2013-жылдын III кварталынын өндүрүштүк натыйжалары

  • Башкы бет »
  • 2013-жылдын III кварталынын өндүрүштүк натыйжалары

2013-жылдын III кварталынын өндүрүштүк натыйжалары

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр» компаниясы 2013-ж. 3-кварталындагы иштин жыйынтыктарын чыгарышты. 9 айда «Кумтөр» кен ишканасында 252 272 унция* же 7 846,5 кг алтын өндүрүлгөн. Компания 3,6 миллиард сомдон ашуун суммада салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Продукция өндүрүү жана сатып өткөрүү

Operating Results of the 3rd Quarter of 20132013-ж. үчүнчү кварталында “Кумтөр” кенинде 2 808,3 килограмм алтын өндүрүлгөн, ошол эле учурда 2012-ж. ушундай мезгилинде баалуу металлды өндүрүү көлөмү 739,8 килограммды түзгөн. Өндүрүштүн көлөмүнүн көбөйүшү биринчи кезекте 15-участокко чыгуудан жана бай руданы казып алуудан улам болду. Үчүнчү кварталда алтынды бөлүп алуу алтындын орточо курамы 3,04 г/т. болуу менен 76,4%ды түздү. Отчеттук мезгилде руданы кайра иштетүү көлөмү 1,3 млн. тоннаны түздү, бул 2012-ж. ушундай мезгилинин көрсөткүчүнөн алда канча ашыкча.

2013-ж. үчүнчү кварталында сатып өткөрүлгөн продукциянын көлөмү 2,7 тоннадайды түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат үч айда  116,8 млн. долларды** түздү.

“Кумтөр” кен ишканасында өндүрүлгөн Доре куймалары бул “Кумтөр Оперейтинг Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коому тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада аны андан ары кайра иштетүү үчүн сатып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ. <

Өндүрүштүк көрсөткүчтөр жана чыгымдар

Өндүрүлгөн продукциянын унциясына операциялык акчалай чыгымдар 2013-ж үчүнчү кварталында 709 долларды түзгөн, ошол эле учурда 2012-ж. алар унциясына 1 338 доллар болгон. Мындай натыйжаларга алтын өндүрүүнүн жогорку көлөмдөрүнүн эсебинен жетишиле алды, алар 2012-ж. ушундай көрсөткүчтөрүнөн 280%га ашып кеткен. Бирок, бул сумма кыртышты ачуу иштерин жүргүзүүгө капиталдык жумшоолорду жана жогору туруксуз зонаны жеңилдетүү боюнча иштердин наркын эсепке албайт.

Мында дүң кирешеге салыкты эсепке алуу менен өндүрүлгөн продукциянын бирдигине жалпы акчалай чыгымдар 2013-ж. үчүнчү кварталында 1 576 долларды түздү.

Капиталдык жумшоолор 2013-ж. үчүнчү кварталында 77,7 млн. долларды түздү, анын ичинен:
  • 13,3 млн. доллар негизги негизги фондуларды модернизациялоого;
  • 8,1 млн. доллар – өзүнө тоо-кен техникасы паркын кеңейтүүнү камтуу менен өндүрүштү өнүктүрүүгө;
  • 56,4 млн. доллар – кыртышты ачуу иштерине багытталган.
Бургулоо иштеринин натыйжаларынын толук тизмеси жана “Кумтөр”  кен ишканасынын көмөкчү карталары Электрондук издөө жана маалыматтын анализи системасында (SEDAR) жайгаштырылган жана компаниянын сайтында: www.centerragold.com жеткиликтүү.

«Кумтөр» долбоору боюнча өндүрүштүк көрсөткүчтөр

  III квартал, 30 сентябрга карата 9 ай, 30 сентябрга карата
2013 2012 Өзгөрүүлөр, % менен 2013 2012 Өзгөрүүлөр % менен
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен) 86 699 26 626 226% 248 635 129 051 93%
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг менен) 2 696,6 828,2 226% 7 733,4 4 013,9 93%
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы (унциясына АКШ доллары менен)* 1 347 1 651 (18%) 1 456 1 671 (13%)
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн. АКШ доллары менен) 116,8 44,0 166% 362,0 215,7 68%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы (млн. АКШ доллары менен) 86,0 38,0 126% 217,9 166,9 31%
Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы (унциясына АКШ доллары менен)* 991 1 427 (31%) 876 1 294 (32%)
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 41 741 35 943 16% 129 827 109 425 19%
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 2 087 412 407% 3 095 491 530%
Казылып алынган рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 2,78 2,25 24% 2,53 2,09 21%
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң тонна) 1 312 581 126% 4 136 3 209 29%
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 3,04 1,78 71% 2,63 1,66 58%
Алтынды бөлүп алуу пайызы (% менен) 76,4 75,1 2% 73,6 72,6 1%
Өндүрүлгөн алтын (унция менен) 90 289 23 786 280% 252 272 125 799 101%
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 2 808,3 739,8 280% 7 846,5 3 912,8 101%
Операциялык акчалай чыгымдар (унциясына АКШ доллары менен)* 709 1 338 (47%) 589 828 (29%)
Жалпы акчалай жумшоолор* (салыктарды кемиткенге чейин) (унциясына АКШ доллары менен) 1 395 4 911 (72%) 1 478 3 388 (56%)
Жалпы акчалай жумшоолор* (салыктарды эске алуу менен) (унциясына АКШ доллары менен) 1 576 5 170 (70%) 1 678 3 628 (54%)
Капиталдык жумшоолор (млн. АКШ доллары менен) 77,7 96,8 (20%) 281,3 368,0 (24%)
Геологиялык чалгындоолорго чыгымдар (млн. АКШ доллары менен) 0,9 3,5 (74%) 5,3 8,9 (40%)

* Жалпы акчалай жумшоолор (салыктарды кемиткенге чейин) өзүнө төмөнкү чыгымдарды камтыйт: операциялык акчалай чыгымдар (руданы казып алуу, кайра иштетүү, өндүрүшкө салыктар (дүң кирешеге салыкты кошпогондо) жана административдик жумшоолор), капиталды колдоп туруу жана өстүрүү (анын ичинде капиталдаштырылган кыртышты ачуу иштерине жумшоолор).
Операциялык акчалай чыгымдар, жалпы акчалай чыгымдар (салыктарды эске алганда да, эске албаганда да), алтынды сатып өткөрүүнүн орточо баасы, ошондой эле сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына өздүк наркы бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган нормаларына кирбейт жана SEDAR3 системасында жайгаштырылган “Жетекчилик тарабынан талкуулоо жана анализ” главасында “Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган нормаларына кирбеген көрсөткүчтөр” бөлүгүндө каралат.
Компания отчеттуулукка жаңы көрсөткүчтү – «Жалпы акчалай жумшоолорду» кошууну чечти, себеби бул метод иш жүзүндөгү өндүрүштүк жумшоолор жөнүндө толугураак түшүнүктү берет деп эсептейт.
2012-ж. жүргүзүлгөн операциялык накталай чыгымдар жана капиталдык жумшоолор Эл аралык финансылык отчеттуулукту түшүндүрүү боюнча комитеттин (КРМФО, IFRIC 20)2013-ж. 1-январындагы түшүндүрүүлөрүн эске алуу менен кайра эсептелди.

Дивиденддерди төлөп берүү

«Центерранын» Директорлор кеңеши бир жөнөкөй акцияга 0,04 канадалык доллар өлчөмүндө дивиденд эсептөөгө буйрук чыгарды. Көрсөтүлгөн дивиденддер 2013-ж. 25-ноябрында Торонтодогу биржада ушул жылдын 15-ноябрына карата катталган бардык акционерлерге төлөнүп берилмекчи.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана милдеттүү которуулар

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр түрүндөгү жалпы төлөмдөр 3,6 миллиард сомдойду түздү.

“Кумтөр” долбоору боюнча 2013-жылдын 9 айындагы салык жана милдеттүү которуулар

2013-ж. 30-сентябрына карата. Миң АКШ доллары менен
Дүң кирешеге салык 47 715,91
Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондуна взнос 4 616,49
Экологиялык төлөм 310,00
Киреше салыгы 3 346,00
КРнын Социалдык фондуна төлөмдөр 15 939,55
Бажы төлөмдөрү 840,45
Резидент эместердин кирешелерине салык 483,89
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 86,47
Жалпысынан 73 338,75
30. 09. 2013-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу 48.62
Төлөнгөн төлөмдөрдүн эквиваленти миң сом менен 3 565 708,17

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң кирешеге салыкты жана Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондусуна взносторду эсептөө үчүн база катары көрсөтүлгөн мезгилге продукцияны сатуудан иш жүзүндөгү акчалай түшүүлөр саналат.

Комментарий

«Биз ачык карьердеги анын иштетүү 2012-жылдын мартында муз массаларынын кыймылынан улам калтырылып коюлган бай рудасы бар участокко чыга алганыбызга кубанычтабыз. Ушул жылдын мартынын ортосунда башталган борбордук өрөөндөгү бош тектин аномалиялык кыймылы үчүнчү кварталда акырындаганы жана жол берилүүчү көрсөткүчтөрдөн ашпаганы да кубандырат. Бул бизге 2013-жылдын төртүнчү кварталында өндүрүштүн пландаштырылган деңгээлине жана алтын казып алуунун жылдык планына жете тургандыгыбызга ишенич берет», – деп белгиледи “Кумтөр” компаниясынын президенти Майкл Фишер 2013-жылдын 3-кварталынын жыйынтыктарын чыгарып жатып.

2013-жылга прогноз

2013-жылы өндүрүштүн жалпы көлөмүнүн 58%га чейини төртүнчү кварталга туура келет, анын натыйжасында 2013-жылы өндүрүштүн кварталдар боюнча күтүлүүчү планы мурда болжолдонулгандан бир айырмаланмакчы. 2013-ж. 4-кварталында руданы казып алуу алтынга бай SB зонасында пландаштырылууда, анын ресурстары көп жылдардан бери өндүрүштүк жүгүртүүдө турат. 2013-ж. үчүнчү кварталынын аягына карата SB зонасынан бай руда казып алуу үчүн жеткиликтүү болуп калды, ага пландаштырылгандай эле 15-иш зонасы аркылуу чыгуу камсыз кылынды. Бүгүнкү эсептөөлөр боюнча, тоо-кен иштеринин учурдагы темптери пландаштырылган 550-600 миң унция алтын өндүрүүгө мүмкүндүк берет.
Жалпы капиталдык чыгымдар, кыртышты ачуу иштерин кошпогондо, 2013-жылы 90 млн. долларды түзмөкчү, ошол эле учурда мурда 97 млн. доллар жумшоо пландаштырылган. Анын ичинен:
  • 68 млн. доллар негизги фондуларды модернизациялоого3 (тоо-кен техникасынын ремонтуна жана сатып алууга, калдыктарды сактоочу жайдын дамбасын жогорулатууга ж.б. жумшалмакчы).
  • 22 млн. доллар – кен ишканасынын инфраструктурасынын бир катар объектилерин орун которуштурууну кошо алганда, кен ишканасын өнүктүрүүгө инвестициялар***.

Карьерди иштетүүгө байланышкан кыртышты ачуу иштерин капиталдаштыруу 2013-ж. 203 млн. доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

Принципиалдуу жол берүүлөр жана тобокелчиликтерди эсепке алуу

2013-ж. төртүнчү кварталына алтындын унциясына 1250 доллар өлчөмүндө баасын, валюталардын күтүлүүчү курсун жана дизель отунуна бааны кошо алганда, өндүрүштүн көлөмүн жана жумшоолорду прогноздоодо бир катар жол берүүлөр пайдаланылды жана бир катар тобокелчиликтер эске алынды.

Мындан тышкары, 2013-ж. төртүнчү кварталына өндүрүштүн көлөмүн жана жумшоолорду прогноздоодо төмөнкүдөй бир катар жол берүүлөр да пайдаланылды:
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен “Центерранын” ортосундагы консультациялар ал “Центерранын” бардык акционерлерине карата бирдей адилеттүү болуп чыккан жана Кыргыз Республикасынын жана/же Канаданын мыйзамдарына ылайык зарыл нормативдик-укуктук макулдашууларды алган “Кумтөр” долбоору боюнча талаш маселелерди өз ара алгылыктуу чечим менен аяктоосунун мүмкүндүгүн;
  • кызматкерлерди транспорттоону, материалдык-техникалык ресурстарды жана алтынды Кумтөр кен ишканасына берүүнү, ошондой эле андан ташууну, ошондой эле/же кен ишканасын электр менен жабдуунун кошо алганда, Кыргыз Республикасында эч кандай саясий же жарандык толкундоолордун мүмкүн эместигин;
  • “Кумтөрдүн” аны менен алтын өндүрүү үчүн эч кандай кесепеттерсиз өндүрүш процесстеринин коопсуздугун камсыз кылуу менен Борбордук өрөөндөгү тоо-тек төгүндүлөрүнүн кыймылы проблемасын мындан ары жөндөй алуу жөндөмдүүлүгүн;
  • рудадагы алтындын курамы жана алтынды бөлүп алуу пайызы мындан ары да “Кумтөр” кен ишканасынын ишмердүүлүгүнүн ар жылдык жана перспективалуу планында көрсөтүлгөндөргө ылайык келүүсүн.

Ошондой эле «Центерра», КГК жана КОК компаниялары тарабынан өндүрүштү прогноздоодо эске алынуучу бир катар башка да принципиалдуу жол берүүлөр жана тобокелчиликтер да бар. Бул жөнүндө кеңири 2013-ж. 3-кварталына “Компаниянын жетекчилигинин отчету жана анализи” бөлүгүн, ошондой эле “Болтурбоочу мүнөздөгү маалыматка карата эскертүү” бөлүгүн да караңыз.

* * *

“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан  2013-жылдын 30-сентябрына чейин “Кумтөрдө” жалпысынан 8,9 млн. унция же 277,7 тоннадай алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр Оперейтинг Компани” “Кумтөр” долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

“Центерра Голд Инк.” Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, өнүгүүгө багытталган алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана ири батыш компаниясы – Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү болуп саналат. “Центерранын” акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.

Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерранын» акцияларынын эң ири пакетинин  – 77 401 766 акциясынын – 33%га жакынынын кармоочусу болуп саналат. 2013-ж. 13-ноябрына карата Кыргызстандын акцияларынын пакетинин наркы 242 млн. доллардан ашып кетти.

Азыркы учурда “Центерра” Кыргыз Республикасында жана Монголияда эки аракеттеги алтын кен ишканасына ээлик кылат. Мындан тышкары, Компания Түркияда “Оксут” долбооруна ээ жана Монголияда, Түркияда, Кытайда жана Россия Федерациясында перспективалуу объектилерде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө үлүштүк катышка ээ.

Бул маалыматтык билдирүүдө алдын-алуучу мүнөздөгү бир катар маалыматтар бар, алар айрым чыныгы же жол берилүүчү тобокелчилик факторлорунун аракеттеринен көз каранды. “Күтүп жатабыз”, “пландоодобуз”,”улантабыз”, “бюджетти аныктайбыз”, “баалайбыз”, “жасайбыз” деген сыяктуу сөздөр баяндалган маалымат алдын-алган, прогноздук мүнөзгө ээ экендигин көрсөтөт. Бул маалыматтык билдирүүдө алдын-алуучу мүнөздөгү тастыктоолор өзүнө Компаниянын 2013-жылдын калган мезгилине өндүрүш көлөмүнө жана прогноздолуучу чыгымдарга тиешелүү болгон “2013-жылга прогноз” бөлүгүнүн маалыматтарын да камтыйт. Алдын-алуучу мүнөздөгү маалыматтар түзүлгөн жол берилүүлөрдү жана тобокелчиликтерди талкуулоодо “Принципиалдуу жол берүүлөр жана тобокелдер” бөлүгүндөгү маалыматка, ошондой эле “Центерранын” 2013-ж. 30-октябрындагы 2013-ж. үчүнчү кварталына карата маалыматтык билдирүүсүнүн 2013-ж. үчүнчү кварталынын жыйынтыктары бөлүгүнө кайрылуунун өтүнөбүз. Бул маалыматтык билдирүү аудиттелбеген убактылуу кыскартылган консолидацияланган финансылык отчеттун жоболоруна жана 2013-ж. 30-сентябрына карата абалы боюнча үч жана тогуз айдын өндүрүштүк натыйжаларына тиешелүү эскертүүлөргө, компаниянын тиркелген Отчетунун жана Нускамасынын анализинин жоболоруна ылайык, ошондой эле “Центерра Голд Инк.” компаниясынын 2013-ж. 30-октябрындагы маалыматтык билдирүүсүнө ылайык түшүндүрүлүүгө тийиш. Бардык көрсөтүлгөн документтер www.sedar.com издөө системасында жеткиликтүү. Андан тышкары, бул маалыматтык билдирүүдө ГААПка (бухгалтердик эсептин Канада боюнча жалпы кабыл алынган принциптери) камтылбаган жана ГААП эскерткен стандартташтырылган маанилерге ээ эмес көрсөткүчтөр бар. ГААПка камтылбаган мындай көрсөткүчтөрдүн катарына, мисалы, продукциянын бир унциясын өндүрүүгө операциялык акчалай чыгымдар, продукциянын бир унциясын өндүрүүгө суммардык акчалай чыгымдар, алтынды сатып өткөрүүнүн орточо баасы, негизги фондуларды модернизациялоого капиталдык салымдар, ошондой эле өндүрүштү өнүктүрүүгө капиталдык салымдар кирет. ГААПка киргизилбеген көрсөткүчтөр жөнүндө кеңири “Центерра Голд Инк.” компаниясынын Отчетунан жана Нускамасынан караңыз. Эгерде башкасы айтылбаса, бардык суммалар АКШ доллары менен көрсөтүлөт.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана компаниянын www.centerragold.com  сайтында жеткиликтүү жайгаштырылган, ошол эле жерден 2013-жылдын I I I кварталынын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти менен таанышууга болот.”Кумтөр” компаниясы жөнүндө маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.

____________________________________________________________________
* – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм
** – Эгерде башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акча суммалары АКШ долларында келтирилген.
*** – Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган нормаларына кирбеген көрсөткүчтөр “Жетекчилик тарабынан талкуулоо жана анализ” главасында “Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган нормаларына кирбеген көрсөткүчтөр” бөлүгүндө каралат.