Балыкчыда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча жаӊы технологияны колдоно башташат

Балыкчыда айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча жаӊы технологияны колдоно башташат

Жарыяланган: 22 September 2015

«Кумтɵр Голд Компани» Балыкчы шаарынын мэриясынын колдоосу менен «Поколение некст» жаштар уюмунун пайдалануусуна кургатуучу камера берди. Жабдуу жергиликтүү жаштар уюмдары жана жамааттардын катышуусу менен Ысык-Кɵл облусунун Тоӊ жана Жети-Ɵгүз райондорунда жүзɵгɵ ашырылып жаткан сынамык долбоордун алкагында берилди.

Балыкчы шаарынын жаштары кургатуучу камеранын потенциалын жаӊы ɵздɵштүрɵ баштаганда эле, камеранын мɵмɵ-жемиштерди кургатуу гана эмес, кɵпчүлүк жакшы кɵргɵн тамак – курут жасоо мүмкүнчүлүгүн да аныкташты.

«Поколение Некст» коомдук бирикмесинин мүчөсү Тилек Өмүрбеков колдоосу үчүн «Кумтөр» компаниясына ыраазычылык билдирип, мындай жабдуу менен жаштар уюму кошумча киреше алып, жаңы долбоорлорго жумшай алмакчы.

Облуста учурда мындай 5 кургатуучу камера бар. Жеткирүү, кошуу жана орнотууну кошо алганда, бир кайра жабдылган контейнердин наркы 440 миӊ сомдой турат.

Кургатуучу камеранын технологиясын Швейцариядан келген адистер иштеп чыккан. Ага негиз катары 20 тонналык контейнер алынып, зарыл жабдуулар орнотулгандан кийин анда мɵмɵ-жемиштерди, этти да кайра иштетип, кургатса болот. Жабдуунун иштеши контейнердин ичиндеги аба күн кабылдагычтын эсебинен ысып, вентилятор болсо ысык абаны айландырганында туюнтулган.