Норвегиялык профессорлор “Кумтөр” кен ишканасында болушту

Норвегиялык профессорлор “Кумтөр” кен ишканасында болушту

Жарыяланган: 18 May 2011

Норвегиялык профессорлор “Кумтөр” кен ишканасында болушту

2011-жылдын 17-майында норвегиялык эки профессор – Норвегиянын Техникалык университетинен Ричард Синдингларсен жана Тромсё университетинен Коре Кюллерюд Кыргыз техникалык университетинин Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунан коллегалары менен бирдикте алтын өндүрүүчү “Кумтөр” кен ишканасында болушту.

Норвегиялык окумуштуулар Кыргызстанга Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунун бүтүрүүчүлөрүн Норвегиянын ЖОЖдорунда окутуу боюнча эл аралык долбоорду жүзөгө ашырууга даярдоонун алкактарында келишкен. Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялары институтунун директору Курам Таштаналиевдин айтуусу боюнча, алардын окуу жайынын бүтүрүүчүлөрү негизинен “Кумтөрдө” иштөөгө багыт алышат. Мына ошондуктан өлкөнүн алдыңкы тоо-кен ишканасында болуу норвегиялык окумуштуулардын иш сапарынын программасынын маанилүү пункту болуп калды.

Коноктор “Кумтөрдөгү” өндүрүштүн масштабдарына таң калышты. Профессор Ричард Синдингларсен өзүнү таң калуусун жашырган жок:

– Бул өтө зор экендигин айтуу – эч нерсе айтпоого жатат. Тоолор, кен ишканасы, жабдуулар – мунун баары өтө масштабдуу, күткөндөн алда канча таасирдүү болуп чыкты. Мен, геолог катарында, бул жерден көрүп турган бардык техникалар өтө заманбап, баары биздин мезгилдин акыркы технологиялары боюнча көрүп турам. Өндүрүштүн деңгээли, коопсуздук техникасы жана экология маселелери эл аралык стандарттарга ылайык келет. “Кумтөрдү” руда казып алуу жана колдонулган технологиялары боюнча Норвегиянын кен ишканалары менен салыштыра алам. Мен, мисалы, биздин ири темир кен ишканасынан айырмачылыктарды байкаган жокмун. Ал жердин географиялык жайгашуусу болбосо – анда деңиз деңгээлинен мынчалык бийик эмес. Бул “Кумтөрдү” өзгөчөлөнтүп турат. Мен мында көргөндөрүмө таң калдым. Бул мен үчүн Голливудга саякат сыяктуу эле болуп калды.