2016-жылдын I чейректеги өндүрүштүк натыйжалары

2016-жылдын I чейректеги өндүрүштүк натыйжалары

Жарыяланган: 19 May 2016

Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2016-жылдын I чейрегиндеги ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында “Кумтөрдө” 86 444 унция* же 2 688,7 кг алтын өндүрүлгөн. КГК жыл башынан бери 1,6 миллиард сомдон ашуун салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү

2016-ж. биринчи чейрегинде 86 444 унция алтын өндүрүлдү [салыштыруу үчүн: 2015-ж. ушундай мезгилинде 164 272 унция металл өндүрүлгөн]. 2016-ж. биринчи чейрегинде алтын өндүрүү көлөмүнүн төмөндөшү кайра иштетүү үчүн №17 иш участоктон курамындагы металл төмөн руда берилгени, ал кампа запастарындагы жакыр руда менен аралаштырылганы менен түшүндүрүлөт. Мындан айырмаланып, 2015-ж. биринчи чейрегинде Компания №16 участоктогу карьердин акыркы баскычтарынан келген, курамында алтыны жогору болгон руданы кайра иштеткен.

2016-жылдын биринчи чейрегинде сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү 61 744 унция, же 1,92 тоннаны түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн түшкөн жалпы каражат 73,2  млн. долларды** түздү.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын “Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта ш. аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААК гана ээ.

Продукциянын өздүк наркы жана капиталдык жумшоолор

Сатып өткөрүлгөн продукциянын бир унциясына жалпы жумшоолор**** (ага КР дүң киреше салыгы кошулбайт) 2016-ж. 1-чейрегинде 993 долларды, же 48%га көптү түздү, ал эми 2015-ж. ушул чейрегинде 673 доллар болгон. Бул көбөйүү негизги фондуларды колдоого жалпы жумшоолордун**** көбөйүшү жана продукцияны сатып өткөрүү көлөмүнүн азайышына байланышкан.

2016-ж. 1-чейрегинде капиталдык жумшоолордун көлөмү негизги фондуларды колдоого капиталдык жумшоолор (негизинен жабдууларды жаңыртуу, ремонттоо) 23,0 млн доллар****, өнүктүрүүгө капиталдык жумшоолор 4,7 млн доллар**** жана кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга 14,1 млн доллар (10,4 млн доллар акчалай түрдө) кошкондо, жалпысынан 41,8 млн долларды түздү. Учурда “Кумтөр” оор техника тейлөөчү устакана курууда жана аны 2016-ж. 2-чейрегинде аяктамакчы. Салыштырмакка: 2015-ж. 1-чейрегинде капиталдык жумшоолор жалпысынан 86,4 млн доллар, анын ичинде негизги фондуларды колдоого капиталдык жумшоолор 12,4 млн доллар****, өнүктүрүүгө капиталдык жумшоолор 6,5 млн доллар**** жана кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууга 67,5 млн долларды (51,7 млн доллар акчалай түрдө) түзгөн.

Сатып өткөрүлгөн продукциянын унциясына кайра эсептегенде негизги фондуларды колдоого жалпы жумшоолор**** (ага КР дүң киреше салыгы кошулбайт) 2016-ж. 1-чейрегинде 44%га өсүп,  916 долларды түздү, ошол эле учурда 2015-ж. ушул чейрегинде 634 доллар болгон. Бул көбөйүү негизинен продукцияны сатып өткөрүү көлөмү кыскарышына байланышкан. Бирок, ал тоо-кен иштери, руданы фабрикада кайра иштетүү жана кен ишканасын эксплуатациялык колдоо боюнча иш чаралар менен байланышкан операциялык чыгымдардын кыскарышы менен компенсацияланган.

Кумтөр долбоору боюнча өндүрүштүк көрсөткүчтөр

1-чейрек, 31-мартка карата
2016 2015 Өзгөрүү
Алтынды «Кыргызалтынга» сатуудан түшкөн жалпы каражат (млн. USD)** 73,2 205,0 (64%)
Сатып өткөрүлгөн продукциянын**** өздүк наркы (млн.  USD) 31,5 106,7 (71%)
Сатып өткөрүлгөн продукциянын**** өздүк наркы (унциясына USD) 510 631 (19%)
Тоо-кен иштеринин көлөмү (миң тонна) 39 275 41 731 (6%)
Казылып алынган руданын көлөмү (миң тонна) 1 826 1 339 36%
Кайра иштетилген руданын көлөмү (миң  тонна) 1 543 1 175 31%
Фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы (г/т) 2,27 5,13 (56%)
Алтынды ылгап алуу коэффициенти (% менен) 75,0% 81,0% (7%)
Өндүрүлгөн алтын (унция менен)* 86 444 164 272 (47%)
Өндүрүлгөн алтын (кг менен) 2 689 5 109 (47%)
Сатып өткөрүлгөн алтын (унция менен)* 61 744 169 185 (64%)
Сатып өткөрүлгөн алтын (кг  менен) 1 920 5 262 (64%)
Сатып өткөрүүнүн орточо баасы**** (унциясына USD) 1 186 1 212 (2%)
Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого)**** (млн. USD) 23,0 12,4 85%
Капиталдык жумшоолор (өнүктүрүүгө)**** (млн. USD) 4,7 6,5 (28%)
Капиталдык жумшоолор (кыртыш ачуу иштерине)**** (млн. USD) 14,1 67,5 (79%)
Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор**** (унциясына USD) 371 254 46%
Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор**** (унциясына USD) 916 634 44%
Бардык жумшоолор**** (унциясына USD) 993 673 48%
Бардык жумшоолор салыктарды эсепке алуу менен***** (унциясына USD) 1 159 842 38%

* – Маалымат үчүн: троялык унция = 31,10348 грамм.
** – Башкасы көрсөтүлбөсө, бардык акчалай суммалар АКШ долларында келтирилген.
*** – Тегерекөөлөрдөн улам айрым цифралар дал келбеши мүмкүн
**** – «Түзөтүлгөн операциялык жумшоолор», «Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор», салыктарды эсепке алган жана албаган «Бардык жумшоолор», доллар менен сатып өткөрүлгөн бир унцияга, «Сатып өткөрүлгөн продукциянын орточо баасы» менен «Сатып өткөрүлгөн продукциянын өздүк наркы» сатылган унцияга кайра эсептөөлөрдөгү, Капиталдык жумшоолор (негизги фондуларды колдоого жана өнүктүрүүгө) Бухгалтердик эсептин жалпы кабыл алынган көрсөткүчтөрүнө кирбейт.

КР казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2016-жылдын алгачкы үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, КР Социалдык фондуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 1,6 миллиард сомду түздү.

“Кумтөр” долбоору боюнча 2016-жылдын 3 айындагы салык жана милдеттүү которуулар

 

2016-жылдын 31-мартына карата миң АКШ доллары менен
Дүң кирешеге салык 15 076,88
Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салым 1 159,76
Экологиялык төлөм 310,00
Кызматкерлердин кирешесине салык 1 125,93
КРдын Социалдык фондуна төлөмдөр 5 056,86
Бажы төлөмдөрү 188,74
Резидент эместердин кирешесине салык 173,33
Башка салыктар жана милдеттүү которуулар 63,92
Бардыгы 23 155,42
31.03.2016-ж. карата АКШ долларынын КРнын сомуна карата расмий курсу 70,0158
Төлөмдөрдүн эквиваленти миң сом менен 1 621 245,46

Эскертүү: 2009-жылдын 24-апрелиндеги “Кумтөр” долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга ылайык, дүң киреше салыгын жана Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондуна салымды эсептөө үчүн негиз катары көрсөтүлгөн мезгилдеги продукцияны сатуудан түшкөн иш жүзүндөгү акча каражаты саналат.

2016-жылга прогноз

Кумтөрдөгү кыртыш ачуу иштерине жалпы капиталдык жумшоолор 2016-жылы 110 млн долларды түзүүгө тийиш. Негизги фондуларды модернизациялоого 84 млн доллар көлөмүндөгү жумшоолор**** негизинен оор тоо-кен техникалар паркын кеңири масштабдуу кайра жабдуу (69 млн долллар), калдык сактоочу жайдын дамбасынын бийиктетүү курулуш иштерине (6 млн доллар) жана башка беренелер (9 млн доллар) менен байланышкан.
2016-ж. Кумтөрдө өнүктүрүүгө инвестициялар**** 26 млн. доллар көлөмүндө пландаштырылууда жана өзүнө карьердин контурларынын улантылып жаткан кеңейтилиши (17 млн доллар), суу сордуруу боюнча иш чаралар (6 млн доллар) жана жумшоолордун башка беренелери (3 млн доллар) менен байланышкан.
2016-ж. карьерди иштетүүгө байланыштуу кыртыш ачуу иштерине капиталдаштырылган жумшоолордун акчалай курамы 2016-ж. 162 млн доллар суммада белгиленген кыртыш ачуу иштерин жүргүзүүгө жалпы чыгымдардан 122 млн доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

Комментарий

“Центерра” компаниясынын Башкы кызмат адамы Скотт Перри ишмердүүлүк натыйжаларына комментарийи: “Кумтөр” алтын өндүрүүдө биздин эсептөөлөр менен толук дал келген бекем позицияларды карманууда. Биз өндүрүштүк да, корпоративдик деңгээлде да ишмердүүлүктө ийгилик жаратуу үчүн бардык аракетибизди жумшайбыз. Алдын-ала эсептɵɵлɵр боюнча “Кумтɵр” кенинде өндүрүш кɵлɵмү 2016-жылы 480-530 миӊдей унция же 14,9-16,5 т алтынды түзмөкчү. Бирок, компания алтындын эӊ чоӊ бɵлүгүн жылдын экинчи жарымында, алтынга бай рудалуу Борбордук карьердин SB зонасына 2016-жылдын 2-чейрегинин соңунда чыкканда күтүүдө.

***

“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбор Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2016-жылдын 31-мартына чейин “Кумтөрдө” жалпысынан 10,51 млн. унция же 326,79 тонна алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр Голд Компани” толугу менен Centerra Gold Inc. туунду компаниясы жана “Кумтөр” долбоорунун оператору катары бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

Centerra Gold Inc. («Центерра») өнүгүүгө багытталган Азияда, Канадада жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, алтын өндүрүүчү компания. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана Борбор Азиядагы ири алтын өндүрүүчү батыш компаниясы. “Центерранын” жөнөкөй акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат SEDAR системасында www.sedar.com жана компаниянын www.centerragold.com сайтында жайгашкан. 2016-жылдын I чейректеги жыйынтыктары боюнча толук пресс-релиз.