Барскоон айылында «Кумтөр» компаниясынын колдоосу алдында бир катар долбоорлор ишке ашты

Барскоон айылында «Кумтөр» компаниясынын колдоосу алдында бир катар долбоорлор ишке ашты

Жарыяланган: 27 July 2018

19-июлда Барскоон айылында эки социалдык долбоор менен киреше берүүчү ишкана расмий ачылды.

Айыл балдарына биргелешкен аракеттер менен билим берүү борбору ачылды. Бардык каалоочулар шахмат ийримине катышууга, менталдык арифметикадан сабак алууга жана тогуз коргоол сыяктуу улуттук оюндарына машыгууга болот. Борбордун ачылышы айыл өкмөтү тарабынан бөлмөнү оңдоп-түзөөгө бөлүнгөн 310 миң сомдун аркасында мүмкүн болду. Ал эми бөлмө катары компания былтыр өткөрүп берилген кендин эски лагеринин блогу ордун тапты. Керектүү кеңсе жабдыктары жана эмерек менен камсыздоого КГКдан кошумча 136 миң сом бөлүндү.

Жаңы ветеринардык дарыкана да «Кумтөр» кениндеги эски турак лагерь блокторунун негизинде ачылды. Бөлмө оңдолуп, райондун фермерлерине товарлар менен адистештирилген даары-дармектерди жана кызматтарды көрсөтүүчү ветдарыканага айландырылган.

КГКнын каржылык колдоосу алдында кыш өндүрүүчү «Келечек плюс» муниципалдык ишканасы да ишке берилди. Ишкананы кыш күйгүзүүгө меш жана трансформатор менен жабдууга компания 700 миң сом бөлүп берди. Келечекте өндүрүшкө 20 кызматкер жумушка алынат, азыркы күндө болсо төрт адам эмгектенет.

«Бүгүн балдарга билим берүү борборун, ветдарыкана жана кыш өндүрүүчү ишкана ачып жатабыз. Бул долбоорлор тургундарга кызматтардын жаңы түрлөрүн тартуулоого жол ачып, андан сырткары, эң негизгиси, кошумча иш орундарын түздү. Бардык долбоорлор «Кумтөр» компаниясынын колдоосунда мүмкүн болду, жана биз мындан да зор натыйжаларга биргелешкен аракеттер менен гана жетебиз деп ишенем, – деп белгиледи, Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Эшманбетов.