Юрисконсульт

Юрисконсульт

Жарыяланган: 05 July 2021

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт

Юрисконсульт

Билдирүүнүн номери: KGC-21-0103

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Келишимдердин жана макулдашуулардын долбоорлорун даярдоо;
  • Документтердин юридикалык экспертизасы;
  • Укуктук мүнөздөгү документтерди иштеп чыгуу;
  • Укуктук маселелер боюнча кенеш берүү;
  • Сот жана мамлекеттик органдарда компаниянын кызыкчылыгын коргоо жана анын атынан чыгуу;
  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы өзгөрүүлөрдү жана мүмкүн болуучу укуктук тобокелдиктерди талдоо.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Жогорку юридикалык билим (күндүзгү формасында окуу);
  • Кесиби боюнча 5 (беш) жылдан кем эмес иш тажрыйба, анын ичинде:

– чарбалык келишимдерди даярдоо жана юридикалык экспертиза жүргүзүү;

– локалдык актыларды иштеп чыгуу;

– доомат иштери;

– контрагенттердин, мамлекеттик органдардын катышуусу менен укуктук маселелерди чечүү;

– компаниянын кызыкчылыгынын коргоп анын атынан чыгуу жана сот талаштарына катышуу;

  • Кыргыз Республикасынын корпоративдик, жарандык, эмгек, административдик, процесстик, жер жана экологиялык мыйзамдарын билүү;
  • Кыргыз жана орус тилдерин мыкты билүү (англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет);
  • Төмөнкү көндүмдөрдү мыкты билүү:- жазуу жүзүндө документтерди даярдоо;-маалыматтык-укуктук, компьютердик жана издөө системалары менен иштөө;
  • Жоопкерчиликтүү, коммуникабелдүү, стресске туруктуу, командада жана өз алдынча иштей билүү;
  • Тоо-кен компанияларында иш тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.

Анкета жана резюмени 2021-жыл 16-июль саат 16.00 кеч эмес  HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме боюнча алса болот.https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0103

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.