2014-жылдын I кварталынын өндүрүштүк натыйжалары

2014-жылдын I кварталынын өндүрүштүк натыйжалары

Жарыяланган: 22 May 2014

Operating Results of the 1st Quarter of 2014Centerra Gold Inc. («Центерра») компаниясы жана «Кумтөр» компаниясы 2014-жылдын биринчи кварталындагы ишинин жыйынтыктарын чыгарышты. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында “Кумтөрдө” 102 933 унция1 же 3 202 кг алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания 2,23 миллиард сомдон ашуун суммада салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Продукция өндүрүү жана сатып өткөрүү

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында “Кумтөр” кен ишканасында 102 933 унция же 3,202 тонна алтын өндүрүлгөн (салыштыруу үчүн: 2013-ж. ушундай мезгилинде 89 618 унция же 2,787 тонна алтын өндүрүлгөн).

Өндүрүштүн көлөмүнүн көбөйүүсү 2013-жылдын IV кварталында 15-участоктон казып алынган жана топтолуп коюлган байыраак руданы кайра иштетүүдөн улам мүмкүн болгон.

2014-жылдын I кварталында алтын ылгоочу фабрикага берилүүчү рудадагы алтындын орточо курамы 2,65г/т, бөлүп алуу пайызы – 76,2% болгон, ошол эле учурда 2013-жылдын ошол кварталында алтындын орточо курамы 2,69 г/т, а бөлүп алуу пайызы – 74,1% болгон.

Сатып өткөрүлгөн алтындын көлөмү I кварталда 101 915 унцияны, же 3,17 тонна алтынды түздү. Продукцияны сатып өткөрүүдөн жалпы түшкөнү 131,7 млн. долларды2 түздү.

“Кумтөр” кен ишканасында өндүрүлгөн Доре куймалары бул “Кумтөр Оперейтинг Компани”, “Кыргызалтын” ААКсы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн Алтынды жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, “Кыргызалтын” Ачык акционердик коому тарабынан Кара-Балта шаарындагы аффинаждык ишканада аны андан ары кайра иштетүү үчүн сатып алынат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чектеринен тышкары сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААКсы гана ээ.

Өндүрүштүк жана капиталдык чыгымдар

2014-жылдын I кварталында продукциянын 1 унциясына4 кайра эсептегенде жалпы акчалай чыгымдар (салыктарды төлөгөнгө чейинки) 1 077 АКШ долларына жеткен, ошол эле учурда 2013-жылдын I кварталында алар 1 329 АКШ долларын түзгөн. Жалпы чыгымдардын көлөмүнүн көрсөтүлгөн төмөндөөсү4 2014-жылдын биринчи кварталында алтынды сатып өткөрүү көлөмүнүн 11%га өсүшү камсыз кылынганы, а өнүктүрүүгө капиталдык салымдар4 (кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну алып салганда) 14,2 млн. АКШ долларына, б.а. унциясына 155 долларга азюусунун эсебинен жүргөн.

2014-жылдын I кварталында жалпы капиталдык чыгымдар 98,4 млн. АКШ долларын түзгөн, анын ичинен:
– 8,3 млн. доллар – негизги фондуларды колдоп турууга4;
– 1,9 млн. доллар өнүктүрүүгө капиталдык жумшоолор4 – негизинен кен ишканасынын инфраструктура объектилерин орун которуштуруу үчүн;
– 88,1 млн. доллар – кыртышты ачуу иштерин капиталдаштыруу үчүн салымдар.

Сатып өткөрүлгөн продукциянын 1 унциясына4 кайра эсептегенде негизги фонддуларды колдоп турууга жалпы чыгымдар (аларга дүң кирешеге салык кирбейт) 2014-жылдын I кварталында 1 058 долларды түздү, ошол эле учурда алар 2012-жылдын I кварталында 1 111 доллар болгон. Бул көрсөткүчтүн азаюусу негизги фондуларды колдоп турууга капиталдык салымдарды кыскартуунун4, өндүрүштүн жана алтынды сатып өткөрүүнүн көлөмдөрүнүн көбөйүшүнүн эсебинен жүргөн, ал көрсөтүлгөн мезгилде кыртышты ачуу иштерин капиталдаштыруунун өсүшү менен жарым-жартылай жокко чыгарылган.

Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы үч айында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөр 2,23 миллиард сомду түздү.

2014-жылга перспективалар

Алдын-ала эсептөөлөр боюнча “Кумтөр” кен ишканасында 2014-жылы өндүрүштүн көлөмү 550 – 600 тыс. унция же 17,1 – 18,7 т алтынды түзөт. Мында, өткөн жылдагыдай эле, жалпы көлөмдүн 50%дан ашууну 2014-жылдын акыркы кварталында, борбордук карьердин SB зонасындагы алтындын жогору курамы бар участокко кайрадан жеткенден кийин болмокчу.

Жалпы капиталдык чыгымдар, кыртышты ачуу иштерин кошпогондо, 2014-жылы 85 млн. доллар өлчөмүндө пландаштырылууда. Анын ичинде 42 млн. доллар негизги фондуларды модернизациялоого: тоо-кен техникасы паркынын ремонтуна, алтын ылгоочу фабриканын шар тегирменинин тиштүү дөңгөлөгүн сатып алууга, калдыктарды сактоочу жайдын дамбасынын деңгээлин жогорулатууга жана башка долбоорлорго жумшалмакчы. Өнүктүрүүгө инвестициялар 43 млн. доллар көлөмүндө пландаштырылган жана өзүнө KS-13 планына ылайык, карьердин контурларын кеңейтүүгө байланыштуу кен ишканасынын инфраструктура объектилерин орун которуштурууну, сууну сордуруу боюнча иш чараларды жана жаңы тоо-кен техникасын сатып алууну камтыйт.

Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруу 2014-жылы 191 млн. доллар өлчөмүндө күтүлүүдө.

Жылдык дивиденддерди төлөп берүү

Компаниянын Директорлор кеңеши бир кадимки акцияга 0,04 канадалык доллар өлчөмүндө дивидендди эсептеди. Жогоруда көрсөтүлгөн дивиденд 2014-ж. 5-июнунда Торонтодогу биржада 2014-ж. 22-майына карата катталган бардык акционерлерге төлөнүп берилмекчи.

Комментарий

«Өткөн кварталдагы биздин өндүрүштүк ишмердүүлүгүбүздүн көрсөткүчтөрү жылдык план ийгиликтүү аткарыла тургандыгын тастыктоого бардык негиздерди берет. Продукциянын жылдык көлөмүнүн 50%дан ашууну төртүнчү кварталда өндүрүлө тургандыгы күтүлүүдө», – деп белгиледи «Кумтөр» компаниясынын президенти Майкл Фишер 2014-жылдын 1-кварталынын жыйынтыктарын чыгарып жатып.

* * *

“Кумтөр” кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашкан, Борбордук Азиядагы батыш компаниясы тарабынан башкарылуучу эң ири алтын кен ишканасы болуп саналат. 1997-жылдын майында өнөр жайлык өндүрүш башталгандан 2014-жылдын 31-мартына чейин “Кумтөрдө” жалпысынан 9,4 млн. унция же 292 тонна алтын өндүрүлгөн.

“Кумтөр” компаниясы “Кумтөр” долбоорунун оператору болуп саналат жана бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жоопкерчилик тартат.

“Центерра Голд Инк.” Борбордук Азияда, мурдагы Советтер Союзунда жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдө алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген, өнүгүүгө багытталган алтын өндүрүүчү компания болуп саналат. “Центерра” түндүк америкалык алдыңкы алтын өндүрүүчү жана ири батыш компаниясы – Борбордук Азиядагы алтын өндүрүүчү болуп саналат. “Центерранын” акциялары Торонтодогу фондулук биржада (TSX) CG символу астында жүгүртүлөт. Компания Канаданын Торонто шаарында жайгашкан.

Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААКсы аркылуу «Центерранын» акцияларынын эң ири пакетинин – 77 401 766 акциясынын – 33%га жакынынын кармоочусу болуп саналат. 2014-жылдын 22-майына карата Кыргызстандын акцияларынын пакетинин наркы 338 млн. доллардан ашып кетти.

Азыркы учурда “Центерра” Кыргыз Республикасында жана Монголияда эки аракеттеги алтын кен ишканасына ээлик кылат. Мындан тышкары, Компания Монголияда “Гаатсурт” долбоорун иштетүү укугуна ээ, Түркияда “Оксут Голд” долбооруна ээ жана Монголияда, Түркияда, Россия Федерациясында, Кипрде жана Батыш Канадада перспективалуу объектилерде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө үлүштүк катышка ээ.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат SEDAR www.sedar.com сайтында жана компаниянын www.centerragold.com сайтында жеткиликтүү, ошол эле жерден 2014-жылдын I кварталынын жыйынтыктары боюнча пресс-релиздин толук тексти менен таанышууга болот.”Кумтөр” компаниясы жөнүндө маалымат www.kumtor.kg сайтында жеткиликтүү.