«Кумтөр Голд Компани» жана «Бир айыл – бир өндүрүм» Ассоцияциясы жаңы цехтин ачылышын маалымдайт

«Кумтөр Голд Компани» жана «Бир айыл – бир өндүрүм» Ассоцияциясы жаңы цехтин ачылышын маалымдайт

Жарыяланган: 31 January 2018

2018-жылдын 24-январында Тоң районунун Кара-Коо айылында кийиз буюмдар уузканасы салтанаттуу ачылды. Уузкана «Кумтөр Голд Компани» ЖАКы каржылаган жергиликтүү жамааттарды активдештирүү боюнча биргелешкен долбоордун алкагында ишке киргизилди.

Жаңы уузкананы калыпка келтирүү, капиталдык оңдоп-түзөө жана көрктөндүрүү «Бир айыл – бир өндүрүм» (БАБӨ) Ассоциациясы менен биргелешкен долбоордун алкагында КГКнын каражатына жүргүзүлдү. Ал эми жергиликтүү бийлик органдары кол өнөрчүлөргө колдоо ирээтинде айылдык кеңештин имаратынан акысыз негизде бөлмө бөлүп берди.

Уузканада коңшу айылдардан келген тогуз жамааттын мүчөлөрүнөн 50 аял эмгектенет. Кара-Коо айылдык уузкана кийиз буюм өндүрүүдө кургак жана суулап ийлөө ыкмаларын колдонот.
Жергиликтүү өндүрүшчүлөрдүн – «Бир айыл – бир өндүрүм» Ассоциация мүчөлөрүнүн өндүрүмдөрү «Ысык-Көл Бренд» дүкөндөрүндө , Каракол жана Бишкек шаарларында, майкуюуучу станцияларда, конок үйлөрдө, мейманка жана кофе жайларында жеткиликтүү. Жалпы 20дай сатуучу жайлары бар. Мындан тышкары, Ассоциацияда өндүрүлгөн кийиз буюмдар Япония, АКШ жана Европага экспорттолот. Орточо эсеп боюнча, жергиликтүү коомчулуктун ар бир мүчөсү өндүрүлгөн көлөмүнө жараша айына 10,000-18,000 сомго чейин иштеп табат.

«Ишкерликти өнүктүрүүдө биз ар дайым кубаныч менен колдоо көрсөтөбүз, жана ал аркылуу аймактын экономикалык потенциалын бекемдөөгө салым кошобуз. Кичи жана орто бизнести өнүктүрүү компаниянын социалдык маанилүү багыты жана биз бул сыяктуу туруктуу демилгелерге колдоо көрсөтүүгө даярбыз», – деп белгиледи КГКнын туруктуу өнүктүрүү директору Актилек Тунгатаров.

«Биздин Ассоциация мүчөлөрү Ысык-Көл областынын баардык райондорунда жайгашкан. Ошентсе да, биргелешкен долбоордун багытталган райондорунда, башка райондорго салыштырмалуу ишке орношуу боюнча мүмкүнчүлүк азыраак. Ошондуктан, ушундай биргелешип ачууга берилген колдоо, жергиликтүү коомчулукту, кичи бизнести өнүктүрүү жана жумуш орундарын түзүүдө зор салым. «Бир айыл – бир өндүрүм» JIKA долбоорун ишке ашырууга каржылык колдоо үчүн «Кумтөр Голд Компани» кишканасына терең ыраазычылык билдиребиз», – деп белгиледи «Бир айыл – бир өндүрүм» Ассоциациясынын төрагасы Темирлан Батырбеков.

КГК жана Ассоциация кызматташтыгы 2013-жылы башталган. Биргелешкен долбоордун алкагында Тоң районунун Шор-Булак жана Ак-Сай айылдарында уузканалар ачылган. Бул жылы Жети-Өгүз районундагы Жети-Өгүз айылындадагы бир цехтин ачылышы пландалган. Ошондой эле, биргелешкен долбоордун алкагында маркетинг негиздери, каржылык учет жана капиталды айлантуу негиздери боюнча жергиликтүү ишкерлердин өндүрүштүк көндүмдөрүн арттыруу максатында тренингдер өткөрүлдү. Долбоор 20 айылдан 800 адамды жана эки райондун 78 жергиликтүү жамаатын камтыды.

Маалымат үчүн: «Бир айыл – бир өндүрүм» Ассоциациясы 2011-жылы, «Бир айыл-бир өндүрүм» кичи-бизнесин көтөрүүнү киргизүү жолу менен жергиликтүү коомчулукту активдештирүү» JIKA долбоорунун алкагында, Ысык-Көл областынын жергиликтүү өндүрүүчүлөр тарабынан уюштурулган. Ассоциациянын баардык өндүрүмдөрү «Ысык-Көл Бренд» соода маркасы астында сатылат. Ассоциация чоң эмес группанын деңгээлинде түзүлгөн, жергиликтүү ресурстардан өндүрүм өндүргөн кичи-бизнестин ийгилик модулу болуп саналат . Азыркы убакта, Ассоциациянын кем эмес дегенде, 2200 мучөлөрү бар (220 жергиликтүү коомчулук), жана анын арасында көпчүлүгү аялдар.