«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын учурдагы макамы боюнча

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын учурдагы макамы боюнча

Жарыяланган: 14 September 2022

2022-жылдын 4-апрелинде Кыргыз Республикасы, «Кыргызалтын» ААК, «Центерра Голд Инк.» ортосунда Глобалдык жөнгө салуу келишимине кол коюлган. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартында бекитилген №102 токтому боюнча Тараптар катары «Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК (КОК) да катышууда. Ошону менен катар бул келишим менен «Центерра Голд Инк.» (жалгыз акционер) КГК жана КОКтун акцияларын «Кыргызалтын» ААКсына өткөрүп берүү шарттары жөнгө салынат.

Жогорудагы Глобалдык макулдашууну аткаруу үчүн «Центерра Голд Инк.» КГКнын 100% акциясын жана КОКтун 100% акциясын «Кыргызалтын» ААКсына өткөрүп берген. 2022-жылдын 2-августунда көз карандысыз каттоочу КГК менен КОКтун акцияларын өткөрүп берүүнү каттаган.

2022-жылдын 23-августунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин № 446-р буйругу менен КГКда убактылуу тышкы башкаруунун жол-жобосу токтотулган (аякталган).

2022-жылдын 23-августунда КГКнын жалгыз акционери «Кыргызалтын» ААКнын чечимдери менен КГКнын Директорлор кеңеши түзүлгөн. Директорлор кеңешинин 2022-жылдын 23-августундагы чечими менен Барыктабасов Алмазбек Арыстанбекович КГКнын президенти – Башкармалыктын төрагасы болуп шайланды. Букарбаева Талайгүл Чоробековна, Долматов Дмитрий Анатольевич, Абакиров Улукмырза Акбарович КГК башкармалыгынын мүчөлөрү болуп шайланышты.

2009-жылдын 24-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, «Кыргызалтын» ААК, канадалык «Центерра Голд Инк.» компаниясы, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК, «Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАК жана канадалык «Камеко» корпорациясынын ортосундагы «Кумтөр» долбоорун ишке ашыруунун жаңы шарттары жөнүндө макулдашуу, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 142, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-июнундагы “Центерра Голд Инк.”, “Кумтөр Голд Компани” ЖАК жана “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖАК ортосундагы кайра каралган инвестициялык макулдашуу, ошондой эле 2009-жылдагы Кумтөр долбоору боюнча кайра каралган башка макулдашуулар «Центерра Голд Инк.» компаниясына жана андан мурункуларына гана карата токтотулган.

КГК боюнча, Кумтөр долбоорундагы келишимдер күчүн жоготкон жок жана колдонула берет.