Расмий билдирүү

Расмий билдирүү

Жарыяланган: 20 September 2011

Кечээ, 2011-жылдын 19-сентябрында саат 16.37де, Кыргыз Респубдикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Эркингүл Иманкожоева 11 адамдан турган топтун коштоосунда, «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКынын жетекчилиги менен макулдашпастан туруп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-сентябрындагы № 413-б буйругунун негизинде кен ишканасындагы ишмердүүлүктүн экологиялык жана өнөр жай коопсуздугуна ылайыктуулугуна баалоо жүргүзүү үчүн топту киргизүү талабы менен «Кумтөр» кен ишканасына көтөрүлгөн.

Өкмөттүн буйругуна ылайык, комиссияга «Кумтөр» кен ишканасын 2011-жылдын 14-сентябрынан 16-сентябрына чейин комплекстүү изилдөө жүргүзүү көрсөтүлгөндүгүн жана комиссия көрсөтүлгөн мөөнөттө жетишпегендигин эске алуу менен компания кен ишканасына 21-сентябрдан кийин баруунун сунуш кылган, анткени үстүбүздөгү жылдын 18 – 19-сентябрында ишканада Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары болушкан. Коммиссиянын иш сапарынын мөөнөтүн которуу жөнүндө компаниянын сунушу менен кат Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси Н.С.Момуналиев мырзанын дарегине 2011-жылдын 16-сентябрында жөнөтүлгөн.

Бирок, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатыЭркингүл Иманкожоева компаниянын жетекчилигинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен кат алышуусу боюнча аны маалымдар кылышпагандыгына шилтеме жасоо менен кен ишканасына барышкандардын бардыгын ишканага тоскоолдуксуз киргизүүнү талап кылган. КОКтун коопсуздук кызматы, «Кумтөр» кен ишканасына баруу боюнча компания тарабынан иштелип чыккан процедуралардын алкактарында аракеттенүү менен, өзгөчө статуска ээ парламенттин депутатына ишкананын аймагына кирүүнү сунуш кылган, ал эми топтун калган мүчөлөрүнө кен ишканасынан кетүү сунуш кылынган, себеби «Стратегиялык объектилер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, «Кумтөр» кен ишканасы стратегиялыкка кирет, режимдүү ишкана болуп саналат жана ага жеткиликтүүлүк чектелген. Компанияда кабыл алынган эрежелерге ылайык, кен ишканасына баруучулардын тизмеси жана иш сапарынын мөөнөтү алдын ала КОКтун жетекчилиги менен макулдашылууга тийиш. Андан кийин бардык баруучулар милдеттүү түрдө медициналык кароодон өтүшөт. Бул деңиз деңгээлинен 4 миң метр бийиктикте турган кен ишканасында коопсуз болууну уюштуруу үчүн зарыл.

Кен ишканасынын коопсуздук кызматы жана администрациясы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн кийин баруучулардын тобу компаниянын транспорту менен 20.30да төмөн жөнөтүлгөн жана Тамга айылындагы конок үйүндө жайгаштырылган.

Бүгүн эртең менен, баргандардын тизмеси макулдашылгандан жана тийиштүү медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүлгөндөн кийин, комиссия мүчөлөрүнө «Кумтөр» кен ишканасына көтөрүлүү жана ишке киришүү мүмкүнчүлүгү берилди.

2011-жылдын 23 – 34-июнунда жана 18 – 19-сентябрында болгон депутаттык иш сапарлар компаниянын жетекчилиги менен макулдашылгандыгын өзгөчө белгилегибиз келет. Компаниянын өндүрүштүк объектилеринде болгусу келишкен депутаттардын жана адистердин бири да калбастан кен ишканасында болуунун бардык эрежелерин жана процедураларын сакташты, медициналык кароодон өтүштү, кен ишканасына коопсуз жеткирилишти жана компаниянын бардык өндүрүштүк объектилерине жеткиликтүүлүк алышты.

Ал ушул жылдын жазында түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комиссиясынын корутундусун күтүп отурбастан жаңы комиссияны түзүүнүн шашылыштыгы; ошондой эле депутат Иманкожоева Э.Б. жетектеген комиссия кен ишканасындагы ишмердүүлүктүн экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздуктун талаптарына ылайыктуулугун баалоону жүргүзүүгө чарба жүргүзүүчү субъектилерди экологиялык аудит жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону жана «Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бузуу менен киришкендиги компанияда өкүнүүнү жаратат.

Компаниянын жетекчилиги алар маалымдоосуз жана өз ден соолуктары үчүн тобокелчилик менен кен ишканасына келишкен комиссиянын мүчөлөрүнүн макулдашылбаган аракеттерине кабатырланат. Компаниянын жетекчилиги бул комиссиянын мүчөлөрүн кошо алганда, «Кумтөр» кен ишканасына бардык келүүчүлөр, «Кумтөр» кен ишканасы да таандык болгон режимдүү объектке кирүү процедураларын сактоого тийиш деп эсептейт.

Компания мурдагыдай эле ачык иштөө принциптерин жактайт, бардык өкмөттүк жана өкмөттүк эмес уюмдар менен диалог жана конструктивдүү кызматташуу үчүн ачык.

Кошумча маалымат үчүн «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмүнө кайрылыңыздар

Тел: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28.