Кумтөр Ысык-Көл облусунун жана Бишкек шаарынын балдарына төрт жарым миң жаңы жылдык белектерди тапшырды

Кумтөр Ысык-Көл облусунун жана Бишкек шаарынын балдарына төрт жарым миң жаңы жылдык белектерди тапшырды

Жарыяланган: 28 December 2021

Жаңы жылдык майрамдардын алдында «Кумтөр Голд Компани» ЖАК (КГК) Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Тоң, Түп, Ак-Суу райондорунун, ошондой эле Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол жана Бишкек шаарларынын балдарына жалпы суммасы 3 814 779 сомду түзгөн 4444 белек тапшырды. Салттуу жаңы жылдык белектерди аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, ошондой эле балдар үйүнүн жана өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн реабилитациялык борборлорунун тарбиялануучулары алышты.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн колдоосу менен жаңы жылдык белектер алардын тизмеси боюнча балдарга жеткирилип берилди.

«Кумтөр» Нижне-Серафимовкадагы карылар жана майыптар үйүнүн жашоочуларын да унуткан эмес. Ал жерге эки метрлик жаңы жылдык балаты орнотулду. Тамак-аш продуктыларынын кезектеги партиясы да берилди. Нижне-Серафимовкадагы карылар үйүнүн директору Салтанат Мукамбетова «Кумтөр» ишканасынын жетекчилигине улуу муундарга дайыма көрсөтүп келген жардамы, көңүл бөлүп келгендиги жана камкордугу үчүн ыраазычылык билдирди.