төмөндөттүк. Эми бул көрсөткүч сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына Кумтөр үчүн 692 долларды түзөкчү».

Кумтөр кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбор Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылган эң ири алтын кен ишкана. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2016-жылдын 30-сентябрына чейин Кумтөрдө жалпысынан 10,70 млн. унция же 333,9 тонна алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» толугу менен Centerra Gold Inc. туунду компаниясы жана «Кумтөр» долбоорунун оператору катары бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

Centerra Gold Inc. («Центерра») өнүгүүгө багытталган Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген алтын өндүрүүчү компания. «Центерра» Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү компаниясы. «Центерранын» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн – 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2016-жыл 17-ноябрына карата Кыргызстандын акциялар үлүшүнүн наркы 395 млн доллардан ашты.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат жана 2016-жылдын III чейректеги жыйынтыктары боюнча пресс-релиз толугу менен SEDAR системасында www.sedar.com жана www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.