«Кумтөр» мектеп окуучулары арасындагы илимий-техникалык олимпиадасынын катышуучулары үчүн сыйлыктарды камдап берди

«Кумтөр» мектеп окуучулары арасындагы илимий-техникалык олимпиадасынын катышуучулары үчүн сыйлыктарды камдап берди

Жарыяланган: 17 February 2022

«Кумтөр Голд Компани» ЖАК мектеп окуучулары арасындагы «Илим + Ойлоп табуулар = Техника!» республикалык илимий-техникалык олимпиадасын колдоп, анын катышуучулары үчүн сыйлыктарды берди. Олимпиада Кыргыз Республикасынын Илим, техника жана өндүрүш жумалыгынын алкагында 8-10-февраль аралыгында Чолпон-Ата шаарында өттү. Анда Кыргызстандын бардык облустарынан келген 10 команда катышты.

Билим берүү системасын колдоо – бул Компаниянын социалдык жоопкерчиликтүүлүгүнүн маанилүү багыттарынын бири. Мектеп окуучулары арасындагы илимий-техникалык олимпиада- бул экономикалык өнүгүүнүн түпкүрүн түзгөн өлкөнүн илимий жана өнөр жай аракеттирине жаш муундардын кызыгуусун арттырууга түрткү берчү импульс.

Олимпиада үч этапта өткөрүлүп, мектеп жана юниор-лигаларына бөлүнгөн. Натыйжада Ош шаарынын командасы юниор-лигасынын жеңүүчүсү болду, ал эми мектеп лигасында биринчи орунду Бишкек шаарынын командасы алды.

Жеңүүчү командалардын лидерлерине «Кумтөр Голд Компани» ЖАК тарабынан эстелик белектер тапшырылды. Олимпиаданын активдүү катышуучуларына  «Кумтөр» компаниясынын атынан сыйлыктарды калыстар тобунун мүчөсү, техника илимдеринин кандидаты Алтынбек Баялиев тапшырды.

“Алтын Түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын директору Жаркын Бапанова «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка таланттуу балдарга колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди:

 – Биздин өлкөбүздүн жаш техниктерине колдоо көрсөткөндөр жыл сайын көбөйүп келе жатканына абдан ыраазыбыз. Мындан ары да жаш окуучуларыбыздын техникалык билимин жана чыгармачылыгын өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду аркалайбыз деп үмүттөнөбүз. Биздин милдетибиз – Кыргызстандын келечектеги инженердик-техникалык элитасын өстүрүү, биз муну биргелешип ишке ашыра алабыз!