Айылды өнүктүрүү үчүн жаңы идеялар

Айылды өнүктүрүү үчүн жаңы идеялар

Жарыяланган: 24 January 2012

Айылды өнүктүрүү үчүн жаңы идеялар2012-жылдын 21-январында Кыргыз Улуттук университетинде аталган окуу жайдын 80 жылдыгына арналган ЖОЖдор аралык «Даанышман» интеллектуалдык оюну болуп өттү. Иш чара Эл аралык билим берүү программаларынын интеграциясы институтунун (ЭБПИИ) студенттик илимий жамааты тарабынан уюштурулган.

Оюндун максаты студенттердин экономикалык чөйрөдөгү билимин жогорулатуу жана аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрүү болчу. Ал эле эмес, болочок экономисттер минималдуу чыгымдар менен туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун жүзөгө ашыруу үчүн стандарттуу эмес чечимдерди издөөдө өз жөндөмдөрүн көрсөтүүгө тийиш эле.

«Кумтөр Оперейтинг Компани» колдоого алган оюндун жүрүшүндө катышуучуларга төмөндөгүдөй кырдаалдык маселе коюлду: «Кумтөр Оперейтинг Компани» өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн региондо жүзөгө ашыруу үчүн долбоорлордун идеяларын сунуш кылуу.
Оюнга төрт команда катышты:
– Борбордук Азиядагы Америка Университетинин – «BA110»
– Кыргыз-Россиялык Славян университетинин – «Домино»
– Менеджмент жана дизайн университетинин – «УМД»
– ЭБПИИнин Кыргыз-европа факультетинин – «КЕФ Альянс» командалары.

Жеңүүчү катарында өрүк өстүрүү үчүн жагымдуу зонада, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү заводдун курулушунун долбоорун көрсөткөн «КЕФ Альянс» командасы таанылды. Өлкөдөгү энергетика секторунун проблемаларынын актуалдуулугун жана элет жашоочулары жылдын суук мезгилинде бет келип жатышкан кыйынчылыктарды эске алуу менен жюринин мүчөлөрү БААУнун командасынын биогаз чыгаруучу жабдууларды айылдарда киргизүү боюнча долбоорун өзгөчө белгилешти.

«Кумтөр Оперейтинг Компани» Ысык-Көл областын өнүктүрүүгө зор таасир көрсөтүп жана социалдык программаларды колдоп келет. Албетте, айыл инфраструктурасын колдоо жөнүндө да унутууга болбойт. Бирок, бизге региондун экономикалык потенциалын өнүктүрүү жөнүндө ойлонууга, экономикалык көз карандысыз ишканаларга жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлоруна каражаттарды салууга да убакыт келди. Бүгүн студенттер элет экономикасын өнүктүрүү келечеги боюнча өздөрүнүн көз караштарын билдиришти, мен бул эң сонун деп айтмакчымын, анткени бул балдар – өлкөнүн келечеги», – деп белгиледи компаниянын өкмөт менен байланыштар жана регионду туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун башкаруу боюнча менеджери Акылбек Дүйшембиев.
Оюндун жеңүүчүлөрү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Перспективалуу иштеп чыгуулар борборунан PR боюнча курстардан өтүүгө 50%дык арзандатуу жана макроэкономикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө реалдуу заказ алышты. Улуттук университеттин студенттери Кыргыз-япон адамдык өнүктүрүү борборунда бизнес-тренингдерге катышуу мүмкүнчүлүгүн да алышты. Эң активдүү катышуучу, «КЕФ-Альянс» командасынын мүчөсү «Якобс-тренингде» бухгалтердик эсептин толук курсунан өтмөкчү.