Кумтөрдүн ашпозчуларынын жаңы эл аралык жеңиши

Кумтөрдүн ашпозчуларынын жаңы эл аралык жеңиши

Жарыяланган: 21 April 2022

Ливан Республикасынын борбору Бейрут шаарында биринчи Финикия туризм жана меймандостук фестивалынын алкагында эл аралык гастрономиялык сынак өттү. Бул сынакка 29 өлкө, анын ичинде Кыргызстан да катышты. Биздин өлкөнүн атынан 9 адамдан турган Кыргыз Республикасынын ашпозчулар ассоциациясынын курама командасы катышып, ал команданын ичинде Кумтөр кенинин коомдук тамактануу бөлүмүнөн 5 ашпозчу – Джаныбекова Кундузкан, Эгинбаев Берик, Табылды уулу Индирбек, Сабыров Адилет, Эгембердиев Уран катышкан.

Мындай эл аралык сынактарга катышуу «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын (КГК) ашпозчуларынын кесиптик чеберчилигинин жана мотивациясынын өсүшүнө өбөлгө түзөт, ошондой эле ар кайсы өлкөлөрдөн келген катышуучулар менен түрдүү тамактарды жасоо боюнча тажрыйба алмашууга мүмкүндүк берет.

Кыргызстандын командасы упай системасы боюнча жалпы эсепте биринчи орунду ээледи. Бул КГК ашпозчуларынын быйылкы эл аралык сынактардагы экинчи жеңиши, жана алар кендеги күнүмдүк эмгек тапшырмаларын аткарууда өздөрүнүн даярдыгынын жана жөндөмдүүлүгүнүн жогорку деңгээлинин далили болуп саналат. Ашпозчуларыбызды куттуктайбыз жана кесиптик чөйрөдө жаңы жеңиштерди каалайбыз!